Сравнение редакций…
|
| 1-Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103, 2023-жылдын 22-мартындагы № 157, 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жеке мүнөздөгү маалыматтар, киберкоопсуздук (жеке маалыматтарды коргоо бөлүгүндө) чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, жеке маалыматтар субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоону камсыз кылуу, жеке маалыматтар массивин кармоочуларын (ээлерин) каттоо, Жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Казыналык системасында жана банк-агенттеринде эсептешүү, күнүмдүк жана башка эсептери болот.
5. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
6. Ушул Жобо Агенттиктин уюштуруу-укуктук статусун, анын максатын жана милдеттерин, функцияларын жана укуктарын, ошондой эле Агенттиктин ишин уюштурууну аныктайт.
2. Агенттиктин ишинин максаты
7. Агенттиктин ишинин максаты болуп жеке маалыматтарды топтоого, иштетүүгө жана колдонууга байланышкан, ушул маалыматты иштеп чыгууда колдонулуучу каражаттарга, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонууга карабастан, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыздоо саналат.
3. Агенттиктин милдеттери
8. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтын иштелип чыгуусун контролдоону камсыздоо;
2) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо;
3) Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоо жагдайы жөнүндө коомчулукка маалымат берүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.
4. Агенттиктин функциялары
9. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1 ) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- өз компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар жаатындагы мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;
- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функциясын жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо;
- жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууда коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин камсыздоо;
- жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун, тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү нускамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар жаатындагы ишти жөнгө салуу боюнча техникалык актыларды иштеп чыгуу;
2) жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
- жеке маалыматтарды жана жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдоо;
- жеке маалыматтар массивин жана алардын кармоочуларынын (ээлеринин) эсебин жүргүзүү жана каттоо;
- Жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын (ээлеринин) реестрин түзүү жана жүргүзүү;
- жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын (ээлеринин) жеке маалыматтарынын тизмектерин макулдашуу;
- жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган жеке маалыматтардын пайдаланылышын контролдоо;
- жеке маалыматтардын башка кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде пайдалануусун координациялоо;
- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө, анын ичинде электрондук башкаруу элементтерин пайдалануу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу талаш маселелер боюнча сунуштамаларды берүү;
- жеке маалыматтардын маалыматтык системаларындагы жеке маалыматтардын мазмуну жана аларды иштеп чыгуу, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруунун камсыздалышын контролдоо;
- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу практикасына мониторинг жүргүзүү, жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуунун мыкты практикаларын жана стандарттарын жалпылоо жана жарыялоо;
- жеке маалыматтар субъекттерине алардын укуктарын ишке ашырууга жана коргоого көмөк көрсөтүү;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар жөнүндө жеке маалыматтар субъекттеринин кайрылууларын кароо жана корутундуларды чыгаруу;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын бузууга байланышкан материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү;
- жеке маалыматтарды коргоону уюштуруу боюнча методикалык жардам көрсөтүү.
- жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) маалыматтык системаларына экспертиза жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 157, 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, укук коргоо органдарынын жана укуктук режими "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган ыкчам-издөө, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин, расмий статистика өндүрүшүн жүргүзгөн органдардын ишинин натыйжасында алынган жеке маалыматтарга жайылтылбайт.
5. Агенттиктин укуктары
11. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматчылары аткарууга милдеттүү болгон ведомстволук актыларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
2) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу жана коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында маалыматтык чөйрөдөгү улуттук стратегияларды жана программаларды ишке ашырууга;
3) жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасына талдоо жүргүзүүгө жана жалпылоого;
4) жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча сын пикирлер жана сунуштамалар менен корутундуларды даярдоого;
5) ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча актыларды түзүүгө;
6) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган жеке маалыматтардын пайдаланылышын контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жазма буйруктарды түзүүгө жана эскертүү берүүгө;
7) чет мамлекеттердин жеке маалыматтарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле эл аралык уюмдар менен жеке маалыматтарды коргоого байланышкан маселелер боюнча кызматташууга;
8) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашырууга жана коргоого, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылууга багытталган конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, аталган маселелер боюнча тажрыйба алмашууга;
9) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу жана коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу маселелери боюнча илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурууга;
10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана/же жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
11) зарыл болгон адистерди жана эксперттерди, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин (макулдашуу боюнча) ишке тартуу менен Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
12) өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жеке маалыматтар маселелери боюнча мыйзамдар чөйрөсүндөгү зарыл болгон маалыматты жеке маалыматтар массивин кармоочуларынан (ээлеринен) суроого;
13) анык эмес же мыйзамсыз жол менен алынган жеке маалыматтарды тактоону, блоктоону же жок кылууну, жеке маалыматтарды коргоону жана коопсуздугун камсыз кылууга талаптагыдай чараларды көрүүнү жеке маалыматтарды кармоочулардан (ээлеринен) талап кылууга;
14) сот органдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда Агенттиктин кызыкчылыктарын билдирүүгө;
15) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
13. Агенттикте директордун орун басарынын кызмат орду каралган, аны Агенттиктин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
14. Агенттиктин директору:
1) Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Агенттиктин директорунун орун басарынын милдеттерин аныктайт;
3) Агенттиктин түзүмүн бекитет, аны Агенттиктин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Мында Агенттиктин директорун дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
5) Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын чектик саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
6) Агенттиктин буйруктарына, жазма буйруктарына, протоколдоруна, чечимдерине, жамааттык келишимге ошондой эле анын ыйгарым укуктарынан келип чыгуучу башка документтерге кол коёт;
7) Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
8) Агенттиктин штаттык расписаниесин бекитет;
9) Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын жана милдеттерин бекитет;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырат.

141. Агенттикте 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп Агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы) жана директордун орун басары саналат. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бир өкүлү милдеттүү түрдө кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Агенттиктин директору бекитет.
Коллегиянын курамына Агенттиктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Коллегиянын иши Агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилүүчү коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.

14-2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 253 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Агенттиктин иши жөнүндө отчеттор жыл сайын түзүлөт жана отчеттук кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен Агенттиктин расмий сайтында жарыяланат.
7. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо
16. Агенттиктин мүлкү (кыймылдуу жана кыймылсыз) Агенттикке ыкчам башкаруу укугунда берилген мамлекеттин менчиги болуп саналат.
17. Агенттиктин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Каражаттарды сарптоо Агенттиктин директору бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле жамааттык келишимдин шарттарына ылайык учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
8. Корутунду жоболор
19. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
20. Агенттиктин иши токтогон учурда, анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ