Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 токтомуна) |
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартибин жана Мекен-картты берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) Мекен-карт автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - АМС) - чет өлкөлүк жарандардын маалыматтарын чогултуу, сактоо, берүү жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтырууга арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
2) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) - арыз ээсинин, жакын туугандарынын (эгер бар болсо) жеке маалыматтарын камтыган, электрондук түрдө таризделген анкета-арыз;
3) Мекен-карт - чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи;
4) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле арыз ээси алардын кароосунда турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;
5) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу боюнча функцияларды камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
6) ведомстволук бөлүк - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүгү;
7) аймактык бөлүктөр - Мекен-картты даярдоо жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө ишин жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүгүнүн аймактык бөлүмдөрү;
8) калкты тейлөө борбору (мындан ары - КТБ) - Мекен-картты даярдоо жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө иштерин жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик ишканалардын аймактык бөлүктөрү;
9) даярдоочу-ишкана - Мекен-картты чыгарган (жекелештирген) мамлекеттик ишкана;
10) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - аткаруу бийлигинин тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн мамлекеттик орган;
11) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
12) миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган - миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
3. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет.
Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
4. Мекен-карт документи чет өлкөлүк жарандын колдонуудагы паспорту болгондо жарактуу болуп саналат.
Мекен-карттын жарактуулук мөөнөтү аны берген күндөн тартып он жылды түзөт.
Өтүнүчтүн формасы жана аны толтуруу тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5. Өтүнүч төмөнкүдөй учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө же КТБ;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.
6. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө же бул статусту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө чет өлкөлүк жарандардын өтүнүчтөрүн жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу боюнча материалдарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат.
7. Мекен-карттын сыпаттамасы жана үлгүсү миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2-глава. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
8. Өтүнүч чет өлкөлүк жаран тарабынан жеке берилет. 18 жашка чыга элек адамдардын өтүнүчтөрү мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан кол коюлуп тапшырылат.
9. Өтүнүчтөр арыз ээсинин жашаган жана жүргөн жерине карабастан АМС аркылуу аймактык бөлүктөрдө, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында өтүнүч бергендердин Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
10. Идентификациялык жеке номердин болушу чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Эгерде чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери жок болсо, аймактык бөлүк, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялык жеке номерди ыйгарат.
11. Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат "(14 жашка толо элек балдардан тышкары);
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (14 жашка толо элек балдардан тышкары) (аймактык бөлүктүн, КТБнын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат);
- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:
1) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастоочу документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо талап кылынат);
2) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат);
3) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:
- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
13. Чет мамлекеттердин аймагында таризделген чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу үчүн берилген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.
Чет тилинде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Котормонун тактыгы жана котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде өтүнүч берилген күнү ким экендигин жана жарандыгын ырастаган документтердин жарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем болсо, чет өлкөнүн жарандарынын өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт.
14. Документтерди кабыл алуу жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү толтуруу ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында аталган тизмекке ылайык берилген документтердин негизинде жүргүзүлөт.
15. Өтүнүч АМС системасында катталган күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет.
16. Керектүү документтер жок болгон учурда, аймактык бөлүктүн, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери арыз ээсине ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында каралган тизмекке ылайык жетишпеген документтерди берүү зарылдыгын кеңири түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
17. Берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалма документтердин белгилери аныкталса, аймактык бөлүктүн, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери 4 нускада акт түзөт (биринчи нуска арыз ээсине берилет, экинчи нуска даярдалган жерде калат, үчүнчү жана төртүнчү нускалары улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет).
Оңдоо жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди тапшырган арыз ээлеринин өтүнүчүн тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акыркы чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.
18. Өтүнүч жазуу учурунда арыз ээсинин кагаз же электрондук колтамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ түрүндө өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кызматкер тарабынан төмөнкүлөр жасалат:
- арыз ээси тарабынан АМСке киргизүү үчүн берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө (документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылышы керек);
- өтүнүчтө келтирилген маалыматтардын тууралыгын арыз ээсинен тактоо. Аракетке жөндөмсүз деп белгиленген тартипте таанылган адамдардан тышкары, арыз ээсинин электрондук кол тамгасын алуу үчүн атайын аспапты колдонуу менен өтүнүчкө кол койдурат. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги адамдын өз колу менен кол тамга коюусуна мүмкүндүк бербесе, кол тамганын ордуна кызматкер сызыкча коёт;
- арыз ээсинин жүзүн сүрөткө тартуу;
- биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн эки колунун (16 жашка чейинки адамдардан тышкары) папиллярдык сүрөттөрүн сканерлөө.
Электрондук түрдө таризделген өтүнүч арыз ээсинин материалдарына жалпылоо үчүн басылып чыгарылат. Берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз берүүчүнүн өздүк ишине тиркелет.
Кабыл алуу аяктагандан кийин аймактык бөлүктүн, КТБ же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери арыз берүүчүгө документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берет.
3-глава. Материалдарды кароо жана макулдашуу тартиби
19. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу үчүн материалдар аймактык бөлүктөр, КТБ, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан кабыл алынгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде АМС аркылуу улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга макулдашууга, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн жиберилет.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери кагаз түрүндө кабыл алган материалдар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга сактоого жиберилет.
20. Улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундулары АМС аркылуу миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жалпы тартипте берилген учурда улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпоого, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилген учурда макулдашуу 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4-глава. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
21. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө материалдар Комиссия тарабынан чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жаппы тартипте тапшырылган учурда 30 календардык күндүн ичинде, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жөнөкөйлөтүлгөн тартипте тапшырылган учурда - улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан корутундулар түшкөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде каралат.
Комиссия өтүнүчтөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Баш тартылган учурда чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүүдөн баш тартылган күндөн тартып бир календардык жылдан кийин кайрадан арыз менен кайрыла алышат.
Комиссиянын курамы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Комиссиянын жыйынын төрага, ал жок учурда - аны алмаштырган адам Комиссиянын курамынын 2/3 бөлүгү катышкан учурда өткөрөт.
Комиссиянын чечими катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Комиссиянын төрагасы менен мүчөлөрү кол койгон протокол аркылуу таризделет.
22. Комиссия чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу жөнүндө оң чечим кабыл алганда материалдар миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан АМС аркылуу 7 жумуш күндүн ичинде Мекен-картты даярдоо үчүн даярдоочу ишканага жиберилет, мындан тышкары аймактык бөлүктөргө, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине (өтүнүч берилген жерге жараша) Комиссия тарабынан кабыл алынган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер тууралуу кабарлама жиберилет.
Аймактык бөлүктүн, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери андан ары АМСте сактоо үчүн келип түшкөн чечимди сканерлейт.
Даярдоочу ишкана Мекен-картты чыгаруу үчүн материалдар келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Мекен-картты чыгарат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу (өтүнүч берилген жерге жараша) аймактык бөлүктөргө, КТБ, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жиберет.
5-глава. Мекен-картты берүү, алмаштыруу, токтотуу жана жокко чыгаруу тартиби
23. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда аймактык бөлүктөр, КТБ, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери (өтүнүч берилген жерге жараша) Мекен-карт берет.
Кыргыз Республикасынын аймагында Мекен-картты аймактык бөлүктөр, КТБ берет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Мекен-карт Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан берилет.
24. Мекен-карт даярдалгандан кийин өтүнүч берген адамга анын даяр экендиги жөнүндө тиешелүү кабарлоо анын электрондук почтасына жиберилет.
Он чечим жөнүндө кабарлама алган чет өлкөлүк жаран Мекен-картты алуу үчүн аймактык бөлүктөргө, КТБ, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине (өтүнүч берилген жерге жараша) жеке өзү кайрылат. 18 жашка чыга элек адамдардын ордуна алардын мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Мекен-карт берилип жаткан учурда анын ээсине жана/же өкүлүнө аймактык бөлүктүн жана/же КТБ же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Мекен-карт кимдин наамына даярдалса, ошол адам ээси экендигине ынанууга;
- нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катта даярдоочу өкүлдүн Мекен-картты алуу мүмкүнчүлүгүн ырастоочу ээсинин өкүлүнүн ыйгарым укуктары камтылгандыгына ынанууга;
- Мекен-картка киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү анын ээсине сунуштоого;
- Мекен-карттын укуктук статусун, статусту токтотуунун жана андан ажыратуунун негиздерин, каттоодон өтүү, ошондой эле өз убагында узартуу милдеттерин түшүндүрүүгө.
Алмаштырылууга тийиш болгон Мекен-карт аны жараксыз кылуу үчүн аймактык бөлүктүн жана/же КТБ же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерине кайтарылышы керек.
26. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде барган жериндеги аймактык бөлүктөрдөн каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Эгерде жашаган жери 30 календардык күндөн ашык убакытка өзгөрүлсө, анда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаңы барган жеринде каттоого туруу жөнүндө арыз менен кайсы болбосун аймактык бөлүккө кайрылууга милдеттүү.
27. Мекен-карт төмөнкү учурларда алмаштырылат:
- аты-жөнүн өзгөрткөндө;
- туулган жылын өзгөрткөндө;
- жазуулардагы так эместиктер аныкталганда;
- колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенде;
- пайдаланууга жараксыз болуп калганда;
- жоголгондо;
- жарандыгын өзгөрткөндө.
28. Мекен-картты алмаштыруу үчүн чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында - аймактык бөлүктөргө же КТБ, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылуулары жана төмөнкү документтерди берүүлөрү керек:
- алмаштыруу себептерин көрсөтүү менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен, белгиленген формадагы арызды;
- Мекен-карт жана анын көчүрмөсүн (жоголуп кеткен учурлардан тышкары);
- чет мамлекеттин жарактуу паспортун жана анын көчүрмөсүн;
- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
Аты-жөнү, туулган жылы өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштыруу учурунда ушул жагдайларды ырастаган кошумча документтер берилет.
Аймактык бөлүктүн, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери Мекен-картты алмаштыруу үчүн зарыл болгон, белгиленген формадагы арыздын жана документтердин тизмеси кабыл алынгандан кийин АМС аркылуу бул материалдарды Мекен-картты даярдоо үчүн даярдоочу ишканага жиберет.
Даярдоочу ишкана Мекен-картты алмаштыруу үчүн материалдар келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Мекен-картты чыгарат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу (өтүнүч берилген жерге жараша) аймактык бөлүктөргө, КТБ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жиберет.
29. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу токтотулган учурда аймактык бөлүктүн, КТБ же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери бул чет өлкөлүк жаранга Мекен-картты кайтарып берүү зарылдыгы жөнүндө билдирет, АМС тиешелүү жазууну киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, Мамлекеттик чек араны коргоо, жер ресурстары жана жер укуктук мамилелери жаатындагы мамлекеттик органдарына билдирүү жөнөтөт.
30. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жазуу жүзүндө кабарлама алгандан кийин Комиссия тарабынан каралат.
Комиссия тарабынан чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан АМСке тиешелүү жазуу киргизилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик чек араны коргоо, жер ресурстары жана жер укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарына билдирүү жиберет.
Мекен-картты тейлеген мамлекеттик орган чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыраган чет өлкөлүк жаранга Комиссиянын чечими жөнүндө кабарлама жиберет.
31. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү өтүнүчү кабыл алынган документтер кагаз түрүндө аймактык бөлүктөрдө жана/же КТБ, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекемелерде (материалдарды алгандан кийин) сакталат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү өтүнүчү менен кайрылган чет өлкөлүк жарандардын материалдарын сактоо тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана электрондук жана кагаз түрүндө 15 жыл сакталат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу токтотулган жана андан ажыратылган чет өлкөлүк жарандардын материалдары 1 жыл сакталат.
32. Талап кылынбаган Мекен-карттар даярдалган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин аймактык бөлүк жана/же КТБ тарабынан ведомстволук бөлүккө берилип, ал жерде 3 жыл аралыгында сакталат.
6 ай өткөндөн кийин чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жооптуу кызматкери Мекен-картты тиешелүү актыны тиркөө менен тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бул Мекен-картты андан ары 3 жыл аралыгында сактоо үчүн ведомстволук бөлүккө жиберет.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган Мекен-карттар ушул Жободо белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
33. Мекен-карт аймактык бөлүктөрдүн же чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлери тарабынан машина окуй турган зонадагы маалыматтарды аймактык бөлүктүн электрондук журналына же чет өлкөлөрдөгү мекемелердеги кагаз журналына киргизүү аркылуу Мекен-картты тешкич менен тешүү жолу менен жараксыз кылынат.
Чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери жараксыз абалга келтирилген Мекен-карттарды тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга дипломатиялык почта аркылуу жиберет.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жараксыз абалга келтирилген Мекен-карттарды андан ары белгиленген тартипте жок кылуу үчүн фельдъегер байланышы аркылуу ведомстволук бөлүккө жиберет.
Жараксыз абалга келтирилген Мекен-карттар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук бөлүктүн кызматкерлеринен турган комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынат.
34. Өтүнүч берген адам тапшырылган документтердин жана өтүнүчтө келтирилген маалыматтардын аныктыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
Документтерди кабыл алган жана АМС аркылуу өтүнүч толтурган аймактык бөлүктүн жана/же КТБ же чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жооптуу кызматкери өтүнүчкө киргизилген маалыматтардын жана өтүнүч тапшырган адамдын документтеринин шайкештигин текшерүү үчүн кылмыш-жаза же тартип жоопкерчилигин тартат.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга караштуу Комиссиянын мүчөлөрү чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү тууралуу кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчиликке тартылат.
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 токтомуна) |
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартибин жана Мекен-картты берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) Мекен-карт автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - АМС) - чет өлкөлүк жарандардын маалыматтарын чогултуу, сактоо, берүү жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтырууга арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
2) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) - арыз ээсинин, жакын туугандарынын (эгер бар болсо) жеке маалыматтарын камтыган, электрондук түрдө таризделген анкета-арыз;
3) Мекен-карт - чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи;
4) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле арыз ээси алардын кароосунда турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;
5) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу боюнча функцияларды камсыз кылган мамлекеттик органы;
6) ведомстволук мекемеси - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемеси;
7) аймактык бөлүмдөр - Мекен-картты жекелештирүү жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө ишин жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) жекелештирүү борбору - Мекен-картты жекелештирүүнү жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган жекелештирүү борбору;
10) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - аткаруу бийлигинин тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн мамлекеттик орган;
11) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
12) миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган - миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет.
Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
4. Мекен-карт документи чет өлкөлүк жарандын колдонуудагы паспорту болгондо жарактуу болуп саналат.
Мекен-карттын жарактуулук мөөнөтү аны берген күндөн тартып он жылды түзөт.
Өтүнүчтүн формасы жана аны толтуруу тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5. Өтүнүч төмөнкүдөй учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө же бул статусту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө чет өлкөлүк жарандардын өтүнүчтөрүн жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу боюнча материалдарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат.
7. Мекен-карттын сыпаттамасы жана үлгүсү миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2-глава. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
8. Өтүнүч чет өлкөлүк жаран тарабынан жеке берилет. 18 жашка чыга элек адамдардын өтүнүчтөрү мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан кол коюлуп тапшырылат.
9. Өтүнүчтөр арыз ээсинин жашаган жана жүргөн жерине карабастан АМС аркылуу аймактык бөлүктөрдө же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында өтүнүч бергендердин Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Идентификациялык жеке номердин болушу чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Эгерде чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери жок болсо, аймактык бөлүк же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялык жеке номерди ыйгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат "(14 жашка толо элек балдардан тышкары);
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (14 жашка толо элек балдардан тышкары) (аймактык бөлүктүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат);
- Мекен-картты тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:
1) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастоочу документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо талап кылынат);
2) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат);
3) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:
- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:
- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмеги:
- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- Мекен-картты тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Чет мамлекеттердин аймагында таризделген чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу үчүн берилген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.
Чет тилинде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Котормонун тактыгы жана котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде өтүнүч берилген күнү ким экендигин жана жарандыгын ырастаган документтердин жарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем болсо, чет өлкөнүн жарандарынын өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт.
14. Документтерди кабыл алуу жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү толтуруу ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында аталган тизмекке ылайык берилген документтердин негизинде жүргүзүлөт.
15. Өтүнүч АМС системасында катталган күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет.
16. Керектүү документтер жок болгон учурда, аймактык бөлүктүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери арыз ээсине ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында каралган тизмекке ылайык жетишпеген документтерди берүү зарылдыгын кеңири түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалма документтердин белгилери аныкталса, аймактык бөлүктүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери 4 нускада акт түзөт (биринчи нуска арыз ээсине берилет, экинчи нуска даярдалган жерде калат, үчүнчү жана төртүнчү нускалары улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет).
Оңдоо жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди тапшырган арыз ээлеринин өтүнүчүн тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акыркы чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Өтүнүч жазуу учурунда арыз ээсинин кагаз же электрондук колтамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ түрүндө өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кызматкер тарабынан төмөнкүлөр жасалат:
- арыз ээси тарабынан АМСке киргизүү үчүн берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө (документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылышы керек);
- өтүнүчтө келтирилген маалыматтардын тууралыгын арыз ээсинен тактоо. Аракетке жөндөмсүз деп белгиленген тартипте таанылган адамдардан тышкары, арыз ээсинин электрондук кол тамгасын алуу үчүн атайын аспапты колдонуу менен өтүнүчкө кол койдурат. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги адамдын өз колу менен кол тамга коюусуна мүмкүндүк бербесе, кол тамганын ордуна кызматкер сызыкча коёт;
- арыз ээсинин жүзүн сүрөткө тартуу;
- биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн эки колунун (16 жашка чейинки адамдардан тышкары) папиллярдык сүрөттөрүн сканерлөө.
Электрондук түрдө таризделген өтүнүч арыз ээсинин материалдарына жалпылоо үчүн басылып чыгарылат. Берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз берүүчүнүн өздүк ишине тиркелет.
Кабыл алуу аяктагандан кийин аймактык бөлүктүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери арыз берүүчүгө документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Материалдарды кароо жана макулдашуу тартиби
19. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу үчүн материалдар аймактык бөлүктөр, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан кабыл алынгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде АМС аркылуу улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга макулдашууга, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн жиберилет.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери кагаз түрүндө кабыл алган материалдар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга сактоого жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундулары АМС аркылуу миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жалпы тартипте берилген учурда улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпоого, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилген учурда макулдашуу 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4-глава. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
21. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө материалдар Комиссия тарабынан чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жаппы тартипте тапшырылган учурда 30 календардык күндүн ичинде, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө өтүнүч жөнөкөйлөтүлгөн тартипте тапшырылган учурда - улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан корутундулар түшкөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде каралат.
Комиссия өтүнүчтөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Баш тартылган учурда чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүүдөн баш тартылган күндөн тартып бир календардык жылдан кийин кайрадан арыз менен кайрыла алышат.
Комиссиянын курамы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Комиссиянын жыйынын төрага, ал жок учурда - аны алмаштырган адам Комиссиянын курамынын 2/3 бөлүгү катышкан учурда өткөрөт.
Комиссиянын чечими катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Комиссиянын төрагасы менен мүчөлөрү кол койгон протокол аркылуу таризделет.
22. Комиссия чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу жөнүндө оң чечим кабыл алганда материалдар миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан АМС аркылуу 7 жумуш күндүн ичинде Мекен-картты даярдоо үчүн жекелештирүү борборуна жиберилет, мындан тышкары аймактык бөлүктөргө же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине (өтүнүч берилген жерге жараша) Комиссия тарабынан кабыл алынган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер тууралуу кабарлама жиберилет.
Аймактык бөлүктүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери андан ары АМСте сактоо үчүн келип түшкөн чечимди сканерлейт.
жекелештирүү борбору Мекен-картты чыгаруу үчүн материалдар келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Мекен-картты жекелештирет жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу (өтүнүч берилген жерге жараша) аймактык бөлүктөргө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Мекен-картты берүү, алмаштыруу, токтотуу жана жокко чыгаруу тартиби
23. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда аймактык бөлүктөр, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери (өтүнүч берилген жерге жараша) Мекен-карт берет.
Кыргыз Республикасынын аймагында Мекен-картты аймактык бөлүктөр берет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Мекен-карт Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Мекен-карт жекелештирилгенден кийин өтүнүч берген адамга анын даяр экендиги жөнүндө тиешелүү кабарлоо анын электрондук почтасына жиберилет.
Он чечим жөнүндө кабарлама алган чет өлкөлүк жаран Мекен-картты алуу үчүн аймактык бөлүктөргө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине (өтүнүч берилген жерге жараша) жеке өзү кайрылат. 18 жашка чыга элек адамдардын ордуна алардын мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 719 , 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Мекен-карт берилип жаткан учурда анын ээсине жана/же өкүлүнө аймактык бөлүктүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Мекен-карт кимдин наамына жекелештирилсе, ошол адам ээси экендигине ынанууга;
- нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катта өкүлдүн Мекен-картты алуу мүмкүнчүлүгүн ырастоочу ээсинин өкүлүнүн ыйгарым укуктары камтылгандыгына ынанууга;
- Мекен-картка киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү анын ээсине сунуштоого;
- Мекен-карттын укуктук статусун, статусту токтотуунун жана андан ажыратуунун негиздерин, каттоодон өтүү, ошондой эле өз убагында узартуу милдеттерин түшүндүрүүгө.
Алмаштырылууга тийиш болгон Мекен-карт аны жараксыз кылуу үчүн аймактык бөлүктүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерине кайтарылышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде барган жериндеги аймактык бөлүктөрдөн каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Эгерде жашаган жери 30 календардык күндөн ашык убакытка өзгөрүлсө, анда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаңы барган жеринде каттоого туруу жөнүндө арыз менен кайсы болбосун аймактык бөлүккө кайрылууга милдеттүү.
27. Мекен-карт төмөнкү учурларда алмаштырылат:
- аты-жөнүн өзгөрткөндө;
- туулган жылын өзгөрткөндө;
- жазуулардагы так эместиктер аныкталганда;
- колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенде;
- пайдаланууга жараксыз болуп калганда;
- жоголгондо;
- жарандыгын өзгөрткөндө.
28. Мекен-картты алмаштыруу үчүн чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында - аймактык бөлүктөргө, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылуулары жана төмөнкү документтерди берүүлөрү керек:
- алмаштыруу себептерин көрсөтүү менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен, белгиленген формадагы арызды;
- Мекен-карт жана анын көчүрмөсүн (жоголуп кеткен учурлардан тышкары);
- чет мамлекеттин жарактуу паспортун жана анын көчүрмөсүн;
- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).
Аты-жөнү, туулган жылы өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштыруу учурунда ушул жагдайларды ырастаган кошумча документтер берилет.
Аймактык бөлүктүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери Мекен-картты алмаштыруу үчүн зарыл болгон, белгиленген формадагы арыздын жана документтердин тизмеси кабыл алынгандан кийин АМС аркылуу бул материалдарды Мекен-картты жекелештирүү үчүн жекелештирүү борборуна жиберет.
Жекелештирүү борбору Мекен-картты алмаштыруу үчүн материалдар келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Мекен-картты чыгарат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу (өтүнүч берилген жерге жараша) аймактык бөлүктөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу токтотулган учурда аймактык бөлүктүн же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемесинин жооптуу кызматкери бул чет өлкөлүк жаранга Мекен-картты кайтарып берүү зарылдыгы жөнүндө билдирет, АМС тиешелүү жазууну киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, Мамлекеттик чек араны коргоо, жер ресурстары жана жер укуктук мамилелери жаатындагы мамлекеттик органдарына билдирүү жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу маселеси улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жазуу жүзүндө кабарлама алгандан кийин Комиссия тарабынан каралат.
Комиссия тарабынан чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан АМСке тиешелүү жазуу киргизилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик чек араны коргоо, жер ресурстары жана жер укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарына билдирүү жиберет.
Мекен-картты тейлеген мамлекеттик орган чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусунан ажыраган чет өлкөлүк жаранга Комиссиянын чечими жөнүндө кабарлама жиберет.
31. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү өтүнүчү кабыл алынган документтер кагаз түрүндө аймактык бөлүктөрдө, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекемелерде (материалдарды алгандан кийин) сакталат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү өтүнүчү менен кайрылган чет өлкөлүк жарандардын материалдарын сактоо тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана электрондук жана кагаз түрүндө 15 жыл сакталат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу токтотулган жана андан ажыратылган чет өлкөлүк жарандардын материалдары 1 жыл сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Талап кылынбаган Мекен-карттар жекелештирилген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин аймактык бөлүк тарабынан ведомстволук мекемеге берилип, ал жерде 3 жыл аралыгында сакталат.
6 ай өткөндөн кийин чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жооптуу кызматкери Мекен-картты тиешелүү актыны тиркөө менен тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бул Мекен-картты андан ары 3 жыл аралыгында сактоо үчүн ведомстволук мекемеге жиберет.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган Мекен-карттар ушул Жободо белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Мекен-карт аймактык бөлүктөрдүн же чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлери тарабынан машина окуй турган зонадагы маалыматтарды аймактык бөлүктүн электрондук журналына же чет өлкөлөрдөгү мекемелердеги кагаз журналына киргизүү аркылуу Мекен-картты тешкич менен тешүү жолу менен жараксыз кылынат.
Чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери жараксыз абалга келтирилген Мекен-карттарды тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга дипломатиялык почта аркылуу жиберет.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жараксыз абалга келтирилген Мекен-карттарды андан ары белгиленген тартипте жок кылуу үчүн фельдъегер байланышы аркылуу ведомстволук мекемеге жиберет.
Жараксыз абалга келтирилген Мекен-карттар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук мекеменин кызматкерлеринен турган комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Өтүнүч берген адам тапшырылган документтердин жана өтүнүчтө келтирилген маалыматтардын аныктыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
Документтерди кабыл алган жана АМС аркылуу өтүнүч толтурган аймактык бөлүктүн же чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жооптуу кызматкери өтүнүчкө киргизилген маалыматтардын жана өтүнүч тапшырган адамдын документтеринин шайкештигин текшерүү үчүн кылмыш-жаза же тартип жоопкерчилигин тартат.