Сравнение редакций…
Тиркеме
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 токтомуна
Кыргыз Республикасында акциз салыгын санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо алкоголдук жана тамеки продукцияларын же алардын таңгактарын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмин апробациялоо эрежесин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык, бажы мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугунда аныкталган мааниде колдонулат.
3. Кыргыз Республикасында акциздик товарларга акциздик жыйым маркаларын берүү жана чаптоо Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларга маркалоо коддорун берүү жана идентификациялоо каражаттарын түшүрүү товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору тарабынан (мындан ары – Маркалоо оператору) салык төлөөчүнүн акциз салыгын төлөгөндүгүн ырастоо тууралуу маалыматтарды алуу максатында ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өздөрүнүн маалыматтык системаларын “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – “Товарларды маркалоо” МАМС) менен интеграциялоону ишке ашырат.
6. Маркалоо коддору үчүн акча каражаттары идентификациялык каражаттарды түшүрүү жөнүндө маалыматтар “Товарларды маркалоо” МАМСке жүктөлгөндөн кийин салык төлөөчүгө кайтарылбайт.
7. Кыргызстандын салыктык башкаруу маалыматтык системасы (мындан ары – КСБМС):
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасына импорттолгон маркалануучу акциздик товарларга акциз салыгынын келип түшкөн суммасын эсепке алат;
2) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин, төлөм документинин номерин, бюджеттик классификациянын кодун жана төлөм суммасын көрсөтүү менен акциз салыгынын иш жүзүндө түшкөн суммаларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Товарларды маркалоо” МАМСке акциз салыгынын иш жүзүндө түшкөн суммасы жөнүндө маалыматты жиберүүнү камсыздайт.
8. “Товарларды маркалоо” МАМС:
1) товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде акциз салыгын төлөө суммаларына алдын ала эсептөө жүргүзөт;
2) салык төлөөчүлөр жана бюджеттик классификациянын коддору боюнча КСБМСтен келип түшкөн маалыматтардын негизинде өздүк эсепте төлөнгөн акциз салыгынын суммасын эсепке алат;
3) акциз салыгын төлөөнү валидациялоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорунун генерациясын жүзөгө ашырат;
4) ыйгарым укуктуу салык органына акциз салыгын төлөөнү валидациялоонун жана маркалоо коддорун генерациялоонун жыйынтыктары боюнча маркалоо коддорун түзүү жөнүндө маалыматты жиберет;
5) өздүк эсепте төлөнгөн акциз салыгынын суммасы жетишсиз болгон учурда маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
2-глава. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик товарларды өндүрүүдө жана/же импорттоодо акциздик маркалануучу товарлар үчүн маркалоо коддорун берүү тартиби
9. Маркалоо коддорун алуу максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик товарларды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашырган товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары Маркалоо операторуна кайрылат жана товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө жиберет.
10. Маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө алгандан кийин “Товарларды маркалоо” МАМС товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары берген маалыматтардын негизинде акциз салыгынын төлөнгөн суммасына алдын ала эсептөө жүргүзөт жана өздүк эсепте төлөнгөн акциз салыгынын суммасынын жетиштүү экендигин текшерет.
11. Акциз салыгынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын жана төлөм документинин статусун текшерүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) автоматташтыруу киргизилгенге чейин - Маркалоо операторунан суроо-талап алгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамы тарабынан;
2) автоматташтыруу киргизилгенден кийин - КСБМСтен түшкөн маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МАМС тарабынан автоматташтырылган режимде.
12. Салык төлөөчүнүн өздүк эсебинде акциз салыгынын төлөнгөн суммасы жетиштүү болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС маркалоо коддорун генерациялоону ишке ашырат жана акциз салыгынын эсептелген суммасын өздүк эсептен алып салат.
13. Салык төлөөчүнүн өздүк эсебинде акциз салыгынын төлөнгөн суммасы жетишсиз болгон учурда, “Товарларды маркалоо” МАМС маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
3-глава. Үчүнчү өлкөлөрдөн акциздик товарларды импорттоодо акциздик маркалануучу товарлар үчүн маркалоо коддорун берүүнүн тартиби
14. Маркалоо коддорун алуу максатында үчүнчү өлкөлөрдөн акциздик товарларды импорттоочу товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары Маркалоо операторуна кайрылышат жана идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык маркалоо коддорун генерациялоого заявка жөнөтүшөт.
15. Маркалоо коддорун генерациялоого заявка алгандан кийин “Товарларды маркалоо” МАМС аркылуу товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары берген маалыматтардын негизинде акциз салыгын төлөө суммасын алдын ала эсептейт жана өздүк эсепте акциз салыгынын төлөнгөн суммасы жетиштүү экендигин текшерет.
16. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Маркалоо операторунун суроо-талабын алгандан кийин акциз салыгынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын жана төлөм документинин статусун текшерет.
17. Салык төлөөчүнүн өздүк эсебине акциз салыгынын төлөнгөн суммасы жетиштүү болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС маркалоо коддорун генерациялоону ишке ашырат жана өздүк эсептен акциз салыгынын эсептелген суммасын эсептен чыгарат.
18. Салык төлөөчүнүн өздүк эсебинде акциз салыгынын төлөнгөн суммасы жетишсиз болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
4-глава. Колдонулбаган, жараксыз маркалоо коддорун жокко чыгаруу
19. Акциздик маркалануучу товарларды маркалоо үчүн генерацияланган маркалоо коддорун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) маркалануучу продукцияны өндүрүүнү/импорттоону токтоткон учурда;
2) өндүрүштө маркалоо коддору жараксыз болгондо;
3) маркалоо коддорун генерациялаган учурдан тартып маркалоо чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарында белгиленген мезгил аяктаганда.
20. Акциздик маркалануучу товарларды өндүрүү/импорттоо токтотулганда жана/же акциздик маркалануучу товарларды өндүрүүдө маркалоо коддору жараксыз болгондо салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкү документтерди берет:
1) маркалоо коддорун колдонбоонун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды;
2) колдонулбаган/жараксыз маркалоо коддорун генерациялоо учурунда төлөнгөн маркалоо коддорун алдын алуунун эсебинде кайтарууга/чегерүүгө жаткан акциз салыгынын суммасынын эсебин;
3) кагаз жүзүндөгү жана электрондук алып жүрүүчүдө маркалануучу продукциянын маркалоо коддорун генерациялоо учурундагы акциздин түрүн, сыйымдуулугун, ставкасын көрсөтүү менен жокко чыгарылууга тийиш болгон колдонулбаган/жараксыз маркалоо коддорунун реестрин.
21. Маркалоо маселелери боюнча салык мыйзамдарында белгиленген маркалоо кодун чаптоо жөнүндө маалыматтарды берүүнүн мөөнөтү аяктаганда, маркалоо коддорун жокко чыгаруу “Товарларды маркалоо” МАМСта автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ошол эле учурда маркалоонун көрсөтүлгөн коддорун генерациялоодо акциз салыгынын төлөнгөн суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде маркалоо коддорун кийинки генерациялоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Акциз салыгынын суммасын пайдалануу укугун алуу үчүн салык төлөөчү ушул Жобонун 20-пунктунда каралган документтерди берет.
22. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан маркалоо коддорун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда “Товарларды маркалоо” МАМСта ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан маркалоо коддорун көрсөтүү менен электрондук файлды жүктөө жолу менен маркалоо коддору жокко чыгарылат. Маркалоо коддорун кийинки генерациялоо үчүн чегерүүгө жаткан акциз салыгынын суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү чечиминин реквизиттерин көрсөтүү менен “Товарларды маркалоо” МАМСка киргизилет.
____________________________________________________________
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 токтомуна ылайык
Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жобо
1. Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4, 345-беренелеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты, Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын (сигареттерди жана ысытуучу тамекиси бар буюмдарды кошпогондо) же алардын таңгагын идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркасы менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмин апробациялоо тартибин аныктайт.
2. Бул Убактылуу жободо төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркаларын колдонуу менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмесине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоону/ташып келүүнү жүзөгө ашырган экономикалык иштин субъекти;
2) өндүрүүчү – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укугуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркаларын колдонуу менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүргөн экономикалык иштин субъекти;
3) даярдоочу компания – ыйгарым укуктуу салык органы менен биргелешип иштелип чыккан формалар жана үлгүлөр боюнча идентификациялоо каражаттарын бастыруу менен акциздик жыйым маркаларын даярдоого келишим (контракт) түзгөн компания.
4) ыйгарым укуктуу банк - ыйгарым укуктуу салык органы менен тейлөөгө келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар коммерциялык банк;
5) маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары - Маркалоо оператору) – Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм;
6) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - “Товарларды маркалоо” МАМС) - маркалоо коддорун генерациялоону, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүү тууралуу маалыматты чогултууну, иштетүүнү, сактоону, берүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана ЕАЭБ укуктары менен каралган башка максаттарда колдонулуучу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы;
7) электрондук-маалыматтык элемент – электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу, аныктыгын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды өзүндө алып жүрүүгө жөндөмдүү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү акциздик жыйым маркасындагы элемент;
8) идентификациялоо каражаты – Data Matrix эки өлчөмдүү матрица коду түрүндө берилген, машинада окула турган формадагы маркалоо коду;
9) идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркасы (мындан ары - акциздик жыйым маркасы) – Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланган товарларды өндүрүүнүн жана/же жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу электрондук-маалыматтык элемент жана идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн марка;
10) товарды маркалоо – ушул Убактылуу жобонун талаптарына ылайык акциздик жыйым маркасын товарга жана/же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.
11) маркаланган товар – белгиленген талаптарды сактоо менен акциздик жыйым маркасы түшүрүлгөн товар, алар жөнүндө анык маалыматтар (анын ичинде аларга түшүрүлгөн идентификациялоо каражаттары жана/же идентификациялоо каражаттарын камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар) “Товарларды маркалоо” МАМСта камтылат;
12) акциздик марканын номиналдык наркы – ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатууда акциздик марканын сатылуучу баасы;
13) идентификациялоо каражаттарынын наркы – көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн, анын ичинде товарларды маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо үчүн товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан коюлган эсептерге ылайык Маркалоо операторуна төлөнүүчү акы;
14) тамеки буюмдарынын маркасы (аталышы) – жекече белгилениши (аталышы), рецептурасы, өлчөмдөрү, чыпкасынын болушу же болбошу, ошондой эле өндүрүүчү тарабынан белгиленген башка керектөөчүлүк касиеттери сыяктуу бир же бир нече белгилери менен башка маркалардан айырмаланган тамеки буюмдарынын ассортименттик позициясы;
15) салык кызматынын органы – ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
16) товар жүгүртүүнүн катышуучусу - кийин өткөрүү/сатуу менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн маркаланган товарларды сатып алган субъекттерди кошпогондо, товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъект;
17) товар - материалдык-буюм формасындагы ар кандай мүлк;
18) GTIN – GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциялардын глобалдык номери.
Ушул Жободо колдонулуучу башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында жана ЕАЭБ укугунда аныкталган мааниде пайдаланылат.
3. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйым маркасы менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле мындай товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга тыюу салынат.
Жеке жактарга акциздик жыйым маркасы менен белгиленбеген маркалануучу товарларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чегинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаты түшүрүлгөн акциздик жыйым маркасы менен маркаланууга тийиш болгон акциздик товарлардын тизмеги жана аларды киргизүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Салык төлөөчү тарабынан экспорт үчүн өндүрүлгөн маркалануучу товар экспортко жөнөтүлгөн учурда маркаланбайт. Маркаланууга тийиш болгон (анын ичинде товарды алмашуу негизинде же берилүүчү чийки затты пайдалануу менен сатып алынган), Кыргыз Республикасынын аймагында экспорт үчүн өндүрүлгөн жана акциздик жыйым маркасы менен белгиленбеген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
6. Маркалануучу товар куюлган же салынган бөтөлкөдө, кутуда же башка идиште акциздик жыйым маркасынын болушу аларды керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзитти кошпогондо) жана сактоо (буга өндүрүүчү технологиялык процесске ылайык товарларды маркалоого чейин сактоо же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу үчүн сактоо кирбейт) үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат.
7. Маркалоо акциздик жыйым маркасын кайрадан пайдаланууну жокко чыгаруучу ыкма менен жүзөгө ашырылат. Чаптоочу жер акциздик жыйым маркасы бөтөлкөнү, кутуну же башка идишти ачуу учурунда айрылгыдай болуп аныкталууга тийиш. Акциздик жыйым маркасын түшүрүүдө акциздик марканы бузбастан аны товардан алып салууга мүмкүндүк бербеген клей пайдаланылууга тийиш.
8. Товарларды түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу боюнча маркалоо (алкоголдук буюмдар үчүн) салык кызматынын органынын акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн акциздик жыйым маркаларынын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.
9. Тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү түрдө тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары - өндүрүлгөн дата) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциздик жыйым маркасы жана өндүрүлгөн дата жөнүндө көрсөтмө милдеттүү түрдө целлофан таңгагынын алдына чапталат.
10. Тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы жөнүндө маалыматтардын үстүнө таңгактоонун (кутунун) кандайдыр бир элементтерин же акциздик жыйым маркасын түшүрүүгө жол берилбейт.
11. Тамеки буюмдарын даярдоо датасы тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө төмөнкү талаптар коюлат:
1) жазуу так болушу жана оңой окулушу керек;
2) жазуу тамеки буюмдарынын таңгагын (кутусун) ачканда жазуулардын толуктугун камсыздагыдай жайгаштырылышы керек;
3) жазуу тунук оромо пленкага же кандайдыр бир башка сырткы таңгактоочу материалга жазылбашы керек;
4) тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы тууралуу маалымат араб цифралары менен көрсөтүлөт (шрифттин бийиктиги 3 мм кем болбойт), пробел коюлбайт: айы.жылы жазылат (хх.хххх). Мисалы: 01.2022.
12. Ушул Убактылуу жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган товар маркаланбаган катары каралат.
2-глава. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана/же үчүнчү өлкөлөрдө акциздик товарларды өндүрүүдө жана/же импорттоодо акциздик маркалануучу товарлар үчүн маркалоо коддорун берүү тартиби
13. Идентификациялоо каражаттарына (маркалоо коддоруна) заказ берүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана/же үчүнчү өлкөлөрдө маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларды өндүрүүнү жана/же импорттоону/ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу Маркалоо операторуна кайрылат жана маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө жөнөтөт.
14. Маркалоо коддорун генерациялоого өтүнмө алынгандан кийин “Товарларды маркалоо” МАМС товарларды жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде акциздик салыкты төлөө суммасын алдын ала эсептеп чыгат жана жеке эсепте төлөнгөн акциздик салыктын суммаларынын жетиштүүлүгүн текшерет.
15. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебинин балансын толуктоо төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
1) автоматташтыруу киргизилгенге чейин – ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамы;
2) автоматташтыруу киргизилгенден кийин – автоматташтырылган режимде, Кыргызстандын салыктык башкаруу маалыматтык системасы (мындан ары – КСБМС) түшкөн маалыматтардын негизинде “Товарларды маркалоо” МАМСы.
16. Акциздик салыктын суммаларын эсептөө маркалануучу товарлардын каталогундагы GTIN боюнча маркалоо коддоруна заказдын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
17. “Товарларды маркалоо” МАМС төлөм документинин статусун текшерет.
18. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебинде төлөнгөн акциздик салыктын суммалары жетиштүү болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) маркалоо коддорунун генерациялоону жана жеке эсептен акциздик салыктын эсептелген суммасын эсептен чыгарууну;
2) акциздик жыйым маркаларын даярдоочу компанияга товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу жана генерацияланган маркалоо коддору жөнүндө маалыматты жөнөтүүнү.
19. Салык төлөөчүнүн жеке эсебинде акциздик салыктын төлөнгөн суммалары жетишсиз болгон учурда “Товарларды маркалоо” МАМС товарларды жүгүртүүнүн катышуучусуна идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) генерациялоодон баш тартат.
20. Салык төлөөчү тарабынан акциздик салыктын төлөнгөндүгүн ырастоо тууралуу маалыматтарды алуу максатында Маркалоо оператору, ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өздөрүнүн маалыматтык системаларын “Товарларды маркалоо” МАМСы менен интеграциялоону жүзөгө ашырат.
21. Кыргызстандын салыктык башкаруу маалыматтык системасы:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасына импорттолуучу маркалануучу акциздик товарларга акциздик салыктын түшкөн суммаларынын эсебин жүргүзөт;
2) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, төлөм документинин номерин, бюджеттик классификациянын кодун жана төлөмдүн суммасын көрсөтүү менен акциз салыгынын иш жүзүндө келип түшкөн суммаларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды “Товарларды маркалоо” МАМСка жөнөтүүнү камсыздайт.
22. “Товарларды маркалоо” МАМС:
1) ИСНАКтан салык төлөөчүлөр жана бюджеттик классификациянын коддору боюнча келип түшкөн маалыматтардын негизинде жеке эсептеги акциз салыгынын төлөнгөн суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат;
2) акциздик салыктын балансынын жетиштүүлүгүн ырастоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорун генерациялайт;
3) акциздик салыкты төлөөнү валидациялоонун жана маркалоо коддорун генерациялоонун жыйынтыгы боюнча маркалоо коддорун генерациялоо жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет;
4) жеке эсепте төлөнгөн акциздик салыктын суммасы жетишсиз болгон учурда маркалоо коддорун генерациялоодон баш тартат.
3-глава. Акциздик жыйым маркаларын берүү тартиби
23. Аймактык салык органынын даярдоочу компания тарабынан акциздик жыйым маркаларын даярдоо жөнүндө чечими товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунан акциздик жыйым маркаларын алууга өтүнмө алынган жана “Товарларды маркалоо” МАМС идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) генерациялоо жөнүндө маалыматты ырастаган, ошондой эле товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун жеке эсебине акциздик салыктын эсептелген суммасы келип түшкөн күндөн тартып бир календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
24. Акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу салык органынын акциздик жыйым маркаларын даярдоого чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынан өтүнмө алынган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде даярдоочу компания тарабынан даярдалат жана салык төлөөчүгө берүү үчүн ыйгарым укуктуу банкка берилет.
25. Акциздик жыйым маркалары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу банк аркылуу берилет, ошондой эле чет өлкөгө маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводдорго түздөн-түз жөнөтүлөт.
26. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу товарды белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө өндүрүүчү заводго жөнөтүлгөн акциздик жыйым маркалары маркалануучу товарды өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
27. Чет өлкөдө маркалануучу товарды өндүрүүчү заводдо чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банктан сатылып алынган акциздик жыйым маркалары убактылуу ташып келүү (өткөрүү)/ташып чыгуу бажы жол-жобосу алдында бажы төлөмдөрүн албастан Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгарылат.
28. Акциздик жыйым маркасынын наркын төлөө салык төлөөчү тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркы үчүн ыйгарым укуктуу банктагы атайын блоктолгон эсепке акча каражаттарын которуу жолу менен;
2) идентификациялоо каражаттарынын наркы үчүн Маркалоо операторунун атайын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен.
29. Ыйгарым укуктуу салык органы коюлган эсептерге ылайык даярдоочу компания тарабынан даярдалган жана жеткирилген акциздик жыйым маркаларынын наркын төлөйт, кошумча чыгымдарды төлөйт. Даярдоочу компания менен жылдык салыштыруу жүргүзүлгөндөн жана өз ара эсептешүүлөрдөн кийин блоктолгон эсепте калган сумма, ушул Жобонун 25-пунктунда каралган максаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган максаттарга пайдаланылат.
30. Ыйгарым укуктуу банк салык төлөөчүгө акциздик жыйым маркасын ал акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркын төлөгөндөн кийин гана берет. Акциздик жыйым маркаларын алганга чейин салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акциздик салыктын ставкасы боюнча маркалануучу товарга акциздик салыкты салык органына акциздик жыйымдын маркаларын алууга арыз-эсептөө бергенге чейин жана “Товарларды маркалоо” МАМС аркылуу Маркалоо операторунан идентификациялык каражаттарды (маркалоо коддорун) сатып алганга чейин төлөйт.
31. Акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат. Акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркы акциздик жыйым маркасын даярдоо наркынан, транспорттук чыгымдардан, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктан чет өлкөлүк даярдоочу заводдорго жеткирүү боюнча чыгымдардан, даярдоочу компания жок болгон учурда бажы төлөмдөрүнөн жана алымдардан, курстук айырманын өзгөрүшүнөн келип чыгуучу тобокелдиктерди камсыздандырууга кеткен чыгымдардан жана башка чыгымдардан турат.
Башка чыгымдарга акциздик жыйым маркаларынын, эсептөө техникасынын, байланыш каражаттарынын, акциздик жыйым маркаларын чаптоо үчүн жабдуулардын аныктыгын аныктоо үчүн адистештирилген приборлорду сатып алууга жана тейлөөгө жана окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө топтолгон каражаттарды максаттуу пайдалануу кирет.
32. Салык төлөөчүгө акциздик жыйым маркасын сатуу маркаларды ыйгарым укуктуу банк аркылуу берүү же акциздик жыйым маркасын маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго түздөн-түз жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келүүчү маркалануучу товарлар маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводдо гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банк тарабынан акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим аймактык салык органы тарабынан төмөнкү документтер берилген учурда бир күндүк мөөнөттө кабыл алынат:
- арыз-эсептөө ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 (эки) нускада. Салык төлөөчүнүн арыз-эсептөөсүнө ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен 2 (эки) нускада акциздик товарлардын спецификациясы тиркелет. Арыз-эсептөөнүн жана акциздик товарлардын спецификациясынын бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
- акциздик продукцияны өндүрүүгө жана/же ташып келүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсү (акциздик продукциянын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
- акциз салыгынын жана маркалануучу товарлардын бардык санына акциздик жыйым маркасынын номиналдык наркынын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсү жана түп нускасы. Төлөм документинин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
Акциздик жыйым маркасын чет өлкөлүк маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго жиберүү жөнүндө чечим, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу товарларга акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынат. Мында ушул пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында каралган документтерден тышкары салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер берилет:
- ташып келинген акциздик продукцияга инвойстор, маркалануучу товарды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат;
- маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик жыйым маркаларын жөнөтүү өтүнүчү менен кат.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жана/же үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү салгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн жана түп нускасын, ошондой эле акциздик жыйым маркаларын максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенмени берет.
Импорттолгон маркалануучу товарларга акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 (үч) нускада түзүлөт. Акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – салык төлөөчүдө, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
Мында салык төлөөчүлөр тарабынан акциздик жыйым маркаларынын алынган номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайрадан эсептөө жана салыштыруу жүргүзүлөт.
33. Акциздик жыйым маркаларын маркалануучу товарларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим 2 нускада түзүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы акциздик жыйым маркаларын даярдоочу компанияга акциздик жыйым маркаларынын тиешелүү партиясын маркалануучу товарлардын чет өлкөлүк өндүрүүчү заводуна жөнөтүү жөнүндө заказ катты жөнөтөт.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу товарларды өндүрүүчү заводго жөнөтүүдө акциздик жыйым маркасын сатып алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган акциздик жыйым маркаларын чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечимдин датасы саналат.
34. Чоң идиштерге куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик жыйым маркаларын сатып алууга арызды тариздөөдө салык төлөөчү акциздик салыктын жана акциздик жыйым маркаларынын номиналдык наркын төлөгөндүгү тууралуу ырастоону берет. Маркаланууга тийиш болгон көлөм жана акциздик жыйым маркаларынын номиналдык наркынын төлөнгөндүгү ырасталгандан кийин салык кызматынын органы акциздик жыйым маркаларын берүү тууралуу чечим кабыл алат.
35. Ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолгон маркалануучу товарга акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечим, акциздик жыйым маркаларын чет өлкөлүк маркалануучу товарды өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим салык төлөөчү ушул Жобонун 32-пунктунда каралган документтерди тапшырган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.
36. Салык кызматынын органдары маркалануучу товарларды өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү тарабынан акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептердин жана башка документтердин берилишин контролдойт.
4-глава. Акциздик жыйым маркаларын эсепке алуу жана сактоо тартиби
37. Акциздик жыйым маркасы атайын мамлекеттик бланк болуп саналат.
38. Алкоголдук ичимдиктерге акциздик жыйым маркалары кагаз барактарында даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө болот, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн жана колдонулуучу идиштин диапазонун аныктоочу сериясы болот. Тамеки буюмдарына маркалар кагаз барактарында даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө болот, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, тогуз орундуу катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы болот.
39. Акциздик жыйым маркаларынын сакталышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчү атайын жай бөлүп берүүгө же аларды күйбөгөн ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
40. Акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банкта атайын блоктолгон эсепке төлөнгөн номиналдык наркы боюнча ишкананын кампасында кириштелет, ага акциздик жыйым маркаларын ташуу боюнча чыгымдар киргизилбейт.
41. Акциздик жыйым маркаларын колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен акциздик жыйым маркаларынын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн акциздик жыйым маркаларын кол койдуруп берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана акциздик жыйым маркаларынын тибин, сыйымдуулугун, номерлерин жана аларды алуучунун аты-жөнүн белгилөө менен берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.
42. Салык кызматынын органдары өндүрүүчү ишканаларда акциздик жыйым маркаларын эсептен туура чыгарууну туруктуу контролдоого (бул үчүн зарыл болгон учурда акциздик жыйым маркаларынын бар экендигине инвентаризация жүргүзөт), эсептен чыгарылган акциздик маркалардын санын бөтөлкөдөгү же башка идиштеги алкоголдук ичимдиктердин жана пачкалардагы тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн жана сатылган продукциясынын саны менен салыштырууга милдеттүү.
5-глава. Пайдаланылбаган жана бузулган акциздик жыйым маркаларын кайтарып берүү жана аларды жокко чыгаруу
43. Акциздик маркалануучу товарларды маркалоо үчүн генерацияланган акциздик жыйым маркаларын жана маркалоо коддорун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтогондо;
2) өндүрүү учурунда акциздик жыйым маркалары бракка чыгарылганда;
3) өндүрүштүк брак табылган учурда.
44. Маркалануучу товарларды өндүрүү/импорттоо токтогондо өндүрүүчү/импорттоочу пайдаланылбаган бардык акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Пайдаланылбаган акциздик жыйым маркаларын кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн маркалануучу товарларды өндүрүүчү/импорттоочу акциздик жыйым маркаларын алган жердеги салык кызматынын органына төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик жыйым маркаларын кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү жана акциздик жыйым маркаларын сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып берүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызды;
- пайдаланылбаган/бракка чыгарылган маркалоо коддорун генерациялоодо төлөнгөн, келечекте маркалоо коддорун алуу эсебине кайтарылууга/чегерилүүгө тийиш болгон акциздик салыктын суммаларынын эсебин;
- кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө кайтарылуучу акциздик жыйым маркаларынын сыйымдуулуктун түрүн жана катар номерлерин көрсөтүү менен маркалануучу товарлардын түрүн аныктоочу сериялары жана жокко чыгарылууга тийиш болгон пайдаланылбаган/бракка чыгарылган маркалоо коддору көрсөтүлгөн реестрди;
- акциздик жыйым маркаларын берүү жөнүндө чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерет жана акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал 3 (үч) нускада түзүлөт. Акциздик жыйым маркаларын кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик жыйым маркаларын сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.
45. Импорттолуучу тамеки буюмдары үчүн акциздик жыйым маркаларын кошпогондо, пайдаланылбаган акциздик жыйым маркаларынын номиналдык наркын кайтаруу ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык кызматынын тиешелүү органы менен макулдашуу боюнча бир жумалык мөөнөттө жүргүзүлөт.
Импорттолуучу тамеки буюмдары үчүн пайдаланылбаган акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылуу үчүн гана кабыл алынат жана жокко чыгарылды деп таанылат. Мында акциздик жыйым маркаларынын жана маркалоо коддорунун номиналдык наркы кайтарылбайт, ал эми акциздик салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн катары эсептелет.
46. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чаптоо процессинде акциздик жыйым маркалары бузулган/бракка чыгарылган учурда бузулуу/бракка чыгаруу себептерин, бузулган акциздик жыйым маркаларынын санын жана тибин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу акциздик жыйым маркаларын алган жердеги салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик жыйым маркаларынын бузулгандыгы жөнүндө актыны;
- пайдаланылбаган/бракка чыгарылган маркалоо коддорун генерациялоодо төлөнгөн келечекте маркалоо коддорун алуу эсебине кайтарылууга/чегерилүүгө тийиш болгон акциздик салыктын суммаларынын эсебин;
- кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө маркалануучу продукциянын түрүн, сыйымдуулугун жана кайтарылуучу бузулган акциздик маркалардын катар номерлерин аныктоочу серияларын көрсөткөн реестрди;
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерет жана бузулган акциздик жыйым маркаларын ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал 4 (төрт) нускада, салык кызматынын органы тарабынан бекитилген формада түзүлөт. Акциздик жыйым маркаларын кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик жыйым маркаларын сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында, төртүнчүсү - Маркалоо операторунда калат.
Продукциянын түрүн, сыйымдуулугун, баалардын диапазонун жана катар номерлерин аныктоочу сериялары толугу менен көрүнбөгөн жана электрондук-маалыматтык элементи жана маркалоо коду идентификацияланбаган акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банкка кайтарылбайт.
Акциздик жыйым маркалары бузулганда ыйгарым укуктуу банк тарабынан кабыл алынган бузулган акциздик жыйым маркалары жок кылуу актысына ылайык комиссиялык түрдө жок кылынган жана жокко чыгарылган деп таанылган учурда акциз төлөнбөйт. Маркалардын жана маркалоо коддорунун номиналдык наркы төлөнгөн шартта бузулган маркалардын ордуна жаңы акциздик жыйым маркалары акциздик салыкты кайра төлөбөстөн берилет.
47. Маркалануучу товарды белгилөө үчүн жараксыз болгон акциздик жыйым маркалары салык кызматынын тиешелүү органынын өкүлдөрүнүн, Маркалоо операторунун жана өндүрүүчү/импорттоочунун катышуусунда ыйгарым укуктуу банк тарабынан комиссиялык түрдө жок кылынууга тийиш.
48. Пайдаланылбаган акциздик жыйым маркалары ыйгарым укуктуу банк тарабынан кабыл алынгандан жана/же маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз болгон жана жокко чыгарылган деп таанылган акциздик жыйым маркалары комиссиялык түрдө жок кылынгандан кийин мындай акциздик маркалар боюнча төлөнгөн акциздик салыктын суммасы салык кызматынын органдары/бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акциздик салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы катары эсептелет.
49. Өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулган/бракка чыгарылган же жоголгон учурда, ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурларды кошпогондо, акциздик салык толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайтарылбайт. Акциздик жыйым маркалары жоголгондо алар жокко чыгарылды деп таанылат, ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурларды кошпогондо, акциздик жыйым маркаларын сатып алганга чейин төлөнгөн акциздик салык кайра кайтарылбайт. Алкоголдук продукцияны белгилөө үчүн жоголгон/жокко чыгарылган акциздик жыйым маркалары боюнча акциздик салыкты эсептөө акциздик жыйым маркасында көрсөтүлгөн сыйымдуулукка ылайык идиштин жол берилген максималдуу көлөмүнө карата белгиленген ставкага ылайык жүргүзүлөт.
50. Өндүрүштүк брак табылган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана акциздик жыйым маркаларынын сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда бракталган акциздик жыйым маркаларынын табылганы жөнүндө акт түзөт, акциздик жыйым маркасынын тибин жана номерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле табылган бракталган маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү салык кызматынын органына бракталган маркалардын табылгандыгы жөнүндө актыны, акциздик маркаларды сатып алууда акча каражаттарынын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн жана брак болгон маркалардын сүрөттөрүн берет. Салык кызматынын органдары материалды иликтөө үчүн акциздик жыйым маркаларын өндүрүүчү компанияга андан ары берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына бир жумалык мөөнөттө өткөрүп берет. Өндүрүүчү компания брактын бар экендигин ырастаган учурда салык төлөөчү акциздик салыкты, номиналдык наркын жана маркалоо коддорунун наркын төлөбөстөн брак болгондордун ордуна акциздик жыйым маркаларын алууга укуктуу. Мында жараксыз акциздик жыйым маркалары жокко чыгарылат.
51. Товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу маркалоо коддорун жокко чыгаруу тууралуу кайрылганда жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мындай чечим кабыл алынганда ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан “Товарларды маркалоо” МАМСта маркалоо коддорун көрсөтүү менен электрондук файлды жүктөө аркылуу маркалоо коддорун жокко чыгаруу жүргүзүлөт. Маркалоо коддорун кийин генерациялоо үчүн чегерилүүгө тийиш болгон акциздик салыктын суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкери тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү чечиминин реквизиттерин көрсөтүү менен “Товарларды маркалоо” МАМСка киргизилет.
6-глава. Акциздик товарларды маркалоону контролдоо
52. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана импорттолуучу продукцияны маркалоо салык контролу астында, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан бажы контролу астында (анын ичинде бажы кампасынын, терминалдын аймагында жана Тизмекке киргизилген убактылуу сактоо кампаларында) жүргүзүлөт.
53. Соода тармагында (чекене жана дүң) турган маркалануучу товарда акциздик жыйым маркасынын болушун жана аныктыгын контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
54. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарларды өндүргөн, импорттогон же саткан уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
55. Ыйгарым укуктуу салык органы ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга импорттолуучу алкоголдук жана тамеки продукцияларына берилген акциздик жыйым маркалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле импорттолуучу тамеки буюмдарынын минималдуу чекене баасы жөнүндө маалыматтарды жөнөтөт.
56. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын отчеттук айдын 10уна чейин ыйгарым укуктуу салык органына акциздик товарлардын экспорту/импорту жөнүндө маалыматтарды берет.
| Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
______________________________________________________________________ (Салык кызматынын органынын аталышы)
Акциздик жыйымдын маркаларын сатып алууга арыз-эсептөө
20___-жылдын “___” ______________ № _____ (салык органы тарабынан толтурулат)
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик маркалан-ган продук-циянын түрү | (*) Марка-нын тиби | Сыйым-дуулугу (маркада) | Идиштин сыйым-дуулугу | Сатып алынуучу акциздик маркалар-дын саны | Салык салы-нуучу көлөм | Этил спиртинин курамы/ күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн) | Этил спиртинин курамына / күчтүүлүгүнө карата акциздик салыктын ставкасы (алкоголдук ичимдиктер үчүн) (сом) | Акциз-дик салык-тын сумма-сы (сом) | Акциздик маркалар-дын номинал-дык наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Акциздик салык № __________________ эсепке 20___-жылдын “___” ___________ № _____ төлөм документине ылайык _________________________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу жүзүндө)
Марканын номиналдык наркы № _________________ эсепке 20___-жылдын “___ ” ____________ төлөм документине ылайык _________________________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу жүзүндө)
М.О. | Уюмдун жетекчиси: | _______________________________ |
|
| (колу) |
| Башкы бухгалтер: | _______________________________ |
|
| (колу) |
(*) Марканын типтери: A - арак; C - коньяк; L - ликер-арак ичимдиктери; V - шарап; S - шампан; E - чыпкалуу сигареттер; F - чыпкасыз сигареттер.
| Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
___________________________________________________________________
(Салык кызматынын органынын аталышы)
Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсептөөгө акциздик буюмдарды спецификациялоо 20___-жылдын “___” _____________ № ______
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик продукциянын түрү | Акциздик продукциянын маркасы (аталышы) | Идиштин сыйымдуулугу. Тамеки буюмдарынын түрү | Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси: | __________________________ (аты-жөнү) | ____________ (колу) |
|
|
|
М.О. |
|
|