Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-ноябры № 274
Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
“Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |