Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 9-июлундагы
№ 454 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги (мындан ары - Тышсоодаөжмин) - өнөр жай, тышкы экономикалык байланыштар жана соода чөйрөсүн координациялоочу жана башкаруу-бөлүштүрүү милдетин иш жүзүнө ашыруучу мамлекеттик башкаруунун борбордук органы.
2. Тышсоодаөжмин өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны менен Эл өкүлдөр жыйынынын токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Тышсоодаөжмин - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чөгөрүлүп, өз наамы, кыргыз жана орус тилдеринде жазылган мөөргө эгедер.
II. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлигинин негизги милдеттери
4. Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин негизги милдеттери булар:
- Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштарында жана соода тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин бул чөйрөдөгү иштерин координациялоо;
- Мамлекеттик өнөр жай саясатын иш жүзүнө ашыруу жана иштеп чыгуу жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин бул чөйрөдөгү иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын кичи жана орто ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана иштеп чыгуу жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин бул чөйрөдөгү иштерин координациялоо.
5. Министрлик негизги милдеттерге карай:
- Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык мамилелеринин жана тышкы соодасынын жалпы абалынын анализин жана мониторингин ишке ашырат, тышкы соода-экономикалык байланыштардын субъекттеринин иштерин координациялайт;
- тиешелүү тартипте эки тараптуу жана көп тараптуу өкмөт аралык макулдашууларды жана соода-экономикалык мамилелер жагындагы макулдашууларды, келишимдерди иштеп чыгат жана макулдашат, алардын аткарылышын текшерет жана байкоо жүргүзөт;
- тышкы экономикалык иштердин нормативдик-укук базасын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт, Кыргыз Республикасынын БДСУ, ЭКО, Бажы жана Борбордук Азия Союзунун, башка эл аралык экономикалык жана соода уюмдарынын чегинде чет элдик өлкөлөр менен кызматташтыгын камсыз кылат;
- эл аралык соода экономикалык борборлор жана дүйнөлүк базар конъюнктурасынын мониторинги менен оперативдүү байланыштарды жүргүзөт, ата мекендик чыгаруучулар жана чарбакер субъекттер үчүн сунуштарды жана прогноздорду иштеп чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын тышкы соода балансынын ички рынок конъюнктурасынын, анализин жана мониторингин ишке ашырат жана алардын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча багыттуу программаларды жана долбоорлорду, ар кандай чараларды ишке ашырат;
- товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү экспортто жана импорттоонун тартибин текшерүүнү жүргүзөт, экспорттук-импорттук операцияларды тарифтик жана тарифсиз жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын соода жана экономикалык өкүлчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү түзүү боюнча сунуштарды даярдайт жана иштеп чыгат, алардын иштерин координациялайт, тышкы жана ички рыноктордо товар жөнөтүүчү дистрибьютердик тармактарды түзөт;
- өзүнүн ишине жараша, эл аралык соода экономикалык уюмдардын иштерине катышат, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар, чет элдик компаниялар жана фирмалар менен коюлган тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- тышкы жана ички рыноктордо жаңы соода режимдерин, ошондой эле эркин соода жана ишкердүүлүк зоналарын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тармактар боюнча комплекстердеги жана региондордогу өнөр жай ишканаларынын иштеринин анализин жана мониторингин ишке ашырат, Өкмөт үчүн оперативдүү материалдарды, Министрликтин коллегиясын, Республикалык штабды, республиканын өнөр жай өнүгүүсүн жетектейт, башка уюштурулуштар боюнча материалдарын даярдайт;
- республиканын өнөр жайынын өнүгүүсүнүн, өндүрүштү башкаруунун ыкмаларын жана формаларын жакшыртуу жана продукцияны сатуу боюнча программаларды жана долбоорлорду, ар кандай чараларды ишке ашырууну жана иштеп чыгууну координациялайт;
- өнөр жай түзүлүшүн кайрадан куруунун жана мамлекеттик колдоонун негизги багыттарын жана приоритеттерин аныктайт, ишканалардын банкрот болушу жана кайрадан түзүлүшү, ошондой эле түзүлүүчү Фонд аркылуу алардын менчиктешилишин колдоо боюнча ылайыктуу органдарга сунуш киргизет;
- технологиялык жабык принциптер же орток долбоорлор жана кызыкчылыктар боюнча өнөр жай ишканаларынын интеграциясына көмөк көрсөтөт, финансылык-өнөр жай топторун жана трансулуттук компанияларды түзүүгө жардам көрсөтөт;
- өнөр жайынын инвестициялык саясатынын негизи багыттарын жана приоритеттерин белгилейт, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгарууда чарбакер субъекттерге методикалык жардам көрсөтөт, алардын экспертизасын жана бүткүл дүйнөлүк пропагандасын, инвестицияларды, гранттарды издөөнү жана эл аралык финансылык-экономикалык уюмдар менен кызматташтык базасында техникалык жардам көрсөтүүнү ылайыктуу донор-өлкөлөрдүн түзүмдөрү жана башка спонсорлору менен жүзөгө ашырат;
- Министрликтин инвестициялык долбоорлорунун тизмесин түзөт, ишканаларга инвесторлорду жана кредит макулдашууларын түзүүгө жардам көрсөтөт, алардын аткарылышын текшерет жана байкоо жүргүзөт;
- чет өлкөлүк уюмдар, компаниялар жана жеке ишкерлер менен ишканалардын иш кызматташтыгына жана кеңири байланышууларына, алардын ортосундагы тажрыйба жана "ноу-хау" алмашууларына жардам берет;
- тармактуу илим жана жаңы технологияларды өнүктүрүү, ишканаларды техникалык кайра жабдуу, продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү жана аларды сертификациялоо, ошондой эле стандартизацияны өнүктүрүү проблемаларынын суроолору менен иштейт;
- мобилизациялык резервдердин, ошондой эле граждандык коргоонун зарыл деңгээлин кармап турууну, аскер-техникалык кызматташтык суроолорун координациялайт;
- тармактагы айлана-чөйрөнү коргоо эмгек жана техникалык коопсуздук суроолорун ошондой эле алардын нормативдик-укук базасын жакшыртууну жүргүзөт;
- ишканалардын финансылык абалынын анализин жана мониторингин ишке ашырат жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алат, мамлекеттик финансы-кредитин жана салык саясатын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ишканаларда эсеп-чотту жакшыртууга жана анын эл аралык стандарттарга ашырылышына жардамдашат, баланстарды, отчетторду түзөт, ошондой эле келишимдик негизде аудитордук кызматтарды көрсөтөт.
- кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын турмушка ашырууну жана иштеп чыгарууну жүзөгө ашырат, анын нормативдик-укук базасын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
- орток долбоорлор жана кызыкчылыктар боюнча жеке секторлорду, кичи жана орток ишканаларды өнүктүрүүгө жардамдашат;
- башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өздөрүнүн милдеттери жана функциялары чегинде иш кызматташтыкты түзөт жана байланыштарды өнүктүрөт, жалпы мамлекеттик ар кандай программаларды ишке ашырууга катышат;
- тармактагы жетекчи адистерди тарбиялоого жана коюуга, тандоого катышат, аларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча иштерди координациялайт.
III. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода
жана өнөр жай министрлигинин укуктары
6. Тышсоодаөжмин төмөнкүлөргө укугу бар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Тышсоодаөжмин түзүмүнө кирген бардык чарбакер субъекттер үчүн милдеттүү түрдө аткара турган коллегиянын токтомдорун, буйруктарды чыгарууга;
- башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле менчиктигинин түрүнө карабастан, алардын бардык ар кандай бирикмелерине таандык чарбакер субъекттеринин жалпы мамлекеттик өнөр жай жана тышкы соода саясат чегинде алардын иштерин координациялоого, жетекчиликке алынуучу жана милдетүү түрдө аткарылуучу тиешелүү документтерди жана рекомендацияларды чыгарууга;
- статистикалык органдардан, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, мамлекеттик жергиликтүү администрациядан жана чарбакер субъектилерден министрликке жүктөлгөн маселелерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл информациялык аналитикалык жана отчеттук материалдарды алууга жана талап кылууга;
- өзүнүн милдеттеринин жана ушул базада ар кандай долбоорлорду, программаларды жана иш-чараларды иштеп чыгуудагы болгон проблемаларды анализдөөгө жана окуп билүүгө башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана чарбакер субъекттердин өкүлдөрүн тартууга;
- башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана чарбакер субъекттер аркылуу түзүлгөн тышкы экономикалык байланыштар, тышкы соода иштер жана өнөр жай тармагындагы ар кандай долбоорлорго, программаларга, макулдашууларга жана келишимдерге эксперттик бүтүм берүүгө, алардын каттоосун, эсебин жана текшерүүнү жүргүзүүгө;
- мыйзамдар чектеген тартипте чарбакер субъекттердин акцияларынын мамлекеттик пакетин башкарууну жүзөгө ашырууга;
- ведомствого караштуу ишканалар менен уюмдардын, ошондой эле Министрликтин аппаратынын жетекчилери менен адистеринин отчетторун, билдирүүлөрүн угуп, алар боюнча өз компетенциясынын чегинде чечим кабыл алууга;
- чарбакер субъекттеринин мамлекеттик менчиктик үлүшүндө мамлекеттик мүлк фондусунун өкүлдөрү аркылуу белгиленген тартипте башкаруу жүргүзүүгө (ээ жана бөлүштүрүү укугусуз);
- ведомство алдындагы ишканалардын, уюмдардын ошондой эле министрликтин аппаратынын жетекчилеринин жана адистеринин отчетторун жана билдирүүлөрүн угууга жана алар боюнча өзүнүн ишине жараша чечим кабыл алууга;
- ведомствого караштуу уюмдардын жана ишканалардын, ошондой эле Министрликтин аппаратынын жетекчилерин жана адистерин дайындоого, бошотууга, жалдоо боюнча келишимдерди түзүүгө;
- келишим негизинде акылуу консультацияларды, маалыматтарды жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- Министрликтин иштерин камсыз кылуу үчүн резервдик фонд, социалдык жардам фонду жана калган кирешенин, демөөрчүлүктүн жардамдын, чарбалык эсептеги иштин эсебинен башка каражаттарды түзүүгө жана колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикада да, чет өлкөлөрдө да өзүнүн иштери үчүн зарыл болгон кыймылсыз жана кыймылдагы мүлктөрдү сатып алууга, курууга, бөлүүгө жана ижарага берүүгө;
- Министрликтин иш-милдеттеринин алкагында Кыргыз Республиканын мыйзамдары тыюу салбаган чарба-экономикалык, ортомчулук жана башка иштерди жүргүзүүгө;
IV. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр
жай министрлигинин ишин уюштуруунун негизги маселелери
7. Тышсоодаөжминди Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин консультациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министри (мындан ары - Министр) жетектейт.
8. Министрдин беш, анын ичинде бир биринчи орун басары болот, алар министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ишке дайындалат жана андан бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-январындагы N 40 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай Министри:
- Министрликтин, анын коллегиясынын жана борбордук аппаратынын ишин жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттерге жана маселелерге жеке жоопкерчиликти тартат;
- Министрдин орунбасарлары жана коллегиянын мүчөлөрү ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, аппараттын түзүмүн жана анын бөлүмдөрүнүн милдеттерин белгилейт, штаттык расписаниени бекитет;
- Министрликтин аппаратынын кызматкерлеринин жана ведомстволордун ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерин дайындайт жана бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик таасир берүүнү колдонот;
- Министрлик өз компетенциясына жараша аткарууга милдеттүү коллегиянын токтомдорун, буйруктарын башка директивалык жана нормативдик актыларды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин мүлкүнө жана каражаттарына ээлик кылат, бүтүмдөрдү, дагы башка юридикалык актыларды жана иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча ар кандай эки тараптуу жана көп тараптуу өкмөт аралык макулдашууларга кол коет;
- өз ыйгарым укуктарына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди аткарат.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министринин биринчи орунбасары жана орун басарлары Министр тарабынан алардын ыйгарым укуктарына таандык кылынган маселелер боюнча өз бетинче чечим чыгарышат, өзүлөрү кураторлук кылган маселелер боюнча корреспонденцияга кол коет.
11. Тышсоодаөжминде курамына Министр өзү (коллегиянын төрагасы), кызматы боюнча анын орунбасарлары, тармактын жана Министрлик аппаратынын башка жетекчи кызматчыларынан жана адистеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлүнөн турган коллегия түзүлөт.
Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана аппаратынын кызматчыларынын сан-эсебин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чектейт.
Тышсоодаөжминдин коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
12. Тышсоодаөжминдин коллегиясы өз отурумдарында Министрликке жүктөлгөн иш-милдеттердин алкагындагы маселелерди пландап, карайт, өз чечимдерин токтом түрүндө ишке ашырат.
13. Коллегиянын чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, эгерде добуш тең экиге бөлүнүп калса, анда төрагалык кылган кайсы тарапка кошулуп добуш берсе, ошол чечим кабыл алынат.
14. Коллегиянын төрагасы жана башка мүчөлөрү талкууланып жаткан ар кандай маселеде жана ал боюнча кабыл алынган чечимде өзгөчө же башкача пикирде болгонго акысы бар, бул тууралу протоколго жазылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирилсе болот.
15. Тышсоодаөжминдин коллегиясынын жана аппаратынын, бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана пландоо, күн тартиби, документтердин өтүү жана контролдонуш тартиби, Министрликтин ишине тиешелүү дагы башка маселелер Министр тарабынан бекитилген тиешелүү жоболор аркылуу жөнгө салынат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)