Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467
токтомуна ылаыйк
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-декабры № 297
“Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому (мындан ары - "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААК) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын бир акциясынын номиналдык наркы 100,0 (бир жүз) сом болгон 1000000,0 (бир миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө аркылуу 100000000,0 (жүз миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталын аныктоо менен анын уюмдаштыруучусу катары чыксын;
- "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уставын бекитсин;
- "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн 100000000,0 (жүз миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын издеп тапсын жана бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4954-VI "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому менен кабыл алынган параметрлердин алкагында 2021-жылга республикалык бюджетти тиешелүү түзөтүүлөрдү жүргүзсүн;
- 2022-жыл ичинде "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 8000000000,0 (сегиз миллиард) сомго чейин жеткирсин;
- "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уюмдаштыруучу акцияларын чыгаруунун мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКка карата айрым функциялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин, тактап айтканда:
- уюштуруучунун, акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүн тандоону, сунуштоону жана шайлоону уюштуруу;
- корпоративдик башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- финансылык-чарбалык ишке мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнө тиешелүү болгон дивиденддердин эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн контролдоо жана аны камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 299-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 2-пунктчасындагы "2500000000,0 (эки миллиард беш жүз миллион)" деген сөздөр "2400000000,0 (эки миллиард төрт жүз миллион)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |