ТоктомКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 38 «Кыргыз Республикасыиын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди»Айыл чарба багытындагы жерлер«категориясынан»Калктуу конуштардын жерлери«категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому

Редакцияот 21.06.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-июну № 38

Кыргыз Республикасыиын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү курууга жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 16-июнундагы № 02/1-04/1312 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 16-июнундагы № 69 тескемесин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган 19 га жайыт жеке турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгон жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет

 

Төрага

У.А. Марипов