Сравнение редакций…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө
Жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 347, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 , 2024-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары – МБК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МБК Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МБК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, Кыргыз Республикасында бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларына жана аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МБК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
41. МБК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
5. МБК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
6. МБК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачылган эсептери бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы”;
2) расмий тилде: “Государственная таможенная служба при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.
8. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “МБК”;
2) расмий тилде: “ГТС”.
9. МБКнын юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 4а.
2. МБКнын ишинин максаты
10. МБКнын ишинин максаты бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу болуп эсептелет.
3. МБКнын милдеттери
11. МБКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттери (мындан ары – жактар) үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
2) мамлекеттин экономикасына инвестицияларды көбөйтүү максатында бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу;
3) бажы мыйзамдарын өркүндөтүү жана аларды ишке ашырууну камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүдө мамлекеттик коопсуздукту, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
5) Кыргыз Республикасынын бажы ишине тийиштүү бөлүктөгү эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.
4. МБКнын функциялары
12. МБК өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салуу функциялары:
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын ченемдерин колдонууну камсыз кылат;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата бажы ишинин чараларын иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде бул чараларды ишке ашырууну уюштурат;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн алууну уюштурат;
– функциялардын кайталануусун жоюу бөлүгүндө өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жерлеринде мамлекеттик контролдоочу органдардын функцияларын координациялайт;
– бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн чараларды иштеп чыгат жана шарттарды түзөт;
– бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жөнгө салат;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонуунун сакталышын контролдойт;
– товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүдө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга бажы органдарынын катышуусун камсыз кылат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында радиациялык контролду жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында транспорттук контролду жүргүзөт;
– мамлекеттик органдар менен кызматташат жана өз ара аракеттенет;
– бажы иши чөйрөсүндө, анын ичинде бажылык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана болтурбоо жаатында чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат жана өз ара аракеттенет;
– Кыргыз Республикасынын бажы ишине тиешелүү бөлүгүндөгү эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
–,Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана талдайт;
–,чарбалык субъект тарабынан таризделген, бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон электрондук документтерди авторлоштурат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин жана эл аралык макулдашууларга ылайык электрондук кол тамганы чарбалык субъекттин колдонуусунун укук ченемдүүлүгүн ырастайт;
– уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо уюштуруучунун, катышуучунун (акционердин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
2) бажы статистикасын түзүү жана жүргүзүү функциялары:
– бажы иши жаатындагы статистикалык маалыматтарды жыйнайт, иштеп чыгат жана талдайт;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын методологиясына ылайык тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынын атайын бажы статистикасын жүргүзөт;
– тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын расмий жарыялоону жүзөгө ашырат;
3) бажылык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен биргеликте чаралардын системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бажылык укук бузуулар жана кылмыштар боюнча маалыматтарды чогултат жана талдайт;
- бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшүндө бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшү боюнча методологияны жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен бажылык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- тейлеген тармагындагы чөйрөдө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
4) колдоо функциялары:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы маселелери боюнча маалымат менен камсыздоо системасын түзөт жана тышкы экономикалык иштин субъекттери жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен консультативдик мүнөздөгү расмий мамилелерди түзөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жактардын даттанууларын жана кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылат;
– Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
– башка мамлекеттик бийлик органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жаатында кызматташат;
– бажы органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын түзөт жана өнүктүрөт;
– бажы органдарынын кадрдык ресурстарга болгон керектөөлөрүн болжолдойт;
– ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, МБКнын компетенциясынын чегинде баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен МБКга жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 347, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178, 2024-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. МБКнын укуктары
13. МБК төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жана жеке жактардан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого жана алууга;
11) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде МБКнын кызматкерлерине жана жумушчуларына карата ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон жеке мүнөздөгү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык суроого, чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого, пайдаланууга, өткөрүп берүүгө жана коргоого;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы иши маселелери боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларын текшерүүгө;
21) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга;
3) бажы иши чөйрөсүндө уруксат берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
– бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду реестрлерге киргизүүгө жана алардан чыгарууга; квалификациялык күбөлүктү берүүгө, колдонулушун токтотуп турууга жана кайра чакыртып алууга;
– бажы иши чөйрөсүндө оперативдүү-издөө ишин жүргүзүүгө;
– эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүгө;
- бажы органдарынын тергөөсүнө караштуу кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө жүргүзүүгө;
5) бажы ишине тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелердин ишине катышууга;
6) Кыргыз Республикасына бажы ишине тийиштүү маселелерди чечүү үчүн келген чет өлкөлүк делегацияларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
7) Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоого, белгиленген тартипте мүлктү, анын ичинде бажы органдарынын мүлкүн, МБК бажы кызматын өнүктүрүү фондун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактарды башкарууга жана тескөөгө;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
9) бажы иши маселелери боюнча консультациялык, координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;
10) бажы ишинин проблемаларын чечүүгө илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди келишимдик негизде тартууга;
11) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары, чет мамлекеттердин бажы кызматтары, бажы иши чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк мекемелер жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
12) бажы иши жаатында илимий жана изилдөө иштерин, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен семинарларды өткөрүүнү уюштурууга, ошондой эле башка өлкөлөрдө өткөрүлүүчү семинарларга катышууга, өзүнүн системасында илимий-изилдөө мекемелеринин жана кесиптик жана кошумча билим берүү окуу жайларынын иштөөсүн камсыз кылууга;
13) белгиленген штаттык сандын чегинде борбордук аппараттын жана ведомстволук бажы органдарынын түзүмүн түзүүгө, белгиленген тартипте аларды кайра түзүүгө;
14) МБК системасынын кызмат адамдарын (мындан ары – кызматкерлер) жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо чараларын ишке ашырууга;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө;
16) белгиленген тартипте кызматкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана ишке ашырууга;
17) кызматтык максаттарда маалыматтык системаларды, байланыш системаларын жана маалыматтарды берүү системаларын, ошондой эле маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга;
18) IT-адистери менен контракттык негизде эмгек келишимдерин түзүүгө;
19) ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана анын МБКнын максаттарына ылайык келүүсүн баалоого;
20) Министрлик, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча МБКнын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
21) МБКнын компетенциясынын чегинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 347, 2024-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ишти уюштуруу
14. МБК төмөнкүлөрдөн турган борборлоштурулган системаны (бажы органдарынын) түзөт:
1) борбордук аппараттан;
2) МБКнын башкаруу схемасында аныкталган ведомстволук бажы органдарынан.
15. МБКны төрага башкарат, ал Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Төрага түздөн-түз министрге баш иет.
16. МБКда төмөнкү кызмат орундары уюштурулат:
1) төраганын биринчи орун басары, төраганын орун басарлары, алар министр менен макулдашылып, МБКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;
2) чет мамлекеттердин бажы кызматтарындагы Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын өкүлдөрү, алар чет мамлекеттердин тийиштүү бажы кызматтары менен макулдашуу боюнча МБКнын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
17. МБКнын төрагасы:
1) МБКнын жана бажы органдарынын ишин жеке башчылык принцибинде жетектейт;
2) МБКга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) МБКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коёт;
5) төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрөт;
6) белгиленген жалпы сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде төмөнкүлөрдү бекитет:
– МБКнын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын, ошондой эле борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн жоболорун жана жетекчилеринин жана кызматкерлеринин функциялык (кызматтык) милдеттерин;
– ведомстволук бажы органдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын жана алар жөнүндө жоболорду;
– МБКнын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бажы органдарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын;
7) борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин, ведомстволук бажы органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин функциялык (кызматтык) милдеттерине ылайык контракттардын негизинде кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) МБКнын системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) МБКнын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, анын ичинде кызматтык имараттарды, дарылоо – ден соолукту чыңдоо жана спорттук объекттерди курууга каржылоону аныктайт;
10) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бажы органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, белгиленген тартипте бажы органдарынын кызмат адамдарына жогорку атайын наамдарды ыйгаруу тууралуу сунуштарды киргизет;
11) бажы органдарынын, ведомстволук бажы органдарынын өздүк курамын натыйжалуу пайдалануу максатында кызматкерлерди ротациялоону жүргүзөт;
12) белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана бажы органдарынын кызматкерлерин жана жумушчуларын, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин бажы органдарынын өкүлдөрүн сыйлайт;
13) МБКнын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуш киргизет;
14) МБКнын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү мөөнөтүн белгилейт;
15) МБКнын системасындагы кызматкерлерге жана жумушчуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоонун жана тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонот;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Транзит боюнча улуттук координатордун милдеттерин аткарат;
17) төраганын орун басарларына жана ведомстволук бажы органдарынын начальниктерине айрым ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
18) эмгек мыйзамдарына ылайык жумушчуларды жалдайт жана бошотот;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырат.
18. МБКда 11 адамдан турган, курамына МБКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү, Казакстан Республикасынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Министрликтин өкүлү, ошондой эле МБКнын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бажы органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген коллегия түзүлөт.
Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамын министр бекитет.
МБКнын коллегиясы жөнүндө жобону МБКнын төрагасы бекитет.

19. МБКнын алдында МБКнын алдындагы бажы иши боюнча консультативдик кеңеш иштейт, анын курамы жана ал жөнүндө жобо МБК буйругу менен бекитилет.
МБКнын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук негизде иштеген, консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү Коомдук кеңеш түзүлөт.
20. МБКны каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган булактардын жана каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
21. МБК өз ишинде Министрликке отчет берет.
22. МБКнын иш планы МБКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
7. Корутунду жоболор
23. МБКны кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
24. МБКнын иши токтотулган учурда МБКнын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ