Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-декабры № 311
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 72 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүүгө ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн уруксат берүүчү документ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүү мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө эксперттик корутундусунун негизинде берилет деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2021-жылдын 20-декабрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Төрага | А.У . Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-декабры № 311
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 72 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүүгө ыйгарым укук берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомуна ылайык күчүн жоготту)