Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
“Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары – транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Мекеме) ишин регламенттейт.
2. Мекеме Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Директорду жана директордун орун басарларын кошпогондо, Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналбайт.
5. Мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча баланска жана ыкчам башкаруу укугунун негизинде ага бекитилген мүлккө, алыш-бериш жана башка эсептерге ээ. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
6. Мекеменин ишин Министрлик контролдойт.
7. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси”;
расмий тилде: “Государственное учреждение “Унаа” Министерства внутренних дел Кыргызской Республики”.
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: “Унаа” ММ”;
расмий тилде: “ГУ “Унаа”.
8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 2а.
Мекеме филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга мүлктүн бир бөлүгүн белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Мекеменин максаты
9. Мекеменин максаты транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп эсептелет.
3. Мекеменин милдеттери
10. Мекеменин милдеттери төмөнкүлөр:
1) транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарына болгон укуктарды, чектөөлөрдү жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо системасын уюштуруу;
2) Мекеменин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;
3) транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Министрликтин кароосуна киргизүү;
4) жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга жетүү укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоо;
5) жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтардын корголушун камсыздоо.
4. Мекеменин функциялары
11. Мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде жана ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функцияларын:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды Министрликтин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү жөнүндө сунуштарды Министрликтин кароосуна киргизүү;
- эл аралык практиканы эске алуу менен транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулардын курамын даярдоо жана кайра даярдоо, документтештирүү жана эсепке алуу системасын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Министрликтин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
- Министрликке сунуштарды киргизүү жолу менен мамлекеттик маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын, транспорт каражаттарынын каттоо документтеринин, мамлекеттик каттоо белгилеринин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукциялардын үлгүлөрүн жана техникалык спецификацияларын иштеп чыгууга катышуу;
- компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды Министрликтин кароосуна киргизүү;
- Мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышуу;
- айдоочуларды даярдоо, кайра даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышуу;
- транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, каттоо документтерин берүү, транспорт каражаттарынын номердик түйүндөрүнө жана агрегаттарына кароо жүргүзүү жана алардын эсептик маалыматтары менен салыштырып текшерүү, кайра жабдылган, түйүндөрдөн жана агрегаттардан чогултулган машиналарды жана жабдууларды техникалык күбөлөндүрүү;
- транспорт каражаттарынын пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин (түстүү металлдардын сыныктары) конкурстук негизде (аукциондо) сатуу;
- айдоочулук күбөлүктү, тракторист-машинисттин күбөлүгүн алууга квалификациялык экзамендерди кабыл алууга жана өткөрүүгө адамдардын кирүүсүнө уруксат берүү, квалификациялык экзамендерди алуу;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын кароо;
- Министрлик менен макулдашуу аркылуу Мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөргөндүгү тууралуу жарандарга маалымат берүү;
- Мекеменин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Министрликке сунуштарды киргизүү;
2) координациялоо жана башкаруу функциялары:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо жаатындагы мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча Мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн (АвтоЦон) ишин контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- транспорт каражаттарына болгон чектөөлөрдү белгиленген тартипте эсепке алуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарын, транспорт каражаттарынын каттоо документтерин, транспорт каражаттарына мамлекеттик каттоо белгилерин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияларды белгиленген тартипте эсепке алуу;
3) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары;
- катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын маалыматтар базасын түзүү;
- транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жана жараксыздыкка чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарын, транспорт каражаттарынын каттоо документтерин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияларды жекелештирүү;
- транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жыйымдарды алуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн алууга талапкерлерди эсепке алуу;
- квалификациялык экзамендерди тапшырган адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана алмаштыруу;
- транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номердик белгилерин сатууну, берүүнү жана алмаштырууну камсыздоо;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана алардын коопсуздугун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эгер суралган маалымат органдын компетенциясына жана ыйгарым укуктарына кирсе, катталган транспорт каражаттары жана алардын ээлери жөнүндө, айдоочулук күбөлүк алган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Мекеменин компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
5. Мекеменин укуктары жана милдеттери
13. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан анын компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) коопсуздуктун, эксплуатациялоонун жана жол кыймылына катышуунун белгиленген талаптарына шайкеш келбеген, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлери же мамлекеттик каттоо белгилери жашыруун, жасалма, өзгөртүлгөн транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди берүүдөн жана каттоодон баш тартууга;
4) юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинен негизги каражаттарды сатып алууга;
5) башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
6) өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттенмелерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
7) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен Мекеменин иштешин камсыз кылуу үчүн жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
8) кызматкерлерге кеңеш берүү, окутуу жана мамлекеттик Мекеменин функцияларын жана башка максаттарды аткаруу үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
9) Мекеменин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтык иш сапарларга жиберүүгө;
10) жарнама берүүчү катары чыгууга;
11) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түзүлгөн атайын каражаттарды жана бюджеттик эмес каражаттарды (гранттар, фонддор) Мекеменин материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, социалдык керектөөлөргө, жумушчуларды материалдык кызыктырууга, эксперттерди ишке тартууга жана Мекеменин ишине байланышкан башка максаттарда, ошондой эле жамааттык келишимди аткаруу максатында пайдаланууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мекеме ижарага берүүчү жана ижарага алуучу боло алат. Мүлктү ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
15. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
2) бардык кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
3) өзүнүн милдеттенмелерин түзүлгөн келишимге ылайык аткарууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызматкерлер менен толук эсептешүүгө;
5) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыздоого;
6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө салыктарды төлөө жана салыктык отчетторду берүү.
16. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинен иштөөсүн токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин аралыгында сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке жашоосун, ар-намысын козгогон маалыматтарды купуя сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого милдеттүү.
Мекеменин кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгектик милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, мыйзамсыз иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
Мекеменин кызматкерлерине алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн мамлекеттик жарандык кызмат жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.
17. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырат.
6. Мекеменин ишин уюштуруу
18. Мекемени директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Директор Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
20. Мекемеде эки орун басардын кызмат орду каралган, алар Мекеменин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин демилгеси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Директор жок учурда аны милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык орун басарларынын бири алмаштырат.
21. Мекеменин, анын аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн (АвтоЦОН) түзүмүн жана штаттык санын директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Мекеменин кызматкерлери Министрликтин буйругу менен бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Ишке кабыл алуунун, которуунун жана жылдыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан аныкталат.
23. Директордун, директордун орун басарларынын функциялык милдеттерин Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бекитет.
24. Мекеменин директору:
1) Мекемени башкарат жана жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, анын ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Мекеменин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде Мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
4) иш пландарын, кирешелер жана чыгымдар сметаларын, эмгек акы төлөө шарттарын, кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет;
5) Мекеменин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
6) Мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
7) Мекеменин түзүмдүк жана аймактык каттоо бөлүмдөрү (АвтоЦон) жөнүндө жоболорду, ички иш тартибин бекитет;
8) кызматкерлерге карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
9) кошумча төлөмдөрдү белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
10) белгиленген тартипте Мекеменин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштайт;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Мекеменин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
25. Мекеме Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыгын бухгалтердик эсепке алат жана статистикалык отчетторду жүргүзөт.
26. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда анын карамагында турган каражаттардын эсебинен ички аудит жүргүзөт.
8. Мекеменин мүлкү
27. Мекеме оперативдүү башкаруу укугуна негизделген.
28. Мекеменин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат, аны ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Мекеменин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Мекеменин мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
Каражаттарды чыгымдоо директор бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
31. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
32. Мекеменин документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.