Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 3-мартындагы № 84 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 9-июлундагы
№ 454 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлигине караштуу Чакан
жана орто ишкерчилик департаменти жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине караштуу Чакан жана орто ишкерчилик департаменти (мындан ары - Департамент) - чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана чарбакер субъекттердин ишин координациялоочу мамлекеттик орган.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин буйруктарын нуска тутат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чөгөрүлгөн, өз наамы мамлекеттик жана орус тилдеринде жазылган мөөргө эгедер, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби, фирмалык бланктары, дагы башка реквизиттери бар юридикалык жак.
II. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлигине караштуу Чакан жана орто
ишкерчилик департаментинин негизги иш-милдеттери
4. Департаменттин негизги иш-милдеттери булар:
- чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, менчик формасына жана тармактык таандыгына карабастан бардык чарбакер субъекттердин, ошондой эле ишкерлердин ишин координациялоо;
5. Негизги иш-милдеттерине ылайык Департамент төмөнкүлөрдү аткарат:
- тармактар жана региондор боюнча чакан жана орто бизнес жаатында ишкерчиликтин жалпы абалын анализдөө жана мониторингин жүргүзүү, аналитикалык материалдарды, жоболорду жана программаларды түзөт;
- чакан жана орто бизнес жаатында ишкерчиликти өнүктүрүүнүн мыйзамдуулугун жана методикалык негиздерин жакшыртуу боюнча иш-чараларды, сунуштарды жана жоболорду иштеп чыгуу жана аткарат;
- жергиликтүү администрациялардагы чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүүнүн регионалдык структураларын түзүүгө жана бекемдөөгө салым кошуу, алардын иш-аракеттерин мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп координациялоо жана багыттоо;
- приоритеттерди аныктоо жана ар түрдүү багыттуу, тармактуу, жана регионалдуу чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүүнүн Программасын иштеп чыгат, ошондой эле аны мамлекеттик колдоого алат;
- ишкерчиликтин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү чет өлкөлүк жана ата мекендик тажрыйбаны изилдөө жана анализдөө менен катар, чакан жана орто ишкерчилик боюнча сурап билүү маалыматтык, нормативдик укук жана башка материалдардын корун түзүп, өнүктүрөт;
- ар түрдүү эл аралык, регионалдык жана чет өлкөлүк ишкердүүлүктү өнүктүрүү уюмдары менен мамилени жана иштешүүнү камсыз кылуу жана өнүктүрүү менен бирге, финансылык колдоонун, гранттардын жана техникалык жардамдын булактарын издейт;
- ишкер адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъектилердин чет өлкөлүк уюмдар, компаниялар, фирмалар менен мамилелешип бирге иштөөсүнө иш жүзүндө шарт түзүп жана методикалык жардам берип, ошондой эле конкреттүү жоболорду иштеп чыгып. каржылоонун ишке ашырылышына иш жүзүндө жана методикалык жардам берет;
- келишим жана төлөө негизинде чакан жана орто бизнес субъекттерине ар түрдүү консалтинг, маалымат-сурап билүү жана башка кызмат көрсөтөт;
- ишкер адистерди даярдоону, окутууну, стажировкадан өткөрүүнү өзүбүздө жана чет өлкөлөрдө уюштурат, семинар өткөрөт, чакан жана орто бизнес чарбакер субъекттеринин тажрыйба алмашуусун уюштурат;
- жогорку атайын орто жана башка окуу жайларынын ишине, ошондой эле ишкер адистерди даярдоо жана кайра даярдоонун ар түрдүү окутуу Программаларын даярдоого методикалык жардам көрсөтөт.
III. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлигине караштуу Чакан жана орто
ишкерчилик департаментинин укуктары
6. Департаментке берилген укуктар булар:
- чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүү жаатында буйруктарды, дагы башка нормативдик-методикалык материалдарды чыгаруу;
- чакан жана орто ишкерчилик боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана чарбакер субъекттердин иш-аракеттерин координациялоо:
- өзүнө тиешелүү иш-милдеттерди аткаруу үчүн статистикалык органдардан, министрликтерден жана административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана чарбакер субъекттерден маалымат, аналитикалык жана отчеттук материалдарды талап кылуу жана алуу;
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүгө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, чарбакер субъекттердин адистерин, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттерди тартуу;
- Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарынын негизинде келишим жана төлөмө жолдор менен консалтинг, маалымат-сурап билүү жана башка кызмат көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарынын алкагында келишимдик жана акы төлөмө негизде консалтингдик, маалыматчыл, дагы башка кызматтарды көрсөтүү;
- ишкерчилик жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча менчик жана башка жактардан тартылган каражаттардын, жеңилдетилген финансылоонун эсебинен чакан жана орто ишкерчиликтин артыкчылыктуу багыттарын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишине зарыл кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү жаратуу, алуу, бөлүү, күнүн көрүүгө алуу же берүү;
- ишкерлердин укуктарынын этибар алынбашына байланыштуу сот инстанцияларына, анын ичинде бейтарап сотко, доо-арыз менен кайрылуу, ушундай маселелерди караган ишке катышуу;
- жалдоо боюнча келишимдерди түзүү, Департаменттин жогору турган органдардын номенклатурасына киргизилгенден башка кызматчыларын кызматка дайындайт, кызматтан бошотот.
IV. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай
министрлигине караштуу Чакан жана орто ишкерчилик
департаментинин ишин уюштуруунун негизги маселелери
7. Департаментти Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министри дайындай турган жана бошото турган директор башкарат.
8. Департаменттин директорунун анын көрсөтмөсү менен Министр тарабынан дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орунбасары болот.
9. Департаменттин аппаратынын уюштуруу структурасы, штаттык расписаниеси, ошондой эле анын бөлүмдөрүнүн жоболору директордун көрсөтмөсү менен Министр тарабынан бекитилет.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине караштуу Чакан жана орто ишкерчилик департаментинин директору:
- Департаменттин ишине жетекчилик кылып, ага жүктөлгөн иш-милдеттерге жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин аппаратынын жана ишкерчиликтин чарбакер субъекттеринин Кыргыз Республикасынын жогору турган мамлекеттик органдарынын жана өз иш пландарын аткаруу боюнча ишин уюштурат;
- өзүнүн орунбасарынын жана башка аппарат башчыларынын милдеттерин аныктайт жана Министрге Департаменттин бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболорду, штаттык расписаниени жана иш пландарын бекитүүгө дайындайт;
- Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык Департаменттин аппаратындагы кызматкерлерди жумушка алат жана бошотот, аларга карата колдоо чараларын жана тартиптик таасир берүү аракеттерин колдонот;
- өз ыйгарым укуктарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында милдеттүү түрдө нуска тутулууга жана аткарылууга тийиш буйруктарды жана жолдомолорду чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаментин мүлкүн жана каражаттарын башкарат жана башка юридикалык актыларды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарда, ошондой эле сот жана башка инстанцияларда Департаменттин, Министрликтин өкүлү катары иш алып барат.
11. Чакан жана орто ишкерчилик департаменти Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине жооптуу жана анын башкаруусу астында иштейт.
12. Департаменттин, анын бөлүмдөрүнүн, негизги ишти уюштуруу жана пландоо принциби, күн тартиби, иш кагаздарынын дайындалуу жана текшерилүү тартиби Департаменттин директору тарабынан бекитилүүчү жоболор аркылуу жөнгө салынат.