Сравнение редакций…
12-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Борбор) жөнүндө ушул жобо ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Борбордун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасында адал-индустриясын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык талаптарга ылайык ата мекендик адал-продукцияны илгерилетүү чөйрөсүндө иш жүргүзөт.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, банктарда жана казыналык системасында бюджеттик, депозиттик, атайын жана башка эсептери бар.
Борбордун уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
4. Борбордун толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси»;
– расмий тилде: «Государственное учреждение «Центр по развитию халал-индустрии» при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики».
5. Борбордун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Адал-индустриясын өнүктүрүү борбору»;
– расмий тилде: «Центр по развитию халал-индустрии».
6. Борбордун юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Борбордун ишинин максаты
7. Борбордун ишинин максаты Кыргыз Республикасында адал-индустриясын өнүктүрүү болуп эсептелет, атап айтканда эл аралык стандарттарга жана адал-продукцияларга карата талаптарга ылайык ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Борбордун милдеттери
8. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик адал-продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, даярдоо, иштетүү, сактоо жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү;
– адал-индустрия чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу.
4. Борбордун функциялары
9. Борбор жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) адал-индустрия жаатында кызматтарды көрсөтүү;
2) адал-индустрия чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды айкалыштырууга катышуу, ошондой эле өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
3) тармактар боюнча адал-индустрия чөйрөсүндө стандарттарды иштеп чыгууга катышуу, эл аралык (региондук) стандарттар менен айкалыштыруу;
4) адал-индустрия чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистерди окутуу жана даярдоо;
5) тамак-аш продукцияларын кайра иштетүү ишканаларында, союу цехтеринде, коомдук тамактануу обьекттеринде, мейманкана жана туристтик бизнесте адал-стандарттарды киргизүү маселелери боюнча өндүрүүчүлөргө методикалык жардам жана консультацияларды берүү;
6) адал-продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары (бирликтер, кооперативдер) менен Кыргыз Республикасында стандартташтыруу маселелери, адал-индустрия чөйрөсүндө методологиялык жардам көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүү;
7) адал-индустрия чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүү;
8) адал-индустрия чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана адал-индустрия, адал-индустрияны өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жөнүндө кеңири маалымат берүү маселелери боюнча экономикалык жана укуктук билимдерди жайылтуу максатында семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу;
9) адал-индустрия чөйрөсүндө эрежелердин жана жол-жоболордун жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу;
10) адал-индустрия маселелери боюнча маалымдоо жана Борбордун расмий веб-сайтын киргизүү жана колдоо;
11) адал-индустрия чөйрөсүндө методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо;
12) адал-индустрия чөйрөсүндө маалыматтар базасын түзүү, ошондой эле рыноктун катышуучуларына мониторинг жүргүзүү;
13) өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;
14) Борбордун максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
5. Борбордун укуктары жана милдеттери
10. Борбор өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) адал-индустрия маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүүчү жыйналыштарга, кеңешмелерге, башка иш-чараларга катышууга;
2) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө;
3) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык, улуттук жана региондук уюмдар менен келишимдерди түзүү жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
4) коомдук бирикмелерден, илимий жана башка уюмдардан, ошондой эле юридикалык жактардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте талап кылууга жана алууга;
5) адал-индустрия чөйрөсүндө ишке катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын эксперттерин жана адистерин белгиленген тартипте тартууга;
6) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, адал-индустрия чөйрөсүндө ишти жүргүзүүчү эл аралык, региондук уюмдардын ишине катышууга;
7) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте кол коюуга катышууга;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адал-индустрия чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
9) Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
10) конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга;
11) Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды окутууларды жүргүзүүгө;
12) эл аралык уюмдардан, институттардан гранттарды жана техникалык жардамды белгиленген тартипте алууга;
13) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга.
11. Борбор милдеттүү:
1) төмөнкүлөрдү камсыз кылууга:
– адал-индустрия чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн адистердин компетенттүүлүгүнүн зарыл болгон деңгээлин;
– ушул Жобого ылайык милдеттердин жана функциялардын натыйжалуу аткарылышын;
– Борбордун кызматкерлерин социалдык, медициналык камсыздандырууну, ошондой эле эмгектин коопсуз шарттарын жана Борбордун кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууну;
2) Борбордун отчётторун салык жана башка органдарга өз учурунда берүүгө, мыйзамдарда белгиленген тартипте салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө;
3) Борбордун ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
12. Борбор келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Борбордун ишин уюштуруу
13. Борборду директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Борбордун директору түздөн-түз министрге баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин алкагында Борбордун ишин уюштурат.
14. Борбордун директорунун бир орун басары бар, ал Борбордун директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
Борбордун директору жок болгон учурда, милдеттерин аткаруу анын орун басарына жүктөлөт.
15. Борбордун директору:
1) Борбордун ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
2) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык сандын чегинде Борбордун түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин долбоорлорун министрге бекитүүгө киргизет;
3) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
4) Борбордун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) Борбордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
7) Борбордун кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерин бөлүштүрөт;
8) өзүнүн компетенциясынын чегинде Борбордун кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
9) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарда жана башка эл аралык уюмдарда Борбордун кызыкчылыгын коргойт;
10) келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
11) белгиленген тартипте Борбордун кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет;
12) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарын башкы тескөөчү болуп саналат;
13) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун каражаттарын жана мүлкүн башкарат;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
15) Борбордун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө Министрликке белгиленген тартипте сунуш киргизет;
16) Борбордун ички иш тартибин жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
17) эмгек тартибинин сакталышын контролдойт жана эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыздайт;
18) Борбордун кызматкерлеринин ар жылдык иш планын бекитет;
19) Борбор жасаган иштер жөнүндө отчётторду квартал сайын Министрликке жөнөтүп турат;
20) министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында чечим кабыл алат;
21) ушул Жобого ылайык Борбордун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитилет, алар Борбордун милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
17. Борбордун кызматкерлеринин иштөө режими, аларды социалдык камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
Борбордун кызматкерлери, анын ичинде директор жана директордун орун басары мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелбейт.
18. Борбор өз ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилген мамлекеттин менчигинде турган мүлктү;
2) финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
19. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
2) чарбакер субъекттерге адал-индустрия чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка иштер үчүн каражаттар;
3) эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттары, ошондой эле демөөрчүлүк жардам, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
7. Корутунду жоболор
20. Борбор өз ишинде Министрликке отчёт берет.
21. Борборду жоюу жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Борбордун иши токтогон учурда анын ишинин алкагында келип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)

201) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;