Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-октябры № 198
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөрдү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөрдү мамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялар “ал жеткис күчтүн жагдайлары” аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылсын.
2. Райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор аныктаган жана ырастаган 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгарган ишканалардан, ошондой эле мунай заттарын саткан субъекттерден тышкары) үчүн 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мезгилге салыктардын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
1) киреше салыгы - нөл (0) пайыз;
2) пайда салыгы - нөл (0) пайыз;
3) кошумча нарк салыгы, импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары - нөл (0) пайыз;
4) сатуу салыгы - нөл (0) пайыз;
5) милдеттүү патенттин негизиндеги салык - нөл (0) сом;
6) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык - нөл (0) сом;
7) бирдиктүү салык - нөл (0) пайыз
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 1 жылдан ашпаган мөөнөткө банктык кепилдик жөнүндө документтерди көрсөтүүсүз, ал жеткис күчтүн жагдайларьнын кесепетинен 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон салык карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө арызды 2021-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейин бере алышары;
2) салык органына ал жеткис күчтүн жагдайларьнын кесепетинен 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын суммалары боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү 1 жылдан ашпаган мөөнөткө берүү жөнүндө арызды 2021-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейин берүүгө укуктуу экендиги.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр жана мунай продуктуларын сатуучу субъекттер, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор аныктаган жана ырастаган 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөр жазуу жүзүндөгү арызсыз 2021-жылдын 20-октябрынан кеч эмес мөөнөттө төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу экендиги белгиленсин:
1) салык отчеттуулугун, 2021-жылдын экинчи кварталынан үчүнчү кварталына чейинки жана/же 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки салык мезгилдери үчүн түзүлгөн, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугунан тышкары;
2) 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилдери үчүн мамлекеггик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту.
5. 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбай тургандыгы белгиленсин.
6. Ушул токтомдун 2 - 5-пуикттарынын ченемдери ушул токтомдун 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттерге жайылтылары жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан алардын филиалдарына жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.
7. Жергиликтүү кеңештерге райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор аныктаган жана ырастаган 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердии тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет
Төрага | У.А. Марипов |