Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-ноябры № 266
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 15-октябрындагы № 508 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 4-пунктуна жана 64-беренесинин 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
“Электр станциялар” ачык акционердик коомунун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган 47,7 гектар аянттагы жер участогу Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагына муниципалдык менчикке өткөрүп берилсин.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 15-октябрындагы № 508 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы “103,68 гектар жерди, анын ичинен 47,7 гектар жерди туруктуу пайдаланууга жана 55,95 гектар” деген сөздөр “55,95 гектар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
“47,7” деген цифралар алып салынсын;
“103,65” деген цифралар “55,95” деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |