Документке
Мурунку15.11.2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-ноябры № 253

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2)  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

4-пунктунда:

16-пунктчасындагы “Салык кызматы” деген сөздөр “Мамлекеттик салык кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17-пунктчасындагы “Бажы кызматы” деген сөздөр “Мамлекеттик бажы кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 18-пунктчасындагы “Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду” деген сөздөр “Финансы-кредиттик фонд” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1)  ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;

2)  бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;

2)  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

                                                                                                                                                                                             2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

башкаруу схемасы

Жаңы20.05.2022

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)