Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 333 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-ноябры № 273
Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензялоого убактылуу тыю салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык)
Жогорку медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруу жогорку окуу жайларынын санынын кескин өсүшүнөн улам Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү медициналык кадрларды даярдоодо түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-береленерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейин жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин, буга лицензияны кайра жол-жоболоштуруу, токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу, ошондой эле лицензиядагы окуп жаткандардын санынын өзгөрүүсү кирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айылык мөөнөттө билим берүү ишин лицензиялоо жол-жобосун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров
|