Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 24-декабрындагы № 333

токтому менен бекитилген

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобо

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүчү үчүн жыйымдын өлчөмүн эсептөөнүн жана аны алуунун тартибин аныктайт.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, бул Жобонун күчү уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга карата колдонулат.

3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым - автомобиль жүк транспорт каражатына жана/же автобуска ээ болгон жана/же башкаруучу юридикалык же жеке жактардан алынуучу төлөм, аны төлөө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жыйым төлөөчүлөргө карата юридикалык маанилүү аракеттерди жүзөгө ашыруунун шарттарынын бири болуп саналат;

2) төлөөчү - Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана/же автобустардын ээлери (пайдалануучулар);

3) өтүү аралыгы - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорт каражаты жана автобус өткөн, километрлер менен өлчөнгөн аралык;

4) жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан жыйымдарды электрондук алуунун маалыматтык системасы (мындан ары - маалыматтык система) - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын кыймылы жөнүндө маалыматтардын автоматтык режиминде маалыматтарды жыйноону, иштетүүнү, сактоону жана берүүнү камсыз кылуучу техникалык жана технологиялык жактан байланышкан объекттердин жыйындысы;

5) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүнүн жеңүүчүсүн аныктоочу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу тандап алуу;

6) оператор - маалыматтык системаны пайдаланууну камсыз кылган конкурстун жыйынтыктары боюнча тандалып алынган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак.

2-глава. Жыйымдын өлчөмүн эсептөөнүн методикасы

4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүнүн бир километри үчүн жыйымдын өлчөмү ушул Жобонун тиркемесине ылайык категориялар боюнча транспорт каражаттарынын классификациясына жараша белгиленет (М - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары, N - жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары).

5. Жыйымдын базалык өлчөмү Кыргыз Республикасы боюнча орточо сааттык орточо айлык эмгек акынын 1/100 бөлүгү өлчөмүндө белгиленет, аны аныктоодо жүк ташуу үчүн пайдаланылуучу N - транспорт каражатынын категориясы негиз кылып алынган жана төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Cn - ОСЭАорт./L, мында Cn- жыйымдын базалык өлчөмү; ОСЭАорт. - орточо сааттык эмгек акы; L- 1/100;

ОЭАорт. - ОАЭАорт./С, мында

ОАЭА - орточо айлык эмгек акы (18 493 сом);

С - айына жумуш сааттарынын саны (160=20 күн х 8 саат);

ОСЭАорт. = 18 493/160 =115,58;

CN= 115,58/100= 1,16 сом.

6.  Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын башка категориялары үчүн жыйымдын өлчөмүн эсептөө транспорт каражатынын конкреттүү категориясы үчүн максималдуу уруксат берилген массасынын жүк ташуучу транспорт каражатынын минималдык уруксат берилген массасына (Ммин=3,5 тонна) төмөнкү чектин катышына жыйымдын базалык өлчөмүн көбөйтүү жолу менен эсептелет.

Мисал:

N1 жүк ташуу категориясы үчүн жыйымдын өлчөмү:

CN1 = CN х МN1/Ммин = 1,16x3,5/3,5 = 1,16 сом;

N2 жүк ташуу категориясы үчүн жыйымдын өлчөмү:

CN2 = CN1х MN2/Mмин = 1,16 x 12/3,5 = 3,98 сом;

N3 жүк ташуу категориясы үчүн жыйымдын өлчөмү:

СN3 = CN1х МN3/Mмин, = 1,16 x 25/3,5 = 8,29 сом.

7.  M категориясындагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары үчүн жыйымдын өлчөмү жыйымдын базалык өлчөмүнүн тиешелүү түрдө 10 %ына жана 20 %ына барабар, же:

M1 категориясындагы жүргүнчүлөрдүн транспорту үчүн жыйымдын өлчөмү:

CM1=CN1 х 10%, же 1,16x10%= 0,12 сом;

М2 категориясындагы жүргүнчүлөрдүн транспорту үчүн төлөмдүн өлчөмү:

СМ2= CN1, х 20%, же 1,16 х 20%=0,23 сом.

Эсептерде жыйымдын өлчөмү онунчу үлүшкө чейин тегеректелет.

 

3-глава. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым алуунун тартиби

 

9. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымды эсептөө жана аны алуу маалыматтык системаны пайдалануу менен ишке ашырылат.

Маалыматтык системаны эксплуатациялоо тартиби транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

10. Төлөөчү жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн төлөөчүнүн жеке номерин ага ыйгаруу менен маалыматтык системада катталууга тийиш.

11. Төлөөчүлөрдөн жыйымды алуу улуттук валютада жүргүзүлөт.

12. Жыйымдын суммасы өтүү аралыгына жыйымдын өлчөмүн көбөйтүү жолу менен аныкталат.

13. Жыйымдын суммасын эсептөөдө өтүү аралыгы бүтүн санга чейин тегеректелет.

14. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолуна чыгуу үчүн төлөөчү өзү же өкүлү аркылуу маалыматтык системадагы жыйымдын бардык суммасын накталай жана накталай эмес түрдө жолду пайдаланууга чейин алдын ала төлөөнү жүзөгө ашырат.

15. Төлөөчү төмөнкү ыкмалардын бири менен төлөмдү жүзөгө ашырат:

- жыйым алуу пунктунда банк мекемелери же төлөм терминалдары аркылуу;

-электрондук            башкаруу       чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын пайдалануу жолу менен.

16. Төлөөчү 1000 эсептик көрсөткүч суммасында алдын ала төлөгөндө, жыйымдын өлчөмү ушул Жободо белгиленген жыйымдын өлчөмдөрүнөн транспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30 %га азаят.

17. Транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым алуудан бошотуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган адамдардын кайрылуусу боюнча жүзөгө ашырылат.

18. Жыйымды эсептөөнүн тууралыгын, толуктугун жана өз учурунда төлөнүшүн эсепке алууну жана контролдоону, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) жыйымдарды, үстөк акыларды жана айыптарды кайтаруу (эсептөө) жөнүндө чечимдерди кабыл алууну транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

19. Төлөөчү салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жыйымдын суммасын эсептөөнүн тууралыгын эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга укуктуу.

20. Жыйым төлөөчүлөр салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жыйымды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартышат.