Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-марты № 94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 122 "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", 2020-жылдын 22-августундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамымын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
- 70-77-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70. 403-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майга жана башка өнүмдөргө; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөргө: отун катары пайдалануу үчүн бензолго акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майдын жана башка өнүмдөрдүн; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөрдүн: отун катары пайдалануу үчүн бензолдун көлөмдөрүн тонна менен көрсөтүү керек.
71. 404-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген жаратылыш газ конденсатына: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/мЗ кем эмес, бирок 850 кг/мЗ көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатына, башкаларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда жаратылыш газ конденсатынын: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатынын, башкалардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
72. 405-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген чийки мунайга жана битумдуу материалдардан алынган чийки мунай заттарына акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда чийки мунайдын жана битумдүү материалдардан алынган чийки мунай заттарынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
73. 406-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген мотор бензиндерине, атайын, жеңил жана орто дистилляттарга; башка бензиндерге жана дистилляттарга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мотор бензиндеринин, атайын, жеңил жана орто дистилляттардын; башка бензиндердин жана дистилляттардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
74. 407-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген башка мунай заттарына (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда башка мунай заттарынын (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
75. 408-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отундун санын тонна менен көрсөтүү керек.
76. 409-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген дизелдик отунга, газойлдорго, оор дистилляттарга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда дизелдик отундун, газойлдун, оор дистилляттардын санын тонна менен көрсөтүү керек.
77. 410-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген мазутка акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мазуттун санын тонна менен көрсөтүү керек.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 77-1 - 77-6-пункттар менен толукталсын:
77-1. 411-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген майлоочу майларга, башка майларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда майлоочу майлардын, башка майлардын санын тонна менен көрсөтүү керек.
77-2. 412-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлорго акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлордун санын тонна менен көрсөтүү керек.
77-3. 413-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген битумдук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундуларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда битумдук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундулардын санын тонна менен көрсөтүү керек.
77-4. 420-сапта 401-413-саптарда көрсөтүлгөн акциз салыгын кошуп эсептөөнүн суммаланган жыйынтыгы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасынын жыйынтык маанилери өлчөө бирдигине (даана, миң даана, кг, миллилитр, литр, тонна) ылайык көрсөтүлөт.
77-5. "Депозит" II бөлүмүнүн 421-423-уячаларын толтуруу иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүргөн салык төлөөчү акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурларда, акциздик продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кийин экспорттоо менен, иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүү үчүн чийки затты импорттогон субъект тарабынан ишке ашырылат.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 283-беренесинин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды, анын ичинде аларды иштетип алма негизде өндүргөн жана (же) акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект акциз салыгын төлөөчүлөр болушат.
Иштетип алма негизинде акциздик товарларды өндүрүү бөлүгүндө субъекттер акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, акциз салыгын төлөөчү болуп иштетип алма чийки заттын ээси саналат.
77-6. 421-423-уячаларды толтурууда отчеттук айдагы маалыматтарды көрсөтүү керек. 421-уячада отчеттук мезгилдин ичинде депозиттик эсепке төлөнгөн акциз салыгынын суммалары көрсөтүлөт. 422-уячада мурда депозиттик эсепке төлөнгөн, алар боюнча акциздик продукцияны экспорттоону ырастаган документтер берилбеген жана аларды берүү мөөнөтү бүткөн акциздин суммасы көрсөтүлөт. 423-уячада акциздик продукцияны экспорттоону ырастаган тиешелүү документтер берилген отчеттук мезгил боюнча акциздин суммасы көрсөтүлөт.";
- 91-пункту "1000 даанада" деген сөздөрдөн кийин "даанада," деген сөз менен толукталсын;
- 121-пунктунун алтынчы абзацы "буюмдары үчүн" деген сөздөрдөн кийин "миллилитр же" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
45-пунктунун 4-пунктчасындагы таблицанын "200-299 "Бошотулган жеткирүүлөр" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 233-позиция менен толукталсын:
"
233 | Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын жеткирүү |
".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- онунчу абзацындагы "135" деген цифралар "138" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- он биринчи абзацындагы "136" деген цифралар "139" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- он экинчи абзацындагы "137" деген цифралар "140" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Роялти боюнча отчетту (FORM STI-138, FORM STI-139, FORM STI-140) толтуруу жана берүү тартиби 12-тиркемеге ылайык.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген чакан ишкердик субъекттин роялти боюнча отчетунун формасы (FORM STI-138) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген орто ишкердик субъекттин роялти боюнча отчетунун формасы (FORM STI-139) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген роялти (чакан, орто ишкердик субъекттен тышкары) боюнча отчеттун формасы (FORM STI-140) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Роялти боюнча отчетту (FORM STI-138, FORM STI-139, FORM STI-140) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 24-пунктундагы "074, 075, 076," деген цифралар алып салынсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. 068, 071, 077, 080, 083, 086 жана 089-уячаларында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) КПС жана сатуудан алынган салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акча:
- металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын кошпогондо, пайдалуу казындыларды;
- пайдалуу казындыларды иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;
2) металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы.
Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.";
- 27-пунктундагы "075," деген цифралар алып салынсын;
- 28-пунктундагы "074," деген цифралар алып салынсын;
- 29-пунктундагы "076," деген цифралар алып салынсын;
- 34-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. 068, 071, 077, 080, 083, 086 жана 089-уячаларында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:";
төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-пункттар менен толукталсын:
1) КНС жана сатуудан алынган салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акча:
- металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын кошпогондо, пайдалуу казындыларды;
- пайдалуу казындыларды иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;
2) металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы.
Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.";
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пунктундагы "075," деген цифралар алып салынсын;
- 36-пунктунда:
биринчи абзацындагы "076," деген цифралар алып салынсын;
онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
- 40-пунктундагы "174,", "224,", "274," деген цифралар алып салынсын;
- 41-пунктундагы "175,", "225,", "275," деген цифралар алып салынсын;
- 42-пунктундагы "174," деген цифралар алып салынсын;
- 43-пунктундагы "224," деген цифралар алып салынсын;
- 44-пунктундагы "274," деген цифралар алып салынсын;
- 45-пунктундагы "176," деген цифралар алып салынсын;
- 46-пунктундагы "226," деген цифралар алып салынсын;
- 47-пунктундагы "276," деген цифралар алып салынсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы N 25 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
|
"FORM STI-138
Чакан ишкердик субъекттин роялти боюнча ОТЧЕТУ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".
|
|
"FORM STI-139
Орто ишкердик субъекттин роялти боюнча ОТЧЕТУ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".
|
|
"FORM STI-140
Роялти боюнча (чакан, орто ишкердик субъекттен тышкары) ОТЧЕТ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".