Загрузка документа…
10-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 , 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары – КАБ) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. КАБ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун укугун улантуучу болуп саналат.
3. КАБ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, шайкештикти баалоо боюнча органдардын (мындан ары – ШБО) компетенттүүлүгүн ырастоого, аларга ишенимди камсыздоого жана алардын ишинин жыйынтыктарын таануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу жана аккредитациялоо боюнча улуттук орган болуп саналат.
4. КАБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, аккредитация боюнча эрежелерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. КАБдын уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. КАБ аккредитациялоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда калыстыкты камсыздоого тийиш.
7. КАБ юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле өзүнүн логотиби бар.
8. КАБ белгиленген тартипте казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга, өз алдынча баланска ээ болууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды ээлөөгө жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
9. КАБдын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору»;
– расмий тилде: «Кыргызский центр аккредитации при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики».
10. КАБдын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз аккредитациялоо борбору»;
– расмий тилде: «Кыргызский центр аккредитации».
11. КАБдын юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 421.
2. КАБдын ишинин максаттары
12. КАБдын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык практикага жана стандарттарга ылайык аккредитациялоонун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
2) шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн шарттарды түзүү, аларга ишенимди жогорулатуу жана алардын ишин таануу үчүн шарттарды түзүү максатында аккредитациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
3. КАБдын милдеттери
13. КАБдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык талаптарга ылайык ШБОну аккредитациялоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо;
2) эл аралык практикага жана стандарттарга ылайык ШБОнун техникалык компетенттүүлүгүн расмий таанууну жүзөгө ашыруу.
4. КАБдын функциялары
14. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн КАБ төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- аккредитациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- аккредитациялоо, аккредитацияланган ШБОнун ишин инспекциялык контролдоо, аккредитациялоо аттестатын берүү, токтотуу жана жокко чыгаруу, аккредитациялоо боюнча эл аралык стандарттардын негизинде ШБОну аккредитациялоо жаатын кыскартуу; эл аралык талаптардын негизинде даттанууларды жана апелляцияларды берүү, карап чыгуу эрежелерин жана жол-жоболорун иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- ШБОну аккредитациялоо боюнча иштерди аткарууга тартылган баалоочуларга жана техникалык эксперттерге талаптарды иштеп чыгат;
- ШБО иштерин өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
- Министрликке ШБОну аккредитациялоо жана аны аккредитациялоону өз ара таануу жаатында кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүү тууралуу сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууларды жана апелляцияларды карайт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- эл аралык талаптарга ылайык берилген арыздардын негизинде ШБОну аккредитациялоону уюштурат жана өткөрөт;
- ШБО белгиленген талаптарга ылайык келген шартта белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестатын берет, ошондой эле алардын жарактуулугун жокко чыгарат жана токтото турат;
- аккредитацияланган ШБОнун реестрин жүргүзөт;
- Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзөт жана жүргүзөт;
- транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын, тиркемелердин көчүрмөлөрүнүн бланктарын, шайкештик белгилеринин сүрөтү менен голографикалык маркаларды берет;
- транспорт каражатынын тибин жактыруу бланктарын, транспорт каражатынын тибин жактырууга карата тиркемелердин бланктарын, транспорт каражатынын тибин жактырууга кошумча барактардын бланктарын, шассинин тибин жактыруу бланктарын, шассинин тибин жактырууга карата тиркемелердин бланктарын, шассинин тибин жактырууга кошумча барактардын бланктарын, техникалык регламентке шайкеш келүүсүн ырастоочу документти алып салуу тууралуу күбөлүктүн бланктарын, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктүн бланктарын жана транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги жөнүндө күбөлүктүн бланктарын, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин ырастаган конструкциясынын коопсуздук талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен транспорт каражатынын шайкештиги жөнүндө күбөлүгүнө кошумча барактардын бланктарын берет;
- аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн тартылуучу баалоочуларды жана техникалык эксперттерди тандоонун, окутуунун жана расмий дайындоонун жол-жоболорун белгилейт;
- сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- аккредитацияланган ШБОнун ишине инспекциялык контролду уюштурат жана жүргүзөт;
- аккредитациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик документтерди эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирүү боюнча иштерге катышат;
- аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин ишин координациялайт;
- баалоочуларды жана техникалык эксперттерди каттоого алат;
4) колдоо функциялары:
- аккредитациялоо эрежелеринин жана жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги
15. КАБ функцияларды аткаруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ШБОну аккредитациялоо боюнча иштерге катыштыруу үчүн белгиленген тартипте техникалык эксперттерди жана баалоочуларды тартууга;
2) белгиленген тартипте арыз берүүчүлөрдөн, коомдук бирикмелерден, илимий жана башка уюмдардан жана ишканалардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
3) Министрлик менен макулдашуу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
4) аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттерди түзүүгө;
5) Министрлик менен макулдашуу боюнча аккредитациялоо жаатында иштеген эл аралык, региондук уюмдардын ишине катышууга;
6) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын, башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредитациялоо жаатында акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө ошондой эле так отчеттуулукта бланктын формаларын берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
16. КАБдын милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ШБОну аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;
2) аккредитациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин объективдүүлүгүн, тактыгын жана калыстыгын камсыз кылуу;
3) аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөтүн сактоо;
4) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо;
5) аккредитациялануучу объекттин коммерциялык сырларын түзгөн маалыматтарды жарыя кылбоо;
6) аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган адистердин компетенттүүлүгүнүн зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу;
7) өзүнүн кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилик тартуу;
8) КАБдын расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдар жөнүндө, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө маалыматтарды, аккредитациялоонун натыйжаларын таануу тууралуу маалыматты жана КАБдын иштери жөнүндө ар жылдык отчетту жарыялоо жана зарылдыкка жараша жаңылап туруу.
17. КАБдын кызматкерлери, техникалык комитеттердин мүчөлөрү, чечим кабыл алуу боюнча комиссиялардын мүчөлөрү, аккредитациялоо боюнча процесске тартылган баалоочулар жана техникалык эксперттер аккредитациялоонун талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6. КАБдын ишин уюштуруу
18. КАБды Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары – экономика жана коммерция министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт. КАБдын директорунун кызмат ордуна дайындоодо Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин сунушу талап кылынат.
19. Директордун экономика жана коммерция министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу бир орун басары болот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
20. КАБдын директору:
1) КАБдын ишине жалпы жетекчилик кылат;
2) КАБга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестаттарына кол коёт же бул укукту КАБдын жооптуу адамына берет;
4) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык санынын чегинде КАБдын түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун экономика жана коммерция министринин бекитүүсүнө киргизет;
5) белгиленген тартипте КАБдын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) КАБдын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
7) өз компетенциясынын чегинде КАБдын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
8) Министрлик менен макулдашуу боюнча КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарда, башка эл аралык жана региондук уюмдарда КАБдын атынан чыгат;
9) белгиленген тартипте КАБдын айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
10) белгиленген тартипте КАБдын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын колдонот;
11) КАБдын аткарган иштери жөнүндө отчетту квартал сайын Министрликке жиберет;
12) чет өлкөлөрдүн аккредитациялоо боюнча улуттук органдары, ошондой эле тийиштүү эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташуу тууралуу келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жөнүндө сунуштарды Министрликке белгиленген тартипте киргизет;
121) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык КАБдын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
21. КАБдын түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык бирдиктин жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде экономика жана коммерция министри тарабынан бекитилет, ал КАБдын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директордун дайындалышы КАБдын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
22. КАБдын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө ченемдик укуктук актысы менен белгиленет.
23. Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун улуттук системасынын принциптерин жана саясатын иштеп чыгуунун жана колдоонун объективдүүлүгүн жана калыстыгын камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди коллегиалдуу чечүү үчүн Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш (мындан ары – Аккредитациялоо боюнча кеңеш) түзүлгөн.
Аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет, ал эми анын жеке курамы Министрликтин буйругу менен бекитилет.
24. КАБ өз иши тууралуу жылдык отчетту Аккредитациялоо боюнча кеңештин бекитүүсүнө берет.
25. КАБдын алдында ШБОну аккредитациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу орган болуп эсептелген чечим кабыл алуу боюнча комиссия иштейт. Комиссиянын курамына иштин каралып жаткан түрү боюнча аккредитациялоонун техникалык комитеттеринин өкүлдөрү жана/же техникалык эксперттер жана/же бул ШБОну баалоого катышпаган баалоочулар кирет. Комиссиянын курамына аккредитациялоо тармагында билимге ээ болгон башка уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Комиссия аккредитациялоо боюнча калыс жана көз карандысыз чечимдерди кабыл алуучу орган болушу керек.
Чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссиянын жобосу жана курамы КАБдын директору тарабынан бекитилет.
7. КАБдын финансылык жана чарбалык иши
26. КАБ өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттин менчигиндеги мүлктү;
2) финансы каражаттарын, мүлктү жана башка объекттерди, өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктусу түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
27. КАБдын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
– чарбалык субъекттерге ШБОну аккредитациялоо жаатындагы акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерден түшкөн каражаттар;
– эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттары, ошондой эле демөөрчүлүк жардамдар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
28. Республикалык бюджеттен тизмеси белгиленген тартипте аныктала турган аккредитациялоо боюнча эл аралык (региондук) уюмдарга мүчөлүк акылар жана ага катышуу чыгымдары каржыланат.
29. Аккредитациялоо боюнча ишке акы төлөө ШБО тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитилген прейскурантка ылайык жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
30. КАБды жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
31. КАБдын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.