Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 27, 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашырууга багытталган ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин Министрликтин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү болот.
Департаменттин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент социальной защиты при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Департаменттин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "СКД";
- расмий тилде: "ДСЗ".
Департаменттин уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.
5. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.
2. Департаменттин максаттары жана милдеттери
6. Департаменттин максаты Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана социалдык стационардык мекемелеринин ишин координациялоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин жана башка социалдык төлөмдөрдүн ордуна акчалай компенсацияларды даректүү жана өз убагында берүүнү, майыптыгы бар адамдарды жана улгайган жарандарды социалдык тейлөөнү камсыз кылуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департаменттин негизги милдеттери:
- социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында жана сапаттуу берүү үчүн шарттарды түзүү;
- социалдык стационардык мекемелердеги жана үйлөрүндөгү майыптыгы бар адамдарды жана улгайган жарандарды социалдык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана социалдык стационардык мекемелеринин ишин координациялоо;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.

3. Департаменттин функциялары
8. Департамент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоо, каржылоо жана төлөө жөнүндө оперативдүү маалыматты жана белгиленген формалар боюнча отчетторду түзөт;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоого Министрлик үчүн жыйынды өтүнмөлөрдү даярдайт;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга, жылып жүрүү үчүн техникалык каражаттарга (кресло-коляскалар) муктаждыктар тууралуу жыйынды өтүнмөлөрдү даярдайт;
- санаториялык-курорттук дарыланууга берилген жолдомолор жана майыптыгы бар адамдар үчүн ары-бери жүрүүгө техникалык каражаттар (кресло-коляскалар) боюнча Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн отчетторун чогултат жана жыйындылайт;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөө жана башка социалдык төлөмдөрдү райондордун өңүтүндө алуучулардын саны боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзөт;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча отчетторду чогултат жана топтойт;
- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринин ишин координациялайт;
- социалдык тейлөөнүн учурдун талабына ылайык формаларын жана түрлөрүн киргизүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде кызматтарды пайдалануучулардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн донордук уюмдарды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө жана социалдык стационардык мекемелерине методикалык жардамдарды көрсөтөт;
- республикалык бюджеттин каражаттарынан кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу үчүн Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн отчетторду жана өтүнмөлөрдү кабыл алат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында калкты социалдык камсыздоо маселелерин дайыма чагылдырып турууга катышат;
- Министрликке калкты социалдык коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата сунуштарды киргизет;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана айыл аймактарынын социалдык коргоо боюнча адистери үчүн окутуучу семинарларды, конференцияларды өткөрөт;
- мамлекеттик социалдык заказдын алкагында конкурс өткөрүүнү уюштурат;
- Департаменттин аппаратынын бухгалтердик эсеп жана кадр иштери боюнча ишин жүргүзөт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары менен өз ара аракеттенет;
- калкты социалдык камсыздоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлө маселелери боюнча отчетторду чогултат, топтойт жана талдоо жүргүзүү үчүн Министрликке берет;
- бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн жана жеке ассистенттин кызматтары үчүн банктык транзиттик эсептерге акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын (бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар, ай сайын берилүүчү кошумча жөлөкпулдар) дайындалышына мониторинг жүргүзөт;
- маанилүү даталарга карата пландарды иштеп чыгат жана иш-чараларды өткөрөт;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн ишеним телефондору жана аларга бекитилген маалыматтык ресурстар аркылуу социалдык жардам көрсөтүү боюнча отчетторун чогултат жана топтойт;
- келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын/кырсыктардын (сел, өрт, жер титирөө, кыйроолор ж.б.) натыйжасында жабыркаган жана каза болгон адамдарды аныктоо, социалдык колдоо көрсөтүү боюнча Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтарын чогултат жана топтойт;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды кайтарууга (репатриациялоого) жана туугандарын издөөгө көмөк көрсөтөт;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга альтернативдик кам көрүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- жарандардын каттары, арыздары, кайрылуулары менен иштөөнү жана жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жардам алууга муктаждыктарына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо чөйрөсүндөгү иши жөнүндө ар кварталдык жыйынды отчетту, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө маалыматты Министрликке берет;
- Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

4. Департаменттин укуктары
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана социалдык стационардык мекемелеринин жетекчилеринен Департаменттин алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон отчетторду жана материалдарды суроого жана алууга;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
- милдеттерин жана функцияларын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарга.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынын кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
11. Департаменттин директору:
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин ишин уюштурат, өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылат;
- кадрларды тандоого жана жайгаштырууга, эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга жалпы жетекчилик кылат;
- белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин өндүрүштүк ишинин оперативдик, кадрдык жана башка күндөлүк маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
- иштеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүгү үчүн Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуштайт;
- белгиленген тартипте Департаменттин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизет;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана социалдык стационардык мекемелеринин жетекчилерин сыйлоо жана жазалоо жөнүндө маселелерди министрдин кароосуна киргизет;
- бардык уюмдарда, соттук инстанцияларда Департаменттин атынан иш алып барат;
- Департаменттин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын министрдин бекитүүсүнө берет.
12. Директордун орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Департамент аппаратты күтүүгө Министрлик тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
14. Департамент өзүнүн балансында бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен сатып алынуучу негизги каражаттарга жана материалдык баалуулуктарга ээ жана алардын сакталышын камсыз кылат.
6. Корутунду жоболор
15. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
16. Кайра уюштурууда Департаменттин бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук улантуучусуна өтөт.
17. Департамент жоюлган учурда анын иш процессинде пайда болгон документтер архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 27, 2023-жылдын 23-майындагы № 269, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакциясына ылайык)

– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)