Сравнение редакций…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 175 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (мындан ары - Кызмат) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерин кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Кызматтын ишин Министрлик контролдойт.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы";
расмий тилде: "Служба по регулированию и надзору в отрасли связи при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "БТЖКК";
расмий тилде: "СРНОС".
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 7 "б".
2. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты маалыматтарды берүүнүн заманбап жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук тармагын түзүү жана улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.
3. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуу;
2) радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
3) байланыш тармактарын жана системаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
4) жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
4. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функцияларын:
- электр байланыш операторлорунун жалпы пайдалануудагы тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануунун шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы радио контролдоонун техникалык каражаттарынын өз ара байланышкан системасы болуп саналган жана жыштык каналдарын жана тилкелерин пайдаланууга жалпы ченөөлөрдү, жиберилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радио берүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электр магниттик нурлануулардын булактарын, радио тоскоолдуктарды аныктоого жана таанууга жана радио жыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтролдоо системасын түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык номиналдарын, радио жыштык тилкелерин бөлүп берет/ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын Кызматтын компетенциясына кирген чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдалануучуларга мурда бөлүп берилген каналдарды, номиналдарды, радио жыштык тилкелерин өзгөртөт, модификациялайт, кайра бөлүштүрөт;
- радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, пайдалануучуларга кандай болбосун радио тоскоолдуктарды азайтуу жана блоктоо боюнча талаптарды коёт;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоону жүзөгө ашырат жана берилген лицензиялардын жана уруксаттардын тиешелүү реестрлерин жүргүзөт;
- радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ыйгарылган жыштыктарды эл аралык укуктук коргоону жүзөгө ашырат;
- радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берет;
- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына берилген шайкештик сертификаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- номерлөө ресурсун каттоо боюнча иштерди уюштурат, аны пайдалануу боюнча базаны түзөт жана жүргүзөт;
- пайдалануучулардын ар түрдүү категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчылаш субсидиялоого жол бербөө маселеси боюнча талдоо жүргүзөт жана байланыш тармагында аны кыскартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- бардык электр жана почта байланышы операторлорунун, электр байланыш кызматтарынын жана почта байланышы ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт;
- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна экономикалык талдоо жана божомолдоо жүргүзөт;
- Министрликке байланыш рыногун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын ишине текшерүү жүргүзөт;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) координациялоо жана контролдоо функцияларын:
- байланыш жабдууларын жана техникалык каражаттарын өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештикти ырастоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;
- радио нурланууну берген же электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү регламенттөөчү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;
- радио каражаттары орнотулган жерлерде радио электрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдойт;
- салыктык эмес кирешелерди төлөөнүн, белгиленген бузууларды жоюунун эсебин жүргүзөт контролдойт, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосу маселелери боюнча текшерүү жүргүзөт;
- байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына лицензиялык контролду жүргүзөт;
- улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укуктук тартиптин кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылат;
3) колдоо функцияларын:
- кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, байланыш жана маалыматташтыруу, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- киреше, чыгаша сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, республикалык бюджеттин каржылоо бөлүгүн аткарууну уюштурат;
- Кызматтын карамагына таандык болгон мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланыш объекттеринин иштөөсү маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
- ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, баалоонун жыйынтыгы боюнча Кызматтын компетенциясынын чегинде сунуштамаларды иштеп чыгат;
- электр жана почта байланышы тармагындагы стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радио жыштык нурлануусун берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундарынын булагы болуп саналган техникалык каражаттар үчүн техникалык регламенттерди жана документтерди иштеп чыгууга жана экспертизалоого катышат;
- электр жана почта байланышы жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жөнгө салуу, анын ичинде радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдалануу маселелери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга катышат жана Министрликтин кароосуна киргизет;
4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функцияларын:
- улуттук номерлөө ресурсун бөлүүнү жүргүзөт;
- жабдууларга жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштык нурлануусун берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификаттарын берет;
- бөлүү үчүн жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кызматтын компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат.
5. Кызматтын укуктары
12. Кызмат төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) лицензияларды, уруксатты берүүгө, кайра тариздөөгө, токтото турууга, кайра баштоого, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;
2) байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүүгө;
3) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрин жүргүзүүгө;
4) бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берүүгө;
5) байланыш линияларынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүсү жөнүндө маалыматтарды түзүүгө жана эсепке алууга;
6) жарандык багыттагы радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, анын ичинде башка товарларга кошулгандарды же курамына киргизилгендерди импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүүгө жана алар боюнча реестр түзүүгө;
7) өз компетенциясынын чегинде юридикалык жана жеке жактарга консультацияларды берүүгө;
8) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана Министрлик менен макулдашуу боюнча монополист ишканалардын электр жана почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн бекитүүгө;
9) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары, милдеттүү сертификаттоо формасындагы ЕАЭБдин Техникалык регламенти боюнча шайкештигин ырастоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган жабдуулардын жана техникалык байланыш каражаттарынын шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу жол-жобосун жүргүзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлөөнүн улуттук системасына жана планына ылайык номерлөө ресурсун бөлүп берүүнү, кайра тариздөөнү жана алып салууну жүзөгө ашырууга;
11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радио жыштык спектрине белгиленген тартипте радиомониторинг (радиоконтролдоо) жүргүзүүгө;
12) электр жана почта байланышы операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын курамы жөнүндө (аты-жөнү, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) маалыматтарды, уставдарын, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан ары өнүктүрүү боюнча пландарды, иши жөнүндө күндөлүк отчетторун сурап алууга, ошондой эле мыйзамдарга ылайык отчетторду берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүи белгилөөгө, ошондой эле Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
13) байланыш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашууга катышууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого;
15) байланыш жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары сакталбагандыгы үчүн өзүнүн компетенциясынын чегинде чара көрүү актыларын (жазма буйрук, эскертүү, токтом) чыгарууга;
16) берилген ыйгарым укуктарынын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
17) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Кызматка жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга;
18) тийиштүү адистерди катышууга тартуу менен белгиленген тартипте убактылуу жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө;
19) эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн байланыш жаатындагы жөнгө салуучу органдары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз ара аракеттенүүгө;
20) радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берүүгө;
21) Кызматтын маалыматтык системасын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Кызматтын бөлүмдөрүнүн ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;
22) электр байланыш операторлорунун жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын биргелешип пайдалануусу үчүн шарттарды жөнгө салууга;
23) операторлордун, электр байланыш кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн, почта байланышы ишканаларынын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын ортосунда пайда келип чыккан талаш-тартыштарды жөнгө салуу, бейтарап кароо жана чечүү боюнча маселелерди кароого;
24) Кызматтын иши жөнүндө маалыматты чагылдырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
25) менчигинин түрүнө карабастан байланыш тармагындагы ишканалардын документтерин өз компетенциясынын чектеринде эркин пайдаланууга;
26) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, социалдык муктаждыктарга, кызматкерлерине материалдык жактан дем берүүгө, эксперттерди тартууга жана Кызматтын ишине байланышкан башка максаттарга, ошондой эле жамааттык келишимди камсыздоо максатында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана бюджеттен тышкаркы каражаттардан (гранттар, фонддор) түзүлгөн атайын каражаттарды пайдаланууга;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

13. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
2) бардык иштеп жаткандар үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна, эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
3) өздөрүнүн милдеттерин түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга.
6. Кызматтын ишин уюштуруу
14. Кызматты төрага башкарат, ал Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат, кызмат ордунан бошотулат жана министрге түздөн-түз баш иет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кызматта төраганын орун басарынын кызмат орду каралган, ал санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Төраганын жана анын орун басарынын функциялык милдеттери Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри тарабынан бекитилет.
17. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналган кызматкерлери төрага тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 175 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлери төрага тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

19. Кызматтын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин макулдугу менен төрага тарабынан белгиленген штаттык санынын чегинде бекитилет.

20. Кызматтын төрагасы:
1) Кызматтын ишине жаппы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Кызматтын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
3) Министрликтин макулдугу менен Кызматтын чыгымдар жана кирешелер сметасын бекитет;
4) Министрликке Кызматтын иши тууралуу отчет берет;
5) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптарды бекитет;
6) Кызматтын ички иштөө тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт;
7) сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргоого белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
8) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кызматтын кызыкчылыктарын коргойт;
9) Министрликке Кызматтын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кызматтын жана Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;
10) мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
11) Кызматтын системасында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
12) финансылык каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
13) Кызматтын алдында коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат,

21. Кызматтын төрагасы жана төраганын орун басары Кыргыз Республикасындагы байланыш үчүн улук мамлекеттик инспекторлор болуп саналат.
22. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Кызматтын кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы иш-аракеттерди жүргүзгөн (жүргүзбөгөн) учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчиликтерин тартышат.
7. Кызматтын мүлкү
24. Кызматтын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат, аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
25. Кызматтын ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон каражаттардын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.
26. Каражаттарды сарптоо төрага бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат.
27. Кызмат белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчетун жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун маалыматтарын тийиштүү органдарга даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
8. Корутунду жоболор
28. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
29. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ