Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтомуна) |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд), профсоюздук жана коомдук уюмдардын иштерин координациялоо үчүн "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн.
1. Кеңештин милдеттери жана функциялары
1. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча чараларды жана реформаны даярдоого жана ишке ашырууга, анын финансылык жана уюштуруучулук туруктуулугун чыңдоого, пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатууга катышуу;
- ченемдик документтердин (мыйзамдардын, токтомдордун, концепциялардын, программалардын ж.у.с.) долбоорлорун талкуулоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу боюнча, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчеттор боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуштамаларды, сунуштарды, чечимдерди киргизүү;
- мамлекеттер аралык кызматташуунун багыттарын аныктоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө жана пайдалануу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын финансылык аудитин уюштуруу, анын натыйжаларын карап чыгуу;
- социалдык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоодо өкүлчүлүк кылуу.
2. Кеңештин курамы
2. Кеңештин курамы мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өзүн-өзү башкаруу системасынын автономиясы болуп эсептелет жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бардык катышуучуларынын тең укуктуу өкүлчүлүк жолу менен паритеттүү катышуу принциптеринин негизинде түзүлөт.
Кеңеш төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү;
- пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, финансы, экономика, юстиция, санариптештирүү, салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү;
- профсоюздардын жана коомдук уюмдардын, жалдоочулардын, пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу боюнча жарандардын кызыкчылыктарын коргогон уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
3. Кеңештин жекече курамын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекитет.
4. Кеңештин мүчөлүгүнө уюмдардын жетекчилеринин деңгээлиндеги тараптардын өкүлдөрү көрсөтүлөт. Алар көрсөткөн уюмдардын жана жактардын кызыкчылыгын колдойт. Кеңештин мүчөсү анын курамынан жекече арызынын негизинде, көрсөткөн тараптын чакырып алышы боюнча жана Кеңештин чечими менен чыгарылышы мүмкүн.
Жүйөлүү себептер (иш сапар, оору, өндүрүштүк зарылчылык) боюнча жыйналышка катыша албаган Кеңештин мүчөсүн айрым учурларда анын орун басары же тиешелүү тараптын жетекчи курамынын ичинен компетенттүү адис (кеңеш берүүчү добуш укугу менен) алмаштыра алат.
Кеңештин мүчөсү тарабынан сунушталган ордун алмаштыруучу адистердин тизмесин Кеңештин төрагасы бекитет.
5. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары эсептелет.
Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө ачык добуш берүү менен шайланат. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн талабы боюнча ушул чечим үчүн алардын курамынын төрттөн үч бөлүгү добуш берген шартта же жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылышы мүмкүн.
Кеңештин төрагасы же анын орун басары (төрага катыша албаса же анын тапшырмасы боюнча) Кеңештин ишин уюштурат: жыйналыштарды өткөрөт, күндөлүк уюштуруу маселелерин чечет, чечимдердин аткарылышын контролдойт, зарыл болгон учурларда Кеңештин атынан өкүлчүлүк кылат.
6. Кеңешке Социалдык фонддун штатында турган Кеңештин башка иштерден бошотулган жооптуу катчысынын кызмат орду киргизилет.
3. Кеңештин иши
7. Кеңештин иши ушул Жобо жана Кеңештин чечимдери менен жөнгө салынат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча бардык коомдук маанилүү, тармактык документтер (мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, концепциялардын, мамлекеттик жана тармактык программалардын долбоорлору) Кеңеште каралууга жана анын корутундусунан кийин гана ченем чыгаруучу органга андан ары кароого жана бекитүүгө жиберилет.
8. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша жылына төрт жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыш Кеңештин мүчөлөрүнүн же аларды алмаштыруучу адамдардын жарымы катышкан шартта укуктуу болуп эсептелет.
Социалдык камсыздандыруунун өтө маанилүү проблемаларын изилдөө, Кеңештин чечимдерин даярдоо үчүн көз карандысыз эксперттер жана консультанттар чакырылышы, иштин багыттары же айрым маселелер боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Алар даярдаган документтер Кеңеш тарабынан каралат жана чечими менен бекитилет.
9. Кеңештин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн кворуму болгон учурда ачык көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Эгерде Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, Кеңештин чечимдери укуктуу болуп эсептелет. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштардын саны барабар болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
10. Өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими, чектөө иш-чаралары (карантин) колдонулган шарттарда же Кеңештин мүчөлөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен анын жыйналышын өткөрүүгө тоскоолдук кылган ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда Кеңештин чечими сурамжылоо аркылуу кабыл алынат.
Сурамжылоо аркылуу Кеңештин чечимин макулдашуу жол-жобосу Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасынын негизинде Кеңештин катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин катчысы Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын тиешелүү тапшырмасын алгандан кийин тиешелүү документтерди үч жумуш күндүн ичинде Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна жиберет.
Кеңештин чечиминин долбоорун макулдашуу электрондук версияны пайдалануу жана (же) долбоорду кагаз жүзүндө берүү менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзүлөт.
Кеңештин мүчөлөрү менен чечимдин долбоорун макулдашуу жети жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Эгерде макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн (сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз) оң жообу алынса, сурамжылоо аркылуу кабыл алынган Кеңештин чечими мыйзамдуу болуп эсептелет.
11. Кеңеш кабыл алган чечимдер жана сунуштамалар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бардык катышуучуларынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
12. Талкуулоо үчүн документтер жыйналыштын башталышына чейин бир жума мурда Кеңешке берилет жана Кеңештин бардык мүчөсүнө таркатылат.
13. Кеңештин жыйналышын чакыруунун күн тартиби, убактысы жана орду анын төрагасы тарабынан аныкталат. Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга демилгечи жыйналышка чейин эки жума мурда сунуш киргизген анын каалаган мүчөсү болушу мүмкүн. Кеңештин жыйналышын шашылыш чакыруу анын курамынын үчтөн экиси макул болгондо жүргүзүлөт. Чакыруунун демилгечиси Кеңештин жооптуу катчысына талкуулоо үчүн документтерди (маалымкаттарды, актыларды, чечимдердин долбоорун жана талкуулоо зарылдыгын далилдеген башка документтерди) берет, алар Кеңештин бардык мүчөлөрүнө таркатылат.
14. Кеңештин жыйналыштары протоколдонот.
Чечимдерге төрага же орун басары кол коёт, түп нускасы Кеңештин катчысында сакталат.
Кеңештин чечиминин протоколу чечим кабыл алынгандан кийин 15 күндөн кечиктирбей Кеңештин бардык мүчөлөрүнө жиберилет.
Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда кат алышууну жүргүзөт, алардын сунуштары боюнча иштин план-болжолун, жыйналыштардын күн тартибин жана протоколун түзөт, Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңештин төрагасынын тапшырмаларынын жана Кеңештин чечимдеринин өз убагында аткарылышын контролдойт.
15. Кеңештин келерки жылга ишинин план-болжолу Кеңештин мүчөлөрү берген сунуштар боюнча иштелип чыгат жана аны Кеңештин төрагасы бекитет.
4. Кеңешти финансылык жана материалдык жактан камсыз кылуу
16. Кеңештин ишин финансылык жана материалдык жактан камсыз кылууну Социалдык фонд ишке ашырат.
17. Кеңештин ишин камсыздоого каражаттар зарылдыгына жараша бөлүнөт жана Кеңештин жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоого, канцеляриялык жана чарбалык чыгымдарга, башка иштерден бошотулган жооптуу катчыны күтүүгө, анын иш сапар чыгымдарына ж.у.с. чыгымдалат.
18. Кеңешти материалдык камсыздоо катары Социалдык фонд башка иштерден бошотулган жооптуу катчыга жайды, эмеректерди, чарбалык инвентарды, байланыш каражаттарын, уюштуруу техникасын, канцеляриялык буюмдарды берет.