Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-декабры № 326
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:
- 21-пунктунун 2-пунктчасындагы "электрондук визаны тариздөө жана берүү" деген сөздөр "визаны тариздөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:
- таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"
12 | Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу |
| 25 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 43-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карт) же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун - Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155(3336) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-декабры № 326
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук
кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:
- 21-пунктунун 2-пунктчасындагы "электрондук визаны тариздөө жана берүү" деген сөздөр "визаны тариздөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:
- таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"
12 | Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу |
| 25 |
".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155 (3336) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |