Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-ноябры № 276
Автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2004-жылы чыгарылган, кузовунун №4T1BE32K24U835277, кыймылдаткычынын колөму 2362 см3 күмүш түстөгу “Тойота Камри” маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясына төменкүлөp сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте муниципалдык мснчикке кабыл алсын жана аны жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылсын;
- автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын каттоо органдарында кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн;
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага | А. У Жапаров |