Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-октябры № 215
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын потенциалын чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 4-пунктунда:
-«580» жана «361» деген цифралар «600» жана «381» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 1-пунктчасындагы «620» жана «401» деген цифралар «640» жана «421» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 2-пунктчасындагы «660» жана «441» деген цифралар «680» жана «461» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин
| 4. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1 -октябрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
У.А. Марипов | |
У.А. Марипов | |||