Сравнение редакций…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
4. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат;
- расмий тилде: Служба по предупреждению и ликвидации последствий чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
Кызматты күтүүгө чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Кызматтын юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 10.

7. Кызмат жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Кызматтын түзүмү жана штаттык ырааттамасы министр тарабынан бекитилет.
8. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Кызматтын негизги милдеттери
9. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алдын алуучу коргоо иш-чараларын жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштердин комплексин жүргүзүү.
3. Кызматтын негизги функциялары
10. Кызмат жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткарат;
- Кыргыз Республикасы менен тийиштүү макулдашуусу бар башка мамлекеттердин аймагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
- селден, суу ташкындарынан жана башка өзгөчө кырдаалдардан калктуу конуштарды жана объекттерди коргоону камсыздоочу иш-чараларды жүргүзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, кырсык болгон учурда жардам көрсөтүү менен байланышкан проблемалар жаатында эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат, ушул багыттагы эл аралык тажрыйбаны иликтөөнү, жалпылоону жана жайылтууну уюштурат;
- мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча инженердик алдын алуучу жана жоюу иш-чараларын уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарында ыкчам чара көрүү, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзөт;
- ыкчам жеткирүү жана издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармайт;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарында техникаларды жеткирүү жана иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдардын кол тийгис запасын түзөт.
4. Кызматтын укуктары
11. Кызмат жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана алар боюнча жоопкерчилик тартууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Кызматтын ишине байланышкан уюштуруу, өндүрүштүк, финансы-чарбалык маселелерди өз алдынча чечүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде калкты жана айлана-чөйрөнү өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган факторлорду эске алуу менен өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун схемалары боюнча сунуштарды, аймактарды пландоонун жана куруунун долбоорлорун даярдоого катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Кызматтын ишин уюштуруу
12. Кызматты директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кызматтын директорунун орун басары болот. Директордун орун басары Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш нет, Кызматтын ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык уюштурат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Кызматтын башкы бухгалтери Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Кызматтын директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн-түз баш иет;
- Кызматтын ишин жетектейт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Кызматтын атынан ишеним катсыз иштейт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кызматтын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын директорунун орун басарынын жана башкы бухгалтеринин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди министрге сунуштайт;
- директордун орун басарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Кызматтын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрдин бекитүүсүнө берет;
- Кызматтын бөлүмдөрү (секторлору) жөнүндө жоболорду жана кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кызматтын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Кызматтын милдеттеринен жана функцияларынан келип чыгуучу, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
15. Кызматтын мамлекеттик кызматчыларын жана кызматчыларын ишке кабыл алуу, алардын кызмат өтөө жана бошотуу тартиби "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
6. Мүлкү
16. Кызматтын мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Кызматтын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Кызматтан анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Кайра уюштуруу жана жоюу
18. Кызматты кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Кызмат жоюлган учурда анын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын милдеттеринен жана функцияларынан келип чыгуучу, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)