Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 260
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомунун 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
1) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Министрлик, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын визалык пункттары (мындан ары – чет өлкөлөрдөгү мекемелер), Министрликтин алдындагы органдар, Министрликтин Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктериндеги өкүлчүлүктөрү жана Министрликтин ведомстволук уюмдары (мындан ары – ведомстволук бөлүмдөр жана уюмдар) дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумуна кирет;»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51 жана 52-пункттар менен толукталсын:
«51. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги»;
- расмий тилде: «Министерство иностранных дел Кыргызской Республики»;
- англис тилинде: «Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic».
52. Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «ТИМ»;
- расмий тилде: «МИД»;
- англис тилинде: «MFA».»;
3) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Министрликтин ишинин максаттары Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук кызыкчылыктарын эл аралык мамилелерде коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык рынокторго илгерилетүү жолу менен улуттук экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.»;
4) 7-пунктунда:
– 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык рынокторго илгерилетүүгө көмөктөшүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды улуттук экономикага тартуу;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасына жаңы технологияларды жана инновацияларды тартууга, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен гуманитардык жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатын ишке ашырууга катышуу.»;
5) 8-пунктунда:
– 1-пунктчасында:
экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары – Өкмөт)» жана «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине (мындан ары – Премьер-министр)» деген сөздөр тиешелүү түрдө «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине» (мындан ары – Министрлер Кабинети) жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасы)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу, онунчу жана он экинчи абзацтарындагы «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү – он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
«– инвестициялар жана экспорт чөйрөсүндөгү мыйзам базасын жакшыртуу, чет өлкөлүк инвестициялардын агымына жана ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго илгерилетүүгө тоскоолдук кылган барьерлерди жоюу боюнча сунуш киргизүү;
– тышкы соода ишин жакшыртуу, продукцияны экспорттоону өнүктүрүү жана өбөлгөлөө боюнча сунуш киргизүү;
инвестициялык жана экспорттук саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду жана чет өлкөлүк импорттоочуларды максаттуу издөө;
инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга тартуу максатында потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор менен байланыш түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу;
ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоочуларга чет өлкөлүк импорттоочуларды издөөгө жана келишим түзүүгө көмөк көрсөтүү;
чет өлкөлүк бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор үчүн инвестициялык виза режимин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;»;
жыйырманчы абзацындагы «Өкмөткө» деген сөз «Министрлер Кабинетине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырма биринчи абзацындагы «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырма төртүнчү абзацындагы «Жогорку Кеңештин,» деген сөздөр алып салынсын, «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 3-пунктчасында:
үчүнчү абзацындагы «Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын» жана «Премьер-министрдин» деген сөздөр тиешелүү түрдө «Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын» жана «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы «жана Өкмөттүн» деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчасынын он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-пунктунда:
– 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди кошумча макулдашуусуз түзүүгө;»;
– 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте дипломатиялык кызмат органдары тарабынан акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн атайын эсептеги каражаттарды жана дипломатиялык кызмат органдары тутумундагы бюджеттен тышкаркы каражаттарды (гранттарды) материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, алардын кызматкерлерин материалдык өбөлгөлөөгө, эксперттерди тартууга жана ишке байланыштуу башка максаттарга, ошондой эле Министрлик менен Министрликтин кесиптик бирлик комитетинин ортосундагы жамааттык келишимге ылайык пайдаланууга, бөлүштүрүүгө жана кайра бөлүштүрүүгө.»;
7) 11-пунктунда:
– биринчи абзацындагы «статс-катчынын,» деген сөз алып салынсын;
– экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат. Министрдин орун басарлары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.»;
– үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 13-пунктунда:
– 1-пунктчасындагы «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы «Премьер-министр менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пунктчасында:
– биринчи абзацындагы «Премьер-министрге» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– экинчи абзацындагы «ведомстволук бөлүнүштөрүнүн» жана «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин» деген сөздөр тиешелүү түрдө «ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын» жана «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– үчүнчү абзацындагы «Өкмөттүн» жана «Премьер-министрдин» деген сөздөр тиешелүү түрдө «Министрлер Кабинетинин» жана «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 6–10-пунктчаларындагы «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 11-пунктчасындагы «Өкмөттүн» жана «Өкмөткө» деген сөздөр тиешелүү түрдө «Министрлер Кабинетинин» жана «Министрлер Кабинетине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 22-пунктчасындагы «статс-катчыга жана» деген сөздөр алып салынсын;
– 23-пунктчасындагы «Премьер-министр» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Министрликте коллегия түзүлөт, анын курамына министр (коллегиянын төрагасы), министрдин орун басарлары, Президенттин Администрациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча), ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарынын системасынын башка жетектөөчү кызматкерлери кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет. Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилүүчү Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.».
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомду ишке ашыруу тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |