Сравнение редакций…
Тиркеме
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда ишке орношууда көмөк көрсөтүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук түрүндө иштеген юридикалык жак болуп саналат.
4. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон эсептери бар.
5. Борбор Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун укугун улантуучу болуп саналат.
6. Борбор ишин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
7. Борбордун толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору”;
– расмий тилде: “Центр трудоустройства граждан за рубежом при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики”.
Борбордун кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору”;
– расмий тилде: “Центр трудоустройства граждан за рубежом”.
Борбордун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, № 237.
2. Борбордун ишинин максаты
8. Борбордун ишинин максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына тышкы эмгек рыногунда ишке орношууга көмөк көрсөтүү, чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана республиканын аймагынан тышкары жерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарын компенсациялоо болуп саналат.

3. Борбордун милдеттери
9. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө уюшкандыкта ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү;
2) коопсуз миграциянын формаларын интеграциялоо жана ишке ашыруу;
3) эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусунда тышкы эмгек миграция чөйрөсүндө долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) бара турган өлкөгө кирүү жана чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
5) чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
6) республикадан тышкары жакта каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялоо.

4. Борбордун негизги функциялары
10. Борбор төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
– Министрлик жүргүзүп жаткан мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашырууга катышат;
– жумуш берүүчүлөр, иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктер жана башка кызыкдар тараптар менен өнөктөштүк мамилелерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт;
– түзүлгөн макулдашуулардын алкагында жумуш берүүчүлөр жана бош орундар, ошондой эле чет өлкөдө иш издеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды чогултат жана жаңыртып турат;
– Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө ишке орношуу үчүн зарыл болгон уруксат берүү документтерин тариздөөдө көмөк көрсөтөт;
– координациялык жана кеңеш берүүчү органдардын, алардын ичинде ведомстволор аралык органдардын ишине, ошондой эле кеңешмелерге, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышат;
- чет өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын жапа мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
2) кызмат көрсөтүү функциялары:
– жарандарга тышкы эмгек миграциясы жана чет өлкөлөрдө уюштурулган ишке орноштуруу маселелери боюнча маалымдайт жана кеңеш берет, алардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтөт;
– жарандарга ишке орношууга барган өлкөнүн социалдык, маданий жана башка шарттары, жумуш берүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен эмгек келишимдерин түзүүнүн укуктук аспекттери жөнүндө маалымдайт;
– кызматкерлерди тандоо боюнча кызматтарды көрсөтөт;
– чет өлкөдө иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандарын Борбордун иш издөөчүлөрдүн маалыматтар базасында каттайт;
– Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын иш издөөчүлөрдүн маалыматтар базасында сактоону, иштеп чыгууну камсыз кылат;
– жумуш берүүчүнүн талаптарына жарандардын квалификациялык жактан ылайык келишин белгилөө боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
– тышкы миграция чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
– мамлекеттик органдарды санариптештирүүнүн алкагында министрликтердин жана ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалыматтар базасын өз ара макулдашуу боюнча жана белгиленген тартипте пайдаланат;
– мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишинин алкагында байланыштын жана коммуникациялардын мамлекеттик, ошондой эле атайын системаларын белгиленген тартипте пайдаланат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикадан тышкары жакта каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялайт;
3) координациялоо жана мониторинг функциялары:
– чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жалдоо жана жумушка кабыл алуу шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелери боюнча ишке методикалык жетекчилик жүргүзөт жана координациялайт;
– Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзгөн жеке менчик агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
– бош орундардын жармаңкелерин өткөрөт;
– жумуш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алып, чет өлкөгө ишке орношуу үчүн жөнөтүлүүчү жарандардын ден соолугунун абалын медициналык текшерүүдөн өткөрүү маселелери боюнча медицина мекемелери менен өз ара аракеттенет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тартипте эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан демөөрчүлүк, кайрымдуулук, гуманитардык жана башка жардамдарды тартат;
– мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда көмөк көрсөтөт;
– ишке орношуу максатында чет өлкөгө кетип жаткан жарандарды кетүүнүн алдында окутуу боюнча уюмдарга көмөк көрсөтөт, ошондой эле өз алдынча окутууну жүргүзөт.

5.Борбордун укуктары
Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте өз алдынча, анын ичинде кызыкдар министрликтер, административдик ведомстволор, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
2) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга байланышкан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана меморандумдарды түзүүгө;
3) өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка жалдаган же мындай жалдоого түрткү берген жумуш берүүчүлөр менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүргүзүүгө;
4) түзүлгөн келишимдерге ылайык иштөө үчүн кадрларды тандоону, кесиптик жарактуулугуна тестирлөөнү уюштурууну, тышкы эмгек рыногундагы мыйзамдар менен тааныштырууну жүргүзүүгө;
5) чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнө ылайык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
6) Борбордун ыйгарым укуктарынын алкагында жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн макулдашуулардын (келишимдердин) негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары менен аларды ишке орноштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө;
7) миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;
8) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана коомдук уюмдардан маалыматтарды суроого жана алууга;
9) Министрлик менен макулдашуу боюнча бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
10) товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүргүзүүгө;
11) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча жарнамалык-басма ишин жүргүзүүгө, конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарын ишке ашырууга.
6. Борбордун ишин уюштуруу
12. Борборду Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин (мындан ары – министр) сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
13. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат, алар “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Борбордун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

14. Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министр бекитет.
15. Директор:
1) Борбордун ишин уюштурат жана ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга, финансылык-чарбалык иштин ченемдерин сактоого жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, башка мекемелер, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк адамдар менен болгон мамилелерде Борбордун атынан чыгат;
3) белгиленген тартипе Борбордун мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
4) Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрге бекитүүгө киргизет;
5) тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө, ошондой эле тышкы рынокто Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
6) өз компетенциясынын алкагында буйруктарды чыгарат;
7) Борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
8) Борбордун кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте министрге киргизет;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат;
10) өзүнүн компетенциясынын алкагында Борбордун атынан ишеним катты тариздөөсүз келишимдерди жана макулдашууларды түзөт.
16. Борбордун директорунун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басары болот.
Борбордун директору жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
7. Борбордун мүлкү жана финансылык каражаттары
17. Борбордун финансылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын;
2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын;
3) гранттык, кайрымдуулук жана гуманитардык жардамдардын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын.
18. Борбордун мүлкү негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттардан, ошондой эле наркы өзүнчө баланста чагылдырылуучу материалдык-техникалык баалуулуктардан турат. Бюджеттик каражаттардын жана башка булактардын эсебинен сатып алынган мүлк ыкчам башкаруу укугунда Борборго таандык.
19. Финансылык каражаттар жана мүлктөрдү тескөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин финансы каражаттары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте пайдаланылат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринде (тизмесинде) каралган кызматтарды көрсөтүү үчүн финансылык каражаттар Борбордун атайын эсебине түшөт;
3) Борбордун атайын эсебиндеги каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
20. Борбор мамлекеттик отчеттуулуктун белгиленген формалары боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана отчет берет.
8. Борборду кайра түзүү же жоюу
21. Борборду кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
22. Борборду жоюуда документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

81) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат;
10) өзүнүн компетенциясынын алкагында Борбордун атынан ишеним катты тариздөөсүз келишимдерди жана макулдашууларды түзөт.
16. Борбордун директорунун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басары болот.
Борбордун директору жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)