Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби (мындан ары - Тартип) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун тартибин;
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуунун жана берүүнүн тартибин;
- суу алуу жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын келип түшүүсүн контролдоону;
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуудан келип түшүүчү каражаттарды пайдалануу тартибин;
- суу пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин.
2. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды киргизүүнүн максаты болуп суу ресурстарын кайра өндүрүүгө жана коргоого сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу, сууну сарамжалдуу пайдаланууга экономикалык жактан дем берүүнү, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну (изилдөө, баалоо жана сактоо) камсыздоо, суунун айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеши боюнча иш-чараларга чыгымдарды азайтуу саналат.
3. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн суу пайдалануучуларды жана сууну пайдалануунун түрлөрүн кошпогондо, жер үстүндөгү суу ресурстарынын бардык суу пайдалануучулары үчүн киргизилүүдө жана төмөнкүлөрдү каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ордун толтуруу зарылдыгынан алганда эсептелинет:
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 18-беренесине ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго инвестициялык сарптоолорго;
- мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорго;
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, суу объекттеринин жана суу чарба курулмаларынын абалын жакшыртуу жана реконструкциялоо, суунун зыяндуу таасирин алдын алуу жана аны жоюу боюнча иш-чараларга;
- калкты жана эл чарбасынын тармактарын суу менен камсыздоо, суу чарба курулмаларын жана түзүлүштөрдү реконструкциялоо, модернизациялоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча иш-чараларга;
- суу алуу, суу пайдалануучуларга суу ташуу жана берүү, суунун жоготууларын азайтуу жана суу объекттерин жана суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана сууну коргоо менен байланыштуу башка чараларды аткаруу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу максатында атайын ыйгарым укуктуу органдарга.
4. Жыйымдын объектиси болуп жер үстүндөгү суу объекттеринен өндүрүштүк, технологиялык процесстерге, ошондой эле суу пайдалануучулардын башка жеке керектөөлөрүнө алынган жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу саналат.
5. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым жер үстүндөгү суу объектисинен алынган суунун бирдик көлөмү (м3), суу ресурстарын баалоо жана коргоо, ошондой эле ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруу үчүн белгиленет.
6. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасы республикадагы экономикалык жана экологиялык кырдаалдын, суу чарбасындагы абалдын өзгөрүшүн эске алуу менен аныкталат жана суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жана/же кызыкдар министрликтер менен ведомстволордун берген маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 3 жылга жана төлөө мезгилинен мурунку жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөткө белгиленет.
7. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым айрым жарандарга суу объекттерин бекитип бербестен жана/же суунун абалына таасир тийгизүүчү курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү колдонбостон жүргүзүлүүчү рекреациялоого, жерди казуу техникасын колдонууга, саздарды кургатууга, сууну жалпы пайдаланууга жайылтылбайт.
8. Өнөр жай ишканалары түздөн-түз суу чарба системаларынан, турак жай-эксплуатациялык жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчү башка өнөр жай ишканалардан жана уюмдардан бул суу келип түшкөндүгүнө карабастан өндүрүштүк керектөөлөр үчүн табигый суу объекттеринен же суу чарба системаларынан алынуучу суу үчүн жыйымды республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө төлөйт.
2-глава. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасын аныктоо тартиби
9. Жер үстүндөгү суу ресурстарын (П) пайдалануу үчүн сом менен жыйымдын суммасын аныктоо төмөнкү 1-формула боюнча жүргүзүлөт:
1. П = Q x T
мында:
Q - жер үстүндөгү суунун отчеттук мезгилде суу пайдалануучу алган иш жүзүндөгү көлөмү, м3;
T - жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасы, ал суу ресурстарын башкаруу, изилдөө, эсепке алуу, баалоо жана коргоо, суу ресурстарынын зыяндуу таасиринен коргоо боюнча ишти жүргүзгөн мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин иш жүзүндөгү, чыгымдарынын суммасына, ошондой эле Мамлекеттик суу администрациясынын (С) иштеши боюнча иш-чараларга чыгымдардын суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалоочу Кыргыз Республикасынын бардык жер үстүндөгү суу ресурстарынын жылдык көлөмүнө (QBP) барабар болот, сом/м3:
мында:
C - мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин отчеттук мезгилдеги чыгымдары, алар төмөнкүлөргө багытталат:
- суу ресурстарын кайра өндүрүүгө жана коргоого;
- суу объектилерин калыбына келтирүүгө жана сактоого;
- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
- кыйроолордун жана табигый кырсыктардын (сел, суу ташкындары, суу каптоо, суу толуу, эрозия жана жээктердин кулашы) натыйжасында суунун зыяндуу таасирин жана булганууну болтурбоо, жоюу боюнча иш- чараларды ишке ашырууга;
- Мамлекеттик суу администрациясынын иштеши боюнча чараларды ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка максаттарга жетишүүгө.
QBP - суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалоочу Кыргыз Республикасынын бардык жер үстүндөгү суу ресурстарынын жылдык көлөмү, м3.
10. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасын эсептөөнү суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашуу боюнча ар бир өткөн ай үчүн алган суунун көлөмүн жана коюлган ставкага жараша, жайгашкан жери боюнча суу пайдалануучулар жүргүзөт жана отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен суу керектөө объектисинин жайгашкан жери боюнча жыйымдын суммасын төгүшөт.
11. Суу алуунун/суу пайдалануунун лимити суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 27-беренесинде каралган кырдаалдар келип чыккан учурларда аныкталат жана түзөтүлөт, тактап айтканда:
а) кургакчылык же суу азайган мезгил келгенде;
б) суу пайдалануучу сууну пайдалануунун эрежелерин бузган учурда;
в) суу пайдалануучунун өтүнүчү боюнча;
г) Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 70-беренесине же "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө экологиялык кырдаал же экологиялык кырсык жарыяланган учурда.
3-глава. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуунун жана берүүнүн тартиби
12. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын аймагында турган суу пайдалануучулардан, юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) алынат.
13. Жыйым боюнча жеңилдиктер "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыйым төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу, жыйымды төлөөнү кийинкиге калтыруу, тарифтик ставкаларды төмөндөтүү же белгилүү бир мөөнөткө жыйымды төлөөдөн бошотуу түрүндө белгиленет.
Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мекемелер менен уюмдар;
- сууну электр энергиясын, анын ичинде кайра жаралуучу энергияны өндүрүү максатында пайдаланганда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, жашыл бакчаларды сугаруу, балыктарды багуу жана өстүрүү максатында белгиленген лимиттин чегинде пайдаланганда;
- сууну малды сугаруу жана үйдүн жанындагы участокту сугаруу үчүн пайдаланганда;
- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланганда;
- сууну калктын ичүүчү муктаждыктары үчүн алууда;
- сууну санитардык жана экологиялык кое берүүдө;
- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында, эс алууда жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланганда;
- суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторингди, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографиялык жана издөө-тартуу иштерин жүргүзүүдө;
- гидроэнергетикалык, мелиоративдик, балык чарба, суу транспорту жана канализациялык багыттагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.
Суу объекттери жана суу чарба курулмалары өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн акысыз берилет.
Юридикалык жана жеке жактарга суу объекттеринде жана суу чарба курулмаларында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жыйымды төлөөнү кийинкиге калтырууга уруксат берилет.
14. Суу пайдалануучулар жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды төлөөнү ар айлык негизде, отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен жүргүзүшөт.
4-глава. Суу алуу жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын келип түшүүсүн контролдоо
15. Суу алууну эсепке алуунун жана төлөмдөрдүн суммаларын эсептөөнүн туура жүргүзүлүшүн текшерүү жана контролдоо суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Жер үстүндөгү булактардан сууну пайдаланган суу пайдалануучуларда суу өлчөгүч приборлор (эгерде болсо) текшерүүдөн өткөндүгүн текшерүү бир жылда эки жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
17. Суу өлчөөчү приборлору жок суу пайдалануучулардын суу алуусунун/пайдалануусунун көлөмүн текшерүү суу пайдалануучулардын суу алган убагын эсептөөнүн, технологиялык жабдуулардын иштешинин, чыгарылган продукциянын көлөмүнүн жана ар бир сектор боюнча суу пайдалануу ченеминин, иштеген насостордун мүнөздөмөлөрүнүн же электр энергиясын жалпы чыгымдоонун же болбосо мыйзам тартибинде белгиленген башка кыйыр ыкмалардын негизинде эсептөө аркылуу жылына төрт жолудан кем эмес суу өлчөгүч түзүлүштөр орнотулганга чейин убактылуу суу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
5-глава. Суу пайдалануучулардын укуктары
18. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөм жүргүзүшкөн суу пайдалануучулар кызмат адамдарынын жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө жана жыйноодо жол берген мыйзамсыз аракеттерине баш ийүү тартибинде жогору турган мамлекеттик органга же кызмат адамына даттанууга укуктуу. Жогору турган мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечими менен макул болбогон учурда суу пайдалануучулар белгиленген тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби (мындан ары - Тартип) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун тартибин;
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуунун жана берүүнүн тартибин;
- суу алуу жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын келип түшүүсүн контролдоону;
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуудан келип түшүүчү каражаттарды пайдалануу тартибин;
- суу пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин.
2. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды киргизүүнүн максаты болуп суу ресурстарын кайра өндүрүүгө жана коргоого сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу, сууну сарамжалдуу пайдаланууга экономикалык жактан дем берүүнү, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну (изилдөө, баалоо жана сактоо) камсыздоо, суунун айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеши боюнча иш-чараларга чыгымдарды азайтуу саналат.
3. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн суу пайдалануучуларды жана сууну пайдалануунун түрлөрүн кошпогондо, жер үстүндөгү суу ресурстарынын бардык суу пайдалануучулары үчүн киргизилүүдө жана төмөнкүлөрдү каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ордун толтуруу зарылдыгынан алганда эсептелинет:
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 22-беренесине ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго инвестициялык сарптоолорго;
- мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорго;
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, суу объекттеринин жана суу чарба курулмаларынын абалын жакшыртуу жана реконструкциялоо, суунун зыяндуу таасирин алдын алуу жана аны жоюу боюнча иш-чараларга;
- калкты жана эл чарбасынын тармактарын суу менен камсыздоо, суу чарба курулмаларын жана түзүлүштөрдү реконструкциялоо, модернизациялоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча иш-чараларга;
- суу алуу, суу пайдалануучуларга суу ташуу жана берүү, суунун жоготууларын азайтуу жана суу объекттерин жана суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана сууну коргоо менен байланыштуу башка чараларды аткаруу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу максатында атайын ыйгарым укуктуу органдарга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жыйымдын объектиси болуп жер үстүндөгү суу объекттеринен өндүрүштүк, технологиялык процесстерге, ошондой эле суу пайдалануучулардын башка жеке керектөөлөрүнө алынган жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу саналат.
5. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым жер үстүндөгү суу объектисинен алынган суунун бирдик көлөмү (м3), суу ресурстарын баалоо жана коргоо, ошондой эле ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруу үчүн белгиленет.
6. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасы республикадагы экономикалык жана экологиялык кырдаалдын, суу чарбасындагы абалдын өзгөрүшүн эске алуу менен аныкталат жана суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жана/же кызыкдар министрликтер менен ведомстволордун берген маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 3 жылга жана төлөө мезгилинен мурунку жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөткө белгиленет.
7. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым айрым жарандарга суу объекттерин бекитип бербестен жана/же суунун абалына таасир тийгизүүчү курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү колдонбостон жүргүзүлүүчү рекреациялоого, жерди казуу техникасын колдонууга, саздарды кургатууга, сууну жалпы пайдаланууга жайылтылбайт.
8. Өнөр жай ишканалары түздөн-түз суу чарба системаларынан, турак жай-эксплуатациялык жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчү башка өнөр жай ишканалардан жана уюмдардан бул суу келип түшкөндүгүнө карабастан өндүрүштүк керектөөлөр үчүн табигый суу объекттеринен же суу чарба системаларынан алынуучу суу үчүн жыйымды республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө төлөйт.
2-глава. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасын аныктоо тартиби
9. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу (П) үчүн жыйымдын суммасын аныктоо 1-формула боюнча жүргүзүлөт, сом менен:
1. П = Q x T,
мында:
Q – отчеттук мезгилде суу пайдалануучу алган жер үстүндөгү суунун иш жүзүндөгү көлөмү, м3;
T – жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасы, ал суу ресурстарын башкаруу, изилдөө, эсепке алуу, баалоо жана коргоо, суу ресурстарынын зыяндуу таасиринен коргоо боюнча ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин иш жүзүндөгү чыгымдарынын, ошондой эле суу ресурстарын изилдөө, баалоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иштөөсү боюнча иш-чараларга чыгымдардын суммасынын (С) суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалануучу Кыргыз Республикасынын бардык жер үстүндөгү суу ресурстарынын жылдык көлөмүнө (QBP) катышына барабар болот, сом/м3:
,
мында:
C – мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин отчеттук мезгилдеги чыгымдары, алар төмөнкүлөргө багытталат:
-суу ресурстарын кайра өндүрүүгө жана коргоого;
-суу объекттерин калыбына келтирүүгө жана сактоого;
-суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
-кыйроолордун жана табигый кырсыктардын (сел, суу ташкындары, суу каптоолор, суу толуулар, эрозия жана жээктердин кулашы) натыйжасында сууга зыяндуу таасирлердин жана булгануунун алдын алуу, жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга;
-суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштөөсү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка максаттарга жетүүгө;
QBP – суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалануучу Кыргыз Республикасынын бардык жер үстүндөгү суу ресурстарынын жылдык көлөмү, м3.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын суммасын эсептөөнү суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашуу боюнча ар бир өткөн ай үчүн алган суунун көлөмүн жана коюлган ставкага жараша, жайгашкан жери боюнча суу пайдалануучулар жүргүзөт жана отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен суу керектөө объектисинин жайгашкан жери боюнча жыйымдын суммасын төгүшөт.
11. Суу алуунун/суу пайдалануунун лимити суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 33-беренесинде каралган кырдаалдар келип чыккан учурларда аныкталат жана түзөтүлөт, тактап айтканда:
а) кургакчылык же суу азайган мезгил келгенде;
б) суу пайдалануучу сууну пайдалануунун эрежелерин бузган учурда;
в) суу пайдалануучунун өтүнүчү боюнча;
г) Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 65-беренесине же "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө экологиялык кырдаал же экологиялык кырсык жарыяланган учурда.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуунун жана берүүнүн тартиби
12. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын аймагында турган суу пайдалануучулардан, юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) алынат.
13. Жыйым боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык жыйымды төлөөдөн бошотуу же жыйымды төлөөнү кийинкиге калтыруу түрүндө белгиленет.
Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, корукчалар, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу башка мекемелер жана уюмдар;