Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-сентябры № 182
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жободо:
- 3.2-пунктунун алтынчы абзацындагы "аккредитациялоо жана сертификациялоо чөйрөлөрүндө" деген сөздөр "аккредитациялоо жаатынан тышкары, шайкештикти баалоо жаатында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Аккредитациялоонун улуттук системасында сертификациялоо боюнча органдар, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү сыноо лабораториялары жана инспекциялоочу органдар милдеттүү түрдө аккредитацияланууга тийиш.";
- 4.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.8. АУО аккредитациялоо боюнча орган, аккредитациялоо процесси, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору, аккредитациялоонун жыйынтыктарын таануу жана анын ишинин ар жылдык отчету жөнүндө маалыматтарды Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жарыялоого жана зарыл болгон учурларда жаңыртып турууга милдеттүү.";
- 4.9-пунктунун экинчи абзацы "эксперттерге карата талаптарды" деген сөздөрдөн кийин "кеңейтүү же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- II бөлүмүнүн алтынчы абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
- III бөлүмүндө:
төртүнчү абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аккредитациялоо боюнча кеңештин курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.";
онунчу абзацы "кеңештин ишмердигине жетекчилик кылат" деген сөздөрдөн кийин "Кеңешти чакырат жана" деген сөздөр менен, "кеңештин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин "же төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кеңеш анын ишинин, түзүлүшүнүн тартибин аныктаган Регламентти бекитет жана Кеңештин жооптуу катчысын шайлайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 18-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 251-пунктча менен толукталсын:
"251) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитет;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жапа финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- 18 жана 19-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. КАБды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министринин (мындан ары - Министрлер Кабинетимин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат. КАБдын директорун кызматка дайындоодо Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин сунуштамасы болушу керек.
19. Директордун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орун басары болот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.";
- 20-пунктунун 4-пунктчасындагы жана 21-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри", "вице-премьер-министр - экономика жана каржы министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ал эми анын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен бекитилет.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 102 (3281) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-сентябры № 182
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жободо:
- 3.2-пунктунун алтынчы абзацындагы "аккредитациялоо жана сертификациялоо чөйрөлөрүндө" деген сөздөр "аккредитациялоо жаатынан тышкары, шайкештикти баалоо жаатында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Аккредитациялоонун улуттук системасында сертификациялоо боюнча органдар, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү сыноо лабораториялары жана инспекциялоочу органдар милдеттүү түрдө аккредитацияланууга тийиш.";
- 4.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.8. АУО аккредитациялоо боюнча орган, аккредитациялоо процесси, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору, аккредитациялоонун жыйынтыктарын таануу жана анын ишинин ар жылдык отчету жөнүндө маалыматтарды Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жарыялоого жана зарыл болгон учурларда жаңыртып турууга милдеттүү.";
- 4.9-пунктунун экинчи абзацы "эксперттерге карата талаптарды" деген сөздөрдөн кийин "кеңейтүү же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- II бөлүмүнүн алтынчы абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
- III бөлүмүндө:
төртүнчү абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аккредитациялоо боюнча кеңештин курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.";
онунчу абзацы "кеңештин ишмердигине жетекчилик кылат" деген сөздөрдөн кийин "Кеңешти чакырат жана" деген сөздөр менен, "кеңештин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин "же төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кеңеш анын ишинин, түзүлүшүнүн тартибин аныктаган Регламентти бекитет жана Кеңештин жооптуу катчысын шайлайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)