Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-ноябры № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын18-ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын ноябрындагы № 283 “Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 34, 35 жана 36-пункттарындагы “мамлекеттик” деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |