Сравнение редакций…
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179, 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (мындан ары – Министрлик) энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Министрликке караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары бөлүгүндө укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана казыналык системасында эсептери бар.
5. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат”;
– расмий тилде: “Cлужба по энергетическому надзору при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
Кызматтын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “ЭКК”;
– расмий тилде: “СЭН”.
Кызматтын уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
7. Кызмат өз ишин менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
2-глава. Кызматтын ишинин максаты
8. Кызматтын ишинин максаты энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдеринин жана талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө болуп саналат.
3-глава. Кызматтын негизги милдеттери
9. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– юридикалык жана жеке жактар тарабынан энергетика чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;
– энергетика секторундагы авариялардын жана окуялардын кесепеттеринен мамлекеттин, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо;
– өзүнүн компетенциясына ылайык энергетика жаатындагы мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу.
4-глава. Кызматтын функциялары
10. Кызмат белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) энергетика жаатында белгиленген тартипте контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат:
- төмөнкүлөрдүн сакталышын:
электр жана жылуулук тармактарын, энергетикалык жабдууларды эксплуатациялоодо, монтаждоодо жана жөндөөдө коопсуздук эрежелеринин талаптарынын;
өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар, өнөр жай жана башка ишканалар, уюмдар, мекемелер жана турмуш-тиричиликтик керектөөчүлөр тарабынан электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн эрежелеринин, электр станцияларын жана тармактарын, анын ичинде жылуулук станцияларын жана тармактарын техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин, керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин, коопсуздук техникасынын эрежелеринин, электр жана жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелеринин талаптарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын;
өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар, лицензиаттар жана керектөөчүлөр тарабынан электр жана жылуулук орнотмолорун жана жабдууларын эксплуатациялоодо техникалык регламенттердин талаптарынын, техникалык талаптардын;
- ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан ченемдик-техникалык документтерге ылайык жаңыдан колдонууга киргизилген, ошондой эле реконструкцияланган жана модернизацияланган электр жана жылуулук орнотмолорунун жана жабдууларын кабыл алуу-өткөрүп берүү сыноолорунун жана аларды эксплуатациялоо процессинде мезгилдүү сыноолордун жүргүзүлүшүн;
- өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар, ошондой эле лицензиаттар тарабынан электр энергетика ишканаларында, уюмдарында персонал менен иштөө эрежелеринин талаптарынын аткарылышын;
- техникалык шарттарда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышын, ченемдик укуктук актыларга ылайык жаңыдан колдонууга киргизилген жана реконструкцияланган электр жана жылуулук орнотмолорун эксплуатациялоого уруксат берилишин;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын максаттуу багытынын ырасталышын;
2) колдоо функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди чечүүдө юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;
- системалар аралык, системалык, жергиликтүү авариялардын жана энергия системаларынын ишиндеги технологиялык бузуулардын себептерин жана кесепеттерин мындан ары ушул сыяктуу бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу менен ыкчам иликтөөгө жана четтетүүгө, ошондой эле энергия жабдууларын, энергия ишканаларынын жана керектөөчүлөрдүн электр берүү линияларын эксплуатациялоого киргизүүгө катышат;
- уставында электр техникалык лабораториялар тарабынан электр жабдууларына сыноолорду жүргүзүү каралган лицензиаттардын жана чарбалык субъекттердин персоналына өздөрүнүн жабдууларын контролдоого же башка менчик ээлеринде мындай иштерди жүргүзүүгө уруксат берет;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан ишканалардын, энергия менен камсыздоочу уюмдардын жетекчилеринин жана персоналынын жана керектөөчүлөрдүн энергиялык коопсуздук маселелери боюнча билимдерин текшерет (мезгилдүү жана кезексиз);
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан ишканалардын, энергия менен камсыздоочу уюмдардын кызматкерлеринин жана керектөөчүлөрдүн энергиялык коопсуздук маселелери боюнча билимин текшерүү боюнча комиссиянын ишине белгиленген тартипте катышат;
- натыйжалуу жана ишеничтүү эксплуатациялоонун, ошондой эле тейлөө коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген электр жана жылуулук колдонулуучу жабдууларды өндүрүштөн алып салуу тууралуу чечим кабыл алат;
- комиссиялардын курамында өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктардын себептерин жана жагдайларын белгиленген тартипте изилдейт;
- энергия компаниялары тарабынан белгиленген тартипте берилген энергия-16 формасы боюнча отчетторду жыйнайт жана Кыргыз Республикасынын энергия системасынын энергияны өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү уюмдарынын ишиндеги бузууларды иликтөө жана эсепке алуу боюнча эрежелердин энергия-16 формасы боюнча жыйынды отчетту түзөт;
- укук бузуулар жөнүндө материалдарды карайт, берилген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айыптарды жана жазалардын башка түрлөрүн салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Кызматтын укуктары
11. Кызмат төмөнкүдөй укуктарга ээ:
– мыйзамдарга ылайык менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле көзөмөлдө турган объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө;
– адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан өзгөчө учурларда (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү авария болгондо же анын коркунучу келип чыкканда) себептерин жана адамдардын ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн абалына жол берилгис таасир этүүнүн булактарын аныктоо, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү албастан, күндүн убактысына карабастан көзөмөлдө турган объекттерге белгиленген тартипте токтоосуз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
– мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга, ошондой эле жеке жактарга текшерүүдө аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө аткарылуу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
– бузуулардын мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
– берилген ыйгарым укуктардын чегинде укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, юридикалык, жеке жактарга жана кызмат адамдарына айыптарды жана жазалардын башка түрлөрүн салууга;
– бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө;
– өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн белгиленген тартипте эксперттердин жана адистердин ичинен жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
– мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
– уруксаттын (күбөлүктүн) колдонуу шарттары аткарылбаган же кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбеген одоно бузуулар аныкталган учурларда мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензиялардын, уруксаттардын жана күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу же аларды кайра чакыртып алуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
– бузуулар боюнча түзүлгөн актылардын эрежелердин жана башка ченемдик актылардын талаптарына шайкештигин жана чарбалык субъекттер тарабынан эсептелеген суммалардын туура эсептелишин текшерүүгө;
– натыйжалуу жана ишенимдүү эксплуатациялоонун, ошондой эле тейлөө коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген электр жана жылуулук колдонулуучу жабдууларды өндүрүштөн алып салууга;
– аварияга, өрткө же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү бузуулар аныкталганда юридикалык жактардын жетекчилеринен, ошондой эле жеке жактардан электр жана жылуулук орнотмолорун токтоосуз өчүрүүнү талап кылууга;
– жаңы жана реконструкциялануучу электр жана жылуулук орнотмолорунун долбоорлорунун колдонуудагы эрежелерге шайкештигин текшерүүгө жана аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө;
– Кызматтын техникалык кеңешинде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн отчетторун угууга;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
– мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан энергетикалык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалымат алууга;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди белгиленген тартипте чыгарууга;
– белгиленген тартипте сотко доо арыз менен кайрылууга, ошондой эле сотто энергетика жаатындагы мыйзамдардын бузулушу менен байланышкан иштерди кароого катышууга;
– Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы мыйзамдарынын бузулушу тууралуу түшүнүк берүү үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
– министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
– өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга жана белгиленген тартипте эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катары чыгууга;
– Министрликке Кыргыз Республикасынын энергетика жана контролдоо-көзөмөлдөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
12. Кызматты Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздук боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп саналган директор башкарат.
13. Кызматтын директору Кыргыз Республикасынын энергетика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Кызматтын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын энергетика министри бекитет.
15. Директор:
– Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана Кызматтын кызматкерлеринин штаттык санынын чегинде Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын энергетика министринин бекитүүсүнө берет;
– Кызматтын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
– Кызматтын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
– буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
– зарыл болгон учурда даттанууларга жана арыздарга ыкчам чара көрүү үчүн комиссияларды түзөт;
– Кызматтын, ошондой эле анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
– өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуштайт жана кызматкерлерге карата материалдык сыйлоо чараларын колдонот;
– Кызмат системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
– өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын тизмесин аныктоого катышат, алардын корголушун камсыздайт;
– Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат.
16. Кызматтын директорунун орун басары болот.
Директордун орун басары Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кызматтын директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Кызматтын ишин уюштурат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кызматта энергетикалык коопсуздукту жөнгө салуу маселелери жана Кызматтын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча техникалык кеңеш түзүлөт.
Техникалык кеңештин курамын жана ал жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын энергетика министри бекитет, Кызматтын директору техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
18. Кызматтын мамлекеттик инспекциялоону жүргүзүүгө укук берилген кызматкерлери энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп саналат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
19. Кызматтын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттуулук формаларын колдонушат.
20. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
7-глава. Жоопкерчилик
21. Кызматтын кызмат адамдары өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
8-глава. Мүлкү жана финансы каражаттары
22. Кызмат белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
23. Кызматтын иши республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржыланат.
9-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
24. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
25. Иши токтотулган учурда Кызматтын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179, 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759 токтомдорунун редакциясына ылайык)

– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;
– Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759 токтомунун редакциясына ылайык)