Сравнение редакций…
|
| 15-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын актылары жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруучу орган) эсептелет.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд эсептелет.
6. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Авиационное предприятие" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "State aviation enterprise under the Ministry of emergency situation of the Kyrgyz Republic".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ӨКМ АИМИ";
- расмий тилде: "ГАП МЧС";
- англис тилинде: "SAE MES".
7. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзөт, ал чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана граждандык мыйзамдарында каралган мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
9. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
10. Ишкананын мамлекеттин милдеттенмелерине ылайык Ишкана өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурдан тышкары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалдары белгиленген тартипте бекитилген жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720062, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, "Манас" эл аралык аэропорту.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын максаттары:
1) мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын улуттук коопсуздукту, коргоо жөндөмүн, укуктук тартипти сактоону, айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоого, дипломатиялык кызмат органдарынын ишине байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүүдөгү, жумуштарды аткаруудагы жана кызматтарды көрсөтүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу;
2) мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруу;
3) мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
4) мамлекеттик башкаруучу органга өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында авиациялык колдоо көрсөтүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу;
5) авиациялык кызматтарды көрсөтүү жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү башка чарбалык иштерди аткаруу.
14. Ишкананын милдеттери:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруучу органдын тапшырмасы боюнча авиациялык иштерди аткаруу;
3) литердик учууларды аткаруу;
4) издөө, авариялык-куткаруу иштерин, санитардык жана жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүүдө авиациялык жардам көрсөтүү;
5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында авиациялык жардамды уюштуруу;
6) чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктү, башка мүлктү талаптагыдай күтүү үчүн чараларды аткаруу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Уставга ылайык башка ишти жүргүзүү.
15. Ишкананын функциялары:
1) аба аркылуу ташууларды жөнгө салуучу документтердин талаптарына ылайык өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жана жоюуда жардам көрсөтүү боюнча транспорттук жана башка түрдөгү учууларды уюштурат жана жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруучу органдын тапшырмасы боюнча издөө, авариялык-куткаруу иштерин жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча аба ташууларын уюштурат жана аткарат;
3) санитардык жана жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүүдө учууларды аткарат;
4) учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын жана авиациянын эл аралык уюмдарынын ченемдик укуктук актыларына ылайык учуу иштерин уюштурат жана жүзөгө ашырат;
5) чет өлкөлүктөрдү кошуп, юридикалык жана жеке адамдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аба кемелерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырат, мында учуулардын коопсуздугун сактоо менен алардын аба ташууларына болгон муктаждыктарын эске алат;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы талаптарга ылайык учууга даярдык көрүүнү, учуу жана техникалык персоналдын квалификациясын жогорулатууну, машыгууларды жана текшерүүнү жүргүзөт;
7) учуу ишин уюштурууну, аба кемелерин техникалык жактан тейлөөнү, учуулардын коопсуздугун камсыздоо максатында учууларды аткарууну жөнгө салуучу документтерди иликтөө боюнча командалык, учуучу жана инженердик-техникалык персонал менен иш-чараларды өткөрөт;
8) аба кемелеринин жаңы типтерин жана пилотсуз учуучу аппараттарды өздөштүрүү жана ишке киргизүү боюнча иштерди аткарат;
9) авиациялык кырсыктардын саны, бул кырсыктардын себеби жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгат, учуу ишин уюштурууну жакшыртуу жана учуулардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
10) учууларды аткаруу үчүн учуу-конуу тилкелерин жана учуу аянттарын иштетүү, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттенет;
11) Ишкананын авиациялык техникасын калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн инвестициялык каражаттарды белгиленген тартипте табуу жана тартуу иштерин аткарат;
12) калкты жана айлана-чөйрөнү өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган сунуштарды даярдоого өзүнүн компетенциясынын чегинде катышат;
13) жарандык авиация жаатындагы ченемдик документтерге, иштеп чыгуучу тарабынан көрсөтүлгөн регламенттерге жана технологияларга ылайык аба кемелерин учууга жарактуулугун кармап турат;
14) өнөр жайдын бюллетендери жана техникалык тапшырмалар боюнча авиациялык техниканы толуктап иштеп чыгат.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) рынок конъюнктурасына негизденип, коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) өзүнчө мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге өзүнүн атынан ээ болууга жана милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы жумуштарды аткарууга жеке адамдарды белгиленген тартипте тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө жөнөтүүгө, ошондой эле зарылдыкка жараша эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
10) зарылдыкка жараша Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда менчик ээсинин макулдугу менен жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
12) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга;
13) менчик ээси менен макулдашуу боюнча чарба жүргүзүү укугунда ага берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
14) консультациялар үчүн, ошондой эле адистердин башка милдеттерди аткаруусу жана чечүүсү үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде акы төлөө менен адистерди тартууга.
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуш аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын керектүү отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджет жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгоочу маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясы
19. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же жаңы редакциядагы Уставды бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин берүү үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага иштин тейлөөчү чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан өзүнүн финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана алдыга жылдырууну камсыздоого;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которула турган таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөөнүн тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага таандык мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иштери жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алуу га;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүүгө;
3) Ишкананын жетекчисинин орун басарларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде аларга карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Ишканага таандык болгон мүлктү максаттуу пайдалануунун натыйжалуулугун жана сактоону контролдоо максатында жооптуу текшерүү жана ишкананын аймагына баруу боюнча кызматкерлерге ыйгарым укуктарды берүүгө.
6. Ишкананы башкаруу
24. Ишкананын ишин Ишкананын директору башкарат.
25. Директор Ишкананын жетекчиси болуп эсептелет. Директор мамлекеттик башкаруучу органдын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
26. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору кызматтык милдеттерин эмгек келишими түзүлгөндөн кийин аткара баштайт.
27. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- ишине канааттандырарлык эмес баа алган учурда жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса;
- Ишкананын финансылык-экономикалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
28. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруучу органдын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- кызматкерлерди жумушка орноштуруунун жана бошотуунун, анын ичинде эмгек акы төлөө фондунун шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга.
30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишине байланышкан бардык керектүү маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымат берүүгө;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
31. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
32. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарына, мүлкүнө жана башка активдерине ээлик кылат;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалына, финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоого жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
33. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
34. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
35. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзүшөт.
36. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
37. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик башкаруучу органдын биринчи жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат жана укуктардан пайдаланат.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүүнүн тартибин аныктайт.
40. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетекчилик курамы
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- директор, директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
42. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп эсептелген маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
43. Ишкананын жетекчилик курамына кире албаган адамдар:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иштегендиги үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан, чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда болгон мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу бир эле убакта ишкердикти жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
44. Ишкана жылдык иш планынын негизинде же мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган 3 жылга жана андан көп жылга түзүлгөн узак мөөнөттүү иш планынын негизинде иштейт.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишканага келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка бардык шарттарын аныктоодо эркиндик берилген.
47. Ишкана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы менен түзүлүшү керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
- ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде мындай болсо);
- мамлекеттик башкаруучу органга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Ишкана финансылык-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
50. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- Ишкананын максаттарын жана негизги иш багыттарын баяндоо;
- тармакты жана рынокту сүрөттөө, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөө;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
- уюштуруу планы;
- финансылык план;
- кооптуулуктарды талдоо.
51. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берет.
52. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жалпы мамлекеттик системаны жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
53. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалыматтарды берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Ишкананын мүлкү жана финансылык каражаттары
55. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугунда негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлкү чарбалык жүргүзүү укугу саналат.
56. Ишкананын мүлкүн негизги каражаттар жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
57. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарба жүргүзүү укугунун негизинде Ишканага бекитилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде кирешелерди, өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган түшүмдү, продукцияны кошо алганда;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардан жана башка кредиторлордон алынган кредиттер;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
58. Ишкана тарабынан өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иш предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.
59. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
60. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
61. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү түрүндө кайра уюштурулат.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
63. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
64. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коомго же жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлөт.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы укуктар жана милдеттер боюнча анын укук улантуучусу болуп саналат.
65. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
66. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
67. Ишкананын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
|
| 15-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июнундагы № 307, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)