КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-октябры № 4957-VI
“ 2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 22-сентябрындагы чыг. № 25-14573) “2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүүрүү асоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |