Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-ноябры № 277
Бажылык декларациялоодо товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикаторун белгилөө жөнүндө
Бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды дифференциалдуу колдонуунун зарылдыгы аныкталбаган Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүңдө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесине,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17 – беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыктары боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча аларга тиешелүү чаралар аныкталсын:
1) ”жашыл коридор” – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;
2) “сары коридор” – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;
3) “кызыл коридор” – “бажылык жана башка документтерди жана (же) маалыматты текшерүү” жана “бажылык текшекрүү” контролунун формаларын милдетүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.
2. “Жашыл коридор” боюнча тобокелдиктин денгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгиленсин, буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте “жашыл коридордон” башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык тариздөө жерлеринде бажылык декларациялоодо бажы деклорациясы катталган учурдан тартып же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөнжагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка, ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп белгиленсин.
4. Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана крийтерилери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) бажы операцияларын ишке ашыруучу жактардын категорияларын аларды төмөн, орто же жогорку тобокелдик денгээлиндеги категорияларга киргизүү аркылуу квартал сайын автоматтык режимде бажы кызматынын программалык камсыздоосун колдонуу менен ТЭИнин катышуучусун мүнөздөгөн критерийлердин негизинде аныктап турсун;
2) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган жана бажы иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбаган тобокелдик денгээли төмөн болгон жактардын дарегине өткөрүлүүчү товарларга карата “жашыл коридор” колдонулсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |