Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 333
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 64, 65-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымды алуу 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-январына чейинки мезгилде Жободо белгиленген жыйымдын өлчөмүнүн 30 пайыз өлчөмүндө, ал эми белгиленген мезгилдсн кийин толук өлчөмдө жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымды электрондук алуунун маалыматтык системасынын операторун тандоо боюнча конкурстук жол-жоболорду аяктасын жана бул маалыматтык системаны пайдаланууга киргизүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 3-пунктун кошпогондо, 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |