Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-октябры № 223
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салык кызматына жүктөлгөн максаттарды жана милдеттерди толук жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешчинин кызмат орду каралат.".
2. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына 2021-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |