Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) башкаруу системасынын пилоттук долбоорун өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободогу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. Ушул Убактылуу жобонун колдонулушу пилоттук долбоордун катышуучуларына жайылтылат.
4. Пилоттук долбоордун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу салык органы жана анын аймактык башкармалыктары;
2) пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жактырылган салык төлөөчү;
3) контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлору (мындан ары - ТТБ) - пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана пилоттук долбоорго катышуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган ККМди өндүрүүчүлөр жана/же жеткирүүчүлөр.
5. Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жүргүзүлөт.
2. Пилоттук долбоордун негизги максаттары
6. Пилоттук долбоордун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) фискалдык маалыматтарды жыйноонун, түзөтүлбөгөн түрдө корголгон сактоонун, иштеп чыгуунун жана реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүнүн жаңы технологияларын апробациялоо;
2) пилоттук долбоордо пайдаланылуучу фискалдык модулдар менен ККМди эксплуатациялоонун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана баалоо, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыздоо;
3) реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүнүн жаңы технологияларын колдонуунун экономикалык натыйжалуулугун, оптималдуу ыкмаларын жана чек араларын аныктоо, ошондой эле ККМге коюлуучу талаптардын шайкештигин текшерүү, көрсөтүлгөн талаптардын натыйжалуулугун жана ишке ашырылуусун баалоо;
4) эсептөөлөр жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына берүүнү уюштуруу үчүн байланыш тармактарын жана сервердик жабдуунун кубаттуулуктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүү.
3. Пилоттук долбоорду өткөрүүгө талаптар жана ишке ашыруу тартиби
7. Салык төлөөчүлөрдүн пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.
8. Пилоттук долбоордо ыйгарым укуктуу салык органы же пилоттук долбоорго катышууга уруксат берилген ТТБ тарабынан берилүүчү ККМ жана жабдуулар колдонулат.
9. Пилоттук долбоордо колдонулуучу ККМ ыйгарым укуктуу салык органы бекитүүчү техникалык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
10. Пилоттук долбоордун алкагында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык төлөөчүлөргө берилген ККМ жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын менчиги болуп саналат.
11. Ыйгарым укуктуу салык органы:
1) пилоттук долбоорду өткөрүүнү уюштурат, методологиялык жана техникалык коштоону, пилоттук долбоордун катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт;
2) өзүнүн расмий сайтына пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштырат;
3) пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмесин жана пилоттук долбоорго катышуучу объекттердин (соода түйүндөрүнүн) тизмегин түзөт;
4) аймактык салык органдарына андан ары пилоттук долбоордун катышуучуларына - салык төлөөчүлөргө берүү үчүн пилоттук долбоорго катышкан ККМдин үлгүлөрүн жана фискалдык модулдарды берет;
5) пилоттук долбоордо колдонулган ККМдин убактылуу реестрин түзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат;
6) ККМ ТТБ менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан пилоттук долбоордо колдонуу үчүн салык төлөөчүлөргө берилген ККМди акысыз техникалык тейлөө жөнүндө макулдашууну түзөт;
7) ККМге карата Убактылуу техникалык талаптарды, фискалдык модулдар менен ККМдин ортосундагы маалыматтык алмашуунун тартибин жана фискалдык маалыматтарды ККМден ыйгарым укуктуу салык органына берүүнүн тартибин бекитет.
12. Пилоттук долбоордо колдонулган ККМ жана жабдуулар салык төлөөчүлөргө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте акысыз негизде берилет.
13. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы ККМди каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруунун убактылуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
14. Аймактык салык органдары жана ТТБ ишкердик субъекттерин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген формага ылайык чакыруу билдирүүлөрүн жиберүү аркылуу пилоттук долбоорго катышууга чакырат.
15. Билдирүү алган жана пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген салык төлөөчү аймактык салык органына жана ТТБга пилоттук долбоорго катышууга даярдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
16. Аймактык салык органдары жана ТТБ пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген салык төлөөчүлөрдүн тизмесин пилоттук долбоорго катышуучу объекттердин (соода түйүндөрүнүн) тизмегин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
17. Пилоттук долбоорго катышууну каалаган ТТБ:
1) ыйгарым укуктуу салык органына пилоттук долбоорго катышууга ниеттенгендиги, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун талаптарын сактай тургандыгы жөнүндө расмий кат жөнөтөт;
2) пилоттук долбоордо колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык төлөөчүлөргө берилген ККМди акысыз техникалык тейлөө жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу түзөт;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен ККМди интеграциялоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген маалымат алмашуу/берүү боюнча талаптарга берилген ККМдин шайкештигин камсыз кылышы керек;
4) пилоттук долбоордун катышуучуларын - салык төлөөчүлөрдү акысыз негизде ККМ жана ККМди техникалык жактан тейлөө менен камсыз кылат;
5) салык төлөөчүлөрдүн - пилоттук долбоордун катышуучуларынын ККМин суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою техникалык, кепилдик жана сервистик жактан тейлейт;
6) пилоттук долбоорду өткөрүү мезгилинде ККМди программалык камсыз кылууда ар кандай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашат;
7) пилоттук долбоорду өткөрүүнүн жүрүшүндө жеткиликтүү болгон коммерциялык жана башка сырды сактоого жана жарыя кылбоого милдеттенет.
18. Салык төлөөчү - пилоттук долбоордун катышуучусу:
1) пилоттук долбоорго катышууга макул болгон учурда, ушул Убактылуу жобонун 14-пунктунда аталган кабарлама алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте аймактык салык органынан ККМди алат.
2) чакыруу кабарламасын албай калса, салыктык катталган жери боюнча аймактык салык органына пилоттук долбоорго катышуу ниети жөнүндө расмий кат жиберүү жолу менен пилоттук долбоорго катышууга укуктуу;
3) соода түйүнүн (объектти) электр менен камсыздоонун стационардык булагы жана интернет тармагына жетүүнүн туруктуу каналы менен камсыздоого жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине ээ болууга милдеттүү;
4) калк менен эсептешүү операцияларын жүзөгө ашырууда пилоттук долбоордо колдонулган ККМдин убактылуу реестрине киргизилген ККМди колдонот;
5) пилоттук долбоорго катышуу мезгилинде мурда колдонулган ККМдин бардык тибин колдонбой коюуга укуктуу. Байланыш үзүлгөн жана/же техникалык үзгүлтүктөр келип чыкканда пилоттук чечимдерди пайдалануу мүмкүн болбогон учурлар буга кирбейт. Мындай учурда салык төлөөчү аймактык салык органына пилоттук долбоордогу ККМди пайдалануу мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлоо аркылуу калк менен болгон эсептөө операцияларын ишке ашырууда мурда колдонулуп жүргөн ККМди пайдаланууга укуктуу;
6) пилоттук долбоордун алкагында колдонулуучу жабдуулардын ишке жөндөмдүүлүгүн жана сакталышын, ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен маалымат алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын толугу менен жана өз убагында төлөөнү камсыздоого милдеттүү.
Ушул Убактылуу жобонун 18-пунктунун 6-пунктчасынын талаптары аткарылбаган учурда салык төлөөчү пилоттук долбоордон чыгарылат.
19. Салык төлөөчүнүн - катышуучунун пилоттук долбоордун мезгилинде түшкөн акчасы бул салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү түшкөн акчасы болуп эсептелет жана салык салуу максатында колдонулат.
20. Жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоордун алкагында салык органынан ККМди алган салык төлөөчү экономикалык иши токтотулган учурда, ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген формага ылайык каттоодон чыгаруу жөнүндө арызды толтуруп берүү менен ККМди каттоодон чыгаруу үчүн аны алган жери боюнча аймактык салык органына кайтарып берет.
21. Салык төлөөчүнү - пилоттук долбоордун катышуучусун чыгаруу жана пилоттук ККМди кайра кайтаруу ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүргүзүлөт.