Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-декабры № 325
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Агенттикти туруктуу жайгаштыруу үчүн жай тапсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо суралсын.
7. Агенттиктин директору ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
8. Агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ