Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18 августу № 494
Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6 беренелерине, “Kыргыз Республикасынын Өкмөту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргьз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин оперативдүү башкаруу укугундагы Кара-Суу шаары, Рахимов көч., 4 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 975.0 м2 жер участокторун Ош облусунун Кapa-Суу районундагы Кара-Суу шаарыньн мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- аталган жер участокторун мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмунө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |