Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 03-декабры № 291
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 «Баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануунун үзгүлтүксүз өндүрүш процессин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 «Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 11-пунктундагы «2021-жылдын 1-сентябрынан» деген сөздөр «2022-жылдын 31-декабрынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |