Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-августу № 119
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө
Унга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ун тартууга арналган данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1001 коду) импорттоо боюнча.
3. түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бошотулган дандан тартылган ундун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101) салык салынуучу берүүлөрү боюнча.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-августу № 119
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды
турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча
наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу
товарлар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
Унга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 1-майынан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
1). түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ун тартууга арналган данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1001 коду) импорттоо боюнча.
2). түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бошотулган дандан тартылган ундун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101) салык салынуучу берүүлөрү боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А.Марипов |