(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 3-мартындагы № 84 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 9-июлундагы
№ 454 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Тышкы соода
жана өнөр жай министрлигине караштуу
Эл аралык соода жана марекетинг борборунун
ЖОБОСУ
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине караштуу Эл аралык соода жана маркетинг борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасындагы соода иштерин өнүктүрүүнү жана координациялоону, эл аралык сооданы Өнүктүрүү жана рыноктун конъюнктурасынын анализинин жана мониторингинин негизинде анын уюштуруучулук жана нормативдик-укук базасын жакшыртууну камсыз кылуучу мамлекеттик орган.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чөгөрүлгөн, өз наамы мамлекеттик жана орус тилдеринде жазылган мөөргө эгедер, банкта алыш-бериш эсеби, ошондой эле штампы, фирмалык бланктары, дагы башка реквизиттери бар юридикалык жак.
II. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр
жай министрлигине караштуу Эл аралык соода жана
маркетинг борборунун негизги иш-милдеттери
4. Борбордун негизги милдеттери булар:
- дүйнөлүк рыноктун конъюнктурасынын жана мониторингинин анализинин абалы, ички жана эл аралык сооданы өнүктүрүү, бул базада ата мекендик товарлардын жана кызматтардын тышкы рынокко кеңири чыгышына көмөктөшүү;
- маалымат корун түзүп, ата мекендик жана чет элдик чарбакер субъекттерди рыноктун конъюнктурасы жана абалы, эл аралык сооданын өнүгүшү жөнүндөгү оперативдүү, прогноздук, рекомендациялык маалымат менен камсыз кылуу;
- республикадагы товар өткөрүүчү тармактарды түзүү жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын уюштуруучулук-техникалык, нормативдик-методикалык, техникалык уюштуруу базаларын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгып, ишке ашыруу.
5. Негизги милдеттерине жараша Борбор төмөндөгүдөй иштерди аткарат:
- эл аралык борборлор жана соода, экономикалык байланыш уюмдары менен дайыма иштей турган жана оперативдүү маалыматчыл каналдарды жана коммуникациялык байланыштарды түзөт, кудуреттүү өнөк өлкөлөр менен ата мекендик товарлар жана көрсөтүлчү кызматтар үчүн ушул базада рынокторду издөөнү жана иликтөөнү жүргүзөт;
- маалыматтар корун түзүп, аны жүргүзүп, дүйнөлүк жана ички рыноктордун абалы, эл аралык сооданын өнүгүшү тууралуу оперативдүү жана прогноздук зарыл маалыматтар менен чарбакер субъекттерди камсыз кылып турат;
- республиканын чарбакер субъекттери жана эл аралык соода-экономикалык уюмдар, тийиштүү чет элдик структуралар, компаниялар жана фирмалар ортосундагы ишкер кызматташтыктын жана байланыштардын түзүлүшүнө жардамдашат;
- эл аралык нормаларга ылайык чет өлкөлөрдө ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана чарбакер субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыгын коргоп чыгат;
- ата мекендик экономиканын жана өнөр жайдын экспортту жана импортту алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн анализин жана мониторингин иш жүзүнө ашырып, чарбакер субъекттер үчүн ушул базада анализдик жана сунуш материалдарын иштеп чыгат, ар кандай долбоорлорду, сунуштарды, программаларды ишке ашырат;
- эл аралык сооданын нормативдик-укук базасын жана уюшулушунун өнүгүүсүн анализдеп, байкоо жүргүзө, Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички соодасын мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгып, ишке ашырат;
- республиканын экономикасына инвестициялардын, техникалык жана гуманитардык жардамдын агылып киришине көмөк көрсөтөт, республикага товардык кредиттердин жана гранттардын берилишине кызмат кылчу долбоорду издөө жана башкаруу ишин жүргүзөт;
- чет өлкөлөрдө республиканын соода өкүлчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасында чет элдик өкүлчүлүктөрдү түзүү боюнча сунуштарды даярдайт, алардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- тышкы рыноктордо да, ички рыноктордо да товар өткөрүүчү дистрибьютердик тармактарды түзүп, өнүктүрөт, алардын иштерин координациялайт, материалдык-техникалык жана нормативдик методикалык камсыздануусу боюнча чараларды көрөт;
- сатып өткөрүү рынокторун активдүү издеп, кампадагы ата-мекендик товарлардын запастарын кыскартуу боюнча чараларды көрөт, экспорттук-импорттук келишимдерди жүзөгө ашырууда жана түзүүдө чарбакер субъекттерге жардам көрсөтөт;
- республиканын аймагында жана андан тышкары жактарда ата мекендик жана чет элдик товарларды, кызматтарды сатуу үчүн жармаңкелерди жана көргөзмөлөрдү уюштуруп, өткөрөт;
- таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мекемелер менен бирдикте экспорт жана импорт учурунда товарлардын жана көрсөтүлчү кызматтардын комплекттелишине жана сапатына экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- товарлардын өнөр жайлык үлгүлөрүн, чыккан жерлерин патенттөө боюнча операцияларга, фирмалык товардык белгилерди иштеп чыгууга жана каттоодон өткөрүүгө катышат;
- тышкы сооданы өнүктүрүү тематикасы боюнча маалымдоо-методикалык, илимий-практикалык жана башка адабиятты таратууну жана чыгарууну уюштурат, көрнөк боюнча иштерди жүргүзөт;
III. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлигине караштуу Эл аралык
соода маркетинг борборунун укуктары
6. Борбор буларга укуктуу:
- тышкы соода боюнча статистикалык органдардан, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана чарбакер субъекттерден өзүнүн ишине зарыл аналитикалык жана отчеттук материалдарды талап кылууга жана алууга;
- тышкы сооданы өнүктүрүү проблемаларын иштеп чыгыш жана чечиш үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана чарбакер субъекттердин, ошондой эле чет элдик эксперттердин өкүлдөрүн тартууга;
- республиканын аймагында жана анын чет жерлеринде өздөрүнүн филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачууга, соода менен иштешкен чет элдик капиталы бар соода үйлөрүн жана башка түзүлүштөрдү, ишканаларды түзүүгө катышууга;
- келишим жана акы негизинде чарбакер субъекттерге, анын ичинде чет элдик консалтингдик кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына ылайык өзүнүн иштерине зарыл болгон кыймылсыз жана кыймылдагы мүлктөрдү сатып алууга, курууга, бөлүп жана акыга берүүгө;
- ата мекендик чарбакер субъекттердин кызыкчылыгына байланышкан чет өлкөлөрдөгү иштерди кароого, катышууга, ошондой эле арыздар жана доолор менен ар кандай сот инстанцияларына кайрылууга;
- Борбордун кызматкерлерин дайындоого жана бошотууга, жалдоо боюнча келишим түзүүгө, аларга карата сыйлоо жана тартиптик таасир чараларын колдонууга.
IV. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана
өнөр жай министрлигине караштуу эларалык борбордун
иштерин уюштуруудагы негизги маселелер
7. Борборду Кыргыз Республикасынын соода жана өнөр жай министри дайындоочу жана бошотуучу борбордун директору жетектейт.
8. Борбордун директорунун көрсөтмөсү боюнча министр аркылуу дайындалуучу жана бошотулуучу бир орун басары болот.
9. Борбордун аппаратынын бөлүмдөрү жөнүндөгү Жобо, уюштуруучулук структурасы штаттык расписаниеси жана анын иштери директордун көрсөтмөсү боюнча министр аркылуу бекитилет;
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине караштуу Эл аралык соода жана маркетинг борборунун директору төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Борбордун иштерин жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана маселелердин аткарылышына жеке жоопкерчиликти тартат;
- тышкы соода жана өз иш пландарында каралган чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын жогору турган мамлекеттик органдарынын чечимдерин аткаруу багытында Борбордун аппаратынын жана чарбакер субъекттеринин иштерин уюштурат;
- Борбордун аппаратынын, ошондой эле ведомствого караган мекемелердин кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын күчүндө мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт;
- өзүнүн укугунун чегинде милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды, башка инструктивтүү методикалык документтерди чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун мүлкүн жана каражаттарын колдонот, юридикалык актыларды жана иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жогору турган органдарында, эл аралык жана чет элдик уюмдарда, ошондой эле сот жана башка инстанцияларда Министрликтин жана Борбордун кызыкчылыгын көздөп чыгат.
11. Борбор Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине жооптуу болуп эсептелинет жана анын жетекчилиги менен иштейт.
12. Борбордун иштерин уюштуруу жана пландаштыруунун негизги принциптери, документтердин өткөрүү тартиби, контролдонушу, дагы башка маселелер Борбордун директору бекиткен тиешелүү Жоболору менен жөнгө салынат.