Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 258
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
– Агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин төмөнкүлөр белгиленсин:
– Агенттиктин борбордук аппаратында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аппаратында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн белгиленген эмгек акы төлөө шарттары боюнча ишке ашырылат;
– Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн белгиленген эмгек акы төлөө шарттары боюнча ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө» токтомунун 3-пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 99 токтомунун редакциясына ылайык)

|
| 2-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 99 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ