Документке
Мурунку06.04.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-сентябры № 192

Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198, 2022-жылдын 29-июлундагы № 413, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 657, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине жана "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

2-1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар айлык негизде:

1) отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин электр менен жабдуучу уюмдарга 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин Кыргыз Республикасынын облустары жана региондору боюнча жашаган/жүргөн жеринин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү менен берсин;

2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр - электр энергиясын керектөөчүлөрдү идентификациялоодо электр менен жабдуучу уюмдарга көмөк көрсөтсүн;

3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)

2-2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар айлык негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине жана энергия менен жабдуучу уюмдарга электр энергиясын керектөөчүлөрдү - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү идентификациялоого көмөк көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов

Жаңы12.12.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-сентябры № 192

Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198, 2022-жылдын 29-июлундагы № 413, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 657, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 токтомдорунун редакцияларына ылайык)