Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 309
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү, айыл чарба продукциясы, чийки зат жана азык-түлүк рыногун жөнгө салуу, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи катары агрардык сектордун тармактарына дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун үчүнчү абзацына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте:
- айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын, ошондой эле айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттеринин айыл чарба продукциясын өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзсүн;
- жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мурда берилген жерлерди пайдалануу мөөнөттөрүнүн аякташын эске алуу менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугун берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чаралар аяктагандан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин белгиленген тартипте ижарага берүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек пландарын кайра карап чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жободо:
- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берүүнү башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону жүзөгө ашырат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ушул Типтүү жобого ылайык башкарууну жүзөгө ашырат.";
- 13-пункту "кеңеш тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Келечек пландын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктундагы "Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин" деген сөздөр "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту "регламенти" деген сөздөн кийин "айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин кошпогондо." деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"V. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоочу мамлекеттик орган
88. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруучу, натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу, бул жерлерди башкарууда, тактап айтканда, Келечек планды түзүүдө, бул жерлерди башкаруу боюнча тооруктарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө методикалык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик орган болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин берүүнү, башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу жүзөгө ашырат.
89. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары төмөнкүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдарынан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууда ижара акыларынан төлөмдөрдүн түшүүсү тууралуу отчетторду суроого;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жол-жоболорунун жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө жер комиссиясынын төрагасынын дарегине кат жөнөтүү менен өзгөчө пикирин билдирүүгө;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипке ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берүүгө;
- Келечек планды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жасоого катышууга.
90. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча отчетту айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизүүгө;
- ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин аянтын кыскартууга жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.
91. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары квартал сайын милдеттүү түрдө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө отчет берет. Отчеттун формасы айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
92. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө отчетту бербеген учурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары отчетту берүүнүн бузулушу тууралуу тиешелүү акт түзөт.
Отчетту берүүнүн бузулушу жөнүндө акт түзүүнүн формасы жана тартиби айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
93. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте комиссиялык түрдө:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун талап болбогон жерлеринин өлчөмдөрүн ар бир контур боюнча өзүнчө конкреттүү түрдө (айыл өкмөттөрү, поселкалык башкаруулар, район боюнча) тактайт жана алардын өлчөмдөрүн жана жер участогу канча убакыт пайдаланылбагандыгын көрсөтүү менен, ырастоочу документтерди (актыларды) түзүү менен алардын талап болбогондугунун себептерин аныкташат;
- алынган маалыматтардын негизинде жергиликтүү ресурстарды жана республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну эске алуу менен конкреттүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттардын өлчөмүн аныктоо менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарбалык жүгүртүүгө тартуу, сугат тармактарын, скважиналарды, насостук станцияларды калыбына келтирүү жана жогорку натыйжалуулукта пайдалануу, жерлерди пайдаланууга тоскоол болгон себептерди жоюу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгат.
94. Жеке жана юридикалык жактардын тооруктарды өткөрүү, түз сүйлөшүүлөр жолу менен жерлерди берүү боюнча даттануулары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан каралат, алар даттанууну кароо жана өзүнүн компетенциясынын чегинде же соттук тартипте чечим кабыл алуу үчүн айылдык, поселоктук кеңештен зарыл болгон бардык документтердин көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу.".
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Төрага |
А.У. Жапаров | |
| |||