Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры № 301
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышы тууралуу отчеттордун толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
- 8-пунктунун кырк төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунда:
3-1 жана 6-1-пунктчаларындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунун элүү жетинчи абзацы "жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелердин каражаттарынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык туруктуулугуна коркунуч келтирген кырдаалдарды жоюу үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өзгөчө учурларда аныкталган каражаттардан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 27, 27-1, 33-пунктчаларындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров | |
|
| ||
|
|
|
|