Сравнение редакций…
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) өзгөчө кырдаалдар болгондо жана өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган шарттарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Жарандык коргонуунун жетектөөчү, командалык-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, жергиликтүү калкты аракетке даярдоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин окутууну уюштуруу боюнча ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор кафедралардын сабактары/программалары боюнча талаптагыдай илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде окутууну/даярдоону камсыздоо үчүн профессордук-окутуучу курамды жана окутуу-көмөкчү персоналды тартат.
3. Борбор юридикалык жактын статусуна ээ, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, штампы жана эмблемасы бар.
Борбор жогорку жана орто кесиптик билими, Министрликте практикалык иш стажы бар аскер кызматчылары жана кызматчылар менен комплекттелет.
Борбордун "Өрт коопсуздугу" кафедрасынын штатын комплекттөө Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык кесиптер институту менен макулдашылат.
Борбордун "Өрт коопсуздугу" кафедрасы өзүнүн ишинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Инновациялык кесиптер институтунун буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, ошондой эле университеттин жана институттун окумуштуулар кеңешинин токтомдорун жетекчиликке алат.
4. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору;
- расмий тилде: Центр подготовки и переподготовки специалистов Гражданской защиты при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Борбордун юридикалык дареги: 724319, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер шаарчасы.
2. Борбордун милдеттери
6. Борбордун милдеттери:
- Жарандык коргонуу жаатындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кара даярдоо;
- Жарандык коргонуу жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ишти өркүндөтүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын калкын Жарандык коргонууну уюштурууда жана жүргүзүүдө аракеттерге үйрөтүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Министрликтин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, жүргүзүү жана Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары, акын ичинде башка мамлекеттердин окуу жайлары менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу жана атайын сабактардын бирдей окуу пландарын жана программаларын биргелешип иштеп чыгуу;
- профессордук-окутуучу курамдын окуу-методикалык ишин өркүндөтүү;
- профессордук-окутуучу курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, угуучулардын жана студенттердин биргелешкен иши аркылуу фундаменталдуу жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган натыйжаны окуу процессинде колдонуу.
3. Борбордун функциялары
7. Борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Борбордун бир жылдык иш планын иштеп чыгуу жана Министрликке бекитүү үчүн белгиленген тартипте берүү;
- Борборду угуучулар менен комплекттөө планын жана калкка көчмө сабактарды өткөрүү пландарын бир жылга иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүүгө берүү;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын кызмат адамдарын жана адистерин Жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана кайра даярдоо;
- Министрликтин өрт-куткаруу бөлүмдөрү жана ыктыярдуу түзүмдөрү үчүн кадрларды өрт коопсуздугу жаатында баштапкы жана кесиптик даярдоо;
- орто окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" жана жогорку окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" курстарынын окутуучуларын, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин, ошондой эле каякты өзгөчө кырдаалдар болгондо жана өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган шарттарда жүрүм-турум эрежелерине жана сактануу ыкмаларына окутуу;
- "Өзгөчө кырдаалдардан коргоо" жана "Өрт коопсуздугу" адистиктери боюнча студенттердин кесиптик билимин өздөштүрүүгө, кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткарууга көмөк көрсөтүү;
- заманбап талаптарды, илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин, практиканын маселелерин эске алуу менен угуучуларды жана студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;
- "Техносфералык коопсуздук" багыты боюнча окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамы менен түздөн-түз иш жүргүзүү;
- профилдик кафедралардын студенттери менен Жарандык коргонуу үчүн актуалдуу темалар жана чөйрөлөр боюнча илимий-изилдөө иштерине (студенттер менен илимий-изилдөө иштери) катышуу;
- Борбордун, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу борборунун, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн Жарандык коргонуу курстарынын жана жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профилдик кафедраларынын окутуу процесстерин илимий-методикалык жана окуу-методикалык жактан камсыздоо;
- Министрликтин борбордук аппаратында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө "Техносфералык коопсуздук" багыты боюнча студенттердин практикасынын жана стажировкаларынын бардык түрлөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы ишти жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу жаатындагы билимдерди жайылтуу, окуу жана методикалык материалдарды даярдоо жана чыгаруу, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү.
4. Борбордун ыйгарым укуктары
8. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- окуганы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү сертификаттарды жана/же күбөлүктөрдү белгиленген тартипте берүүгө;
- тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине окууга келбеген угуучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашкандан кийин Борбордун угуучуларынын окутуу программаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- Борбордун илимий-изилдөө жана окуу-методикалык ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты уюмдардан суроого жана алууга;
- илимий-изилдөө эмгектерин, окуу-методикалык колдонмолорду, брошюраларды, окуу китептерин чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды түзүү менен акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун бөлмөлөрүн жана техникалык жабдууларын конференцияларды, семинарларды жана "тегерек столдорду" өткөрүү үчүн берүүгө, ошондой эле кампалардын жана бокстордун имараттарын жеке жана юридикалык жактарга ижарага берүүгө;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча башка мамлекеттердин жогорку окуу жайлары менен Жарандык коргонуу жаатында кызматташууга, угуучуларды окутууга жана Борбордун окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатууга;
- Министрликтин жетекчилигинин Борбордун ишине тиешелүү болгон чечимдеринин долбоорлору менен таанышууга;
- окуп жаткандарды тарбиялоонун жана окутуунун каражаттарын жана методдорун, окуу сабактарын өткөрүүнүн формасын өз алдынча белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Эмгек кодексинде каралган укуктарды колдонууга;
- Борбордун ишине зарыл болгон материалдарды Министрликтин ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн алууга;
- башка жогорку кесиптик окуу жайларынан тартылган окутуучулардын эмгеги үчүн акы төлөө фондуна ээ болууга.
5. Борбордун жетекчилигинин милдеттери
9. Борборду начальник башкарат, аны Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Борбордун начальниги Борборго жүктөлгөн милдеттерден жана функциялардан келип чыгуучу бардык укуктарын жана милдеттерин бирдиктүү башкаруу тартибинин негизинде жүзөгө ашырат.
Борбордо начальниктин орун басарынын кызмат орду каралган, ал борбордун начальнигинин сунушу боюнча өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Борбордун начальниги министрге баш иет.
Борбордун начальнигинин милдеттери:
- министрге Борбордун уюштуруу-штаттык түзүмүн бекитүүгө берет;
- Борбордун күндөлүк ишин, илимий-изилдөө, окуу-методикалык жана пландык-отчеттук иштерин жетектейт;
- Борбордун туруктуу курамын алууну, жайгаштырууну жана аскердик (эмгектик) тарбиялоону жүзөгө ашырат;
- Борбордун өздүк курамынын функциялык милдеттерин бекитет;
- окуу-методикалык жыйындарды жана кеңешмелерди уюштурат жана өткөрөт;
- кызмат адамдарын Борборго окутуу үчүн өз убагында жиберилишин дайыма контролдоп турат;
- окуу процессин контролдоону, сабактардын өткөрүү сапатын системалуу түрдө текшерип турууну, окуу программаларынын жана окуу сабактарынын расписаниесин аткарууну жүзөгө ашырат;
- окуу программаларынын эң маанилүү жана татаал темалары боюнча угуучулар менен сабактарды өтөт;
- тартип бузгандарга окуудан чыгарууга чейинки зарыл болгон чараларды колдонот, ал жөнүндө угуучуну жиберген жетекчилерге жазуу жүзүндө маалымдайт;
- Борбордун чарбалык жана финансылык ишин жетектейт.
6. Илимий-изилдөө жана окуу-методикалык ишти уюштуруу
11. Борбордо төмөнкүдөй документтер иштелип чыгат жана жүргүзүлөт:
- Жарандык коргонуу жаатында калкты даярдоо боюнча уюштуруу-методикалык көрсөтмөлөр;
- жылдык комплекттөө планы;
- көчмө сабактардын планы;
- илимий-изилдөө иштеринин жылдык планы;
- айлык иш пландар;
- жылдык окутуу жүктөмүнүн планы;
- мугалимдердин өздүк иш пландары;
- окуу-материалдык базаны өркүндөтүү планы;
- өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча жылдык календардык план;
- өткөрүлүүчү сабактардын расписаниеси;
- окуу жылына/семестрге окуу планы;
- кафедралардын жыйналыштарынын протоколдорун каттоо журналы;
- сабактарды эсепке алуу журналы.
Эскертүүсу: Берилген Жобонун 11-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 11-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
12. Борбордун окутуучулары туруктуу жана өзгөрмө курамга бөлүнөт. Өзгөрмө курам саатына жараша акы төлөө негизинде башка билим берүү уюмдарынын окутуучуларынан түзүлөт. Аскер кызматчысы болгон окутуучулар Министрлик уюштурган командирлик даярдануу системасындагы сабактарга тартылат.
13. Илимий-изилдөө жана окуу-методикалык иштерди жүргүзүү жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин тиешелүү буйруктары менен регламенттелет.
14. Борборду угуучулар менен комплекттөө Борбордун жылдык планынын жана комплекттөө планынын негизинде ишке ашырылат.
15. Жарандык коргонуунун начальниктери - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына калкты Жарандык коргонуу жаатында даярдоо боюнча уюштуруу-методикалык көрсөтмөлөрдөн көчүрмөлөр, комплекттөө жана көчмө сабактардын пландары жиберилет, алар ошого ылайык угуучулардын тизмесин берет жана алардын катышуусун камсыздайт.
Борборго угуучуларды кабыл алуу угуучулардын тизмесине ылайык жолдомо жана адамдын ким экенин ырастаган документтер берилгенде Борбордун начальниги же окуу бөлүмүнүн начальниги тарабынан жүргүзүлөт.
16. Окуу процессинин аягында угуучулар зачет тапшырат, зачет тапшыргандарга окуганы жөнүндө сертификат/күбөлүк берилет, кайрадан окутулгандарга ошол күбөлүктөрүнө тиешелүү жазуу калтырылат.
7. Материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо
17. Борборду материалдык-техникалык жактан камсыздоону Министрлик штаттык жабдуулардын табелине жана Борбордун начальнигинин өтүнмөлөрүнө ылайык уюштурат.
18. Борбордун иши республикалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржыланат.
8. Борбордун мүлкү
19. Борбордун мүлкүн оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө бекитилген жана Борбордун балансында чагылдырылган негизги каражаттар жана материалдык баалуулуктар түзөт.
Борбордун негизги каражаттарын жана колдонуудагы мүлкүн тартып алуу мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Борборду кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Борборду жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
22. Борбордун ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 512 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) өзгөчө кырдаалдар болгондо жана өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган шарттарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Жарандык коргонуунун жетектөөчү, командалык-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, жергиликтүү калкты аракетке даярдоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин окутууну уюштуруу боюнча ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор кафедралардын сабактары/программалары боюнча талаптагыдай илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде окутууну/даярдоону камсыздоо үчүн профессордук-окутуучу курамды жана окутуу-көмөкчү персоналды тартат.
3. Борбор юридикалык жактын статусуна ээ, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, штампы жана эмблемасы бар.
Борбор жогорку жана орто кесиптик билими, Министрликте практикалык иш стажы бар аскер кызматчылары жана кызматчылар менен комплекттелет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 512 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Борбордун "Жарандык коргонуу" кафедрасы өз ишинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, институттун окумуштуулар кеңешинин чечимдерин жетекчиликке алат.