Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-январы № 13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
- 1.7, 2.3, 2.6, 2.7, 2.10-4 - 2.10-7, 2.10-11, 9.1, 9.3, 9.5, 9.6, 9.8, 9.11, 10.1, 10.2, 10.4, 10.5, 11.1, 12.1, 12.2, 12.4, 12-1.2, 12-1.5, 12-1.7, 12-1.8, 12-1.11, 13.1, 15.2-пункттарында "финансы" деген сөз "коммерция" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.4. Төмөнкүлөр мамлекеттик орган - контролдонуучу продукциялардын айрым түрлөрү боюнча эксперт болуп эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оору козгогучтары (патогендери), генетикасы өзгөртүлгөн микроорганизмдер, уу заттар, жабдуулар жана технологиялар боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - химиялык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттар, жабдуулар жана технологиялар боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - ядролук материалдар, жабдуулар, атайын ядролук эмес материалдар жана тиешелүү технологиялар боюнча;
4) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - кош багыттуу жабдуулар менен материалдар жана ядролук максаттарда колдонулуучу тиешелүү технологиялар боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - ракеталык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулар, материалдар жана технологиялар боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - куралдарды жана аскер техникасын жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарлар жана технологиялар боюнча;
7) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - өнөр жай багытындагы жардыргыч заттар боюнча.";
- 9.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги акыркы пайдалануучунун сертификатын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызыкдар мамлекеттик органдары менен ТЭМ катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин алдын ала макулдашуудан кийин берет:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оору козгогучтарын (патогендерди), микроорганизмдердин генетикалык өзгөрүлгөн түрлөрүн, уу заттарды, жабдууларды жана технологияларды алып келүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен - химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттарды, жабдууларды жана технологияларды; ядролук материалдарды, жабдууларды, атайын ядролук эмес материалдарды жана тийиштүү технологияларды алып келүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен - кош багыттагы материалдар менен жабдууларды жана ядролук максатта колдонулуучу тиешелүү технологияларды; ракеталык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдууларды, материалдарды жана технологияларды; куралды жана аскердик техниканы жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарларды жана технологияларды алып келүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен - өнөр жай багытындагы жардыргыч заттарды алып келүүгө.";
- 12-1.3-пункту төмөнкүдөй редакция да баяндалсын:
"12-1.3. Контролдонуучу продукциялардын транзитине Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитти ишке ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги уруксат берет.";
- 12-1.4-пунктундагы ", архитектура, курулуш" деген сөздөр алып салынсын;
- 14.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14.3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги экспорттук контролдоонун эл аралык режимдеринин контролдук тизмелериндеги өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты топтоо боюнча туруктуу иш жүргүзөт, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жаңылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте демилгелейт.";
- жогоруда аталган Жобонун 2, 3, 6, 8-тиркемелеринде бардык текстинде "финансы" деген сөз "коммерция" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Акыркы пайдалануучунун сертификаты | ||
1. Импорттоочу, анын дареги, телефону | 2. Импорт өлкөсү | |
3. Экспорттоочу, анын дареги, телефону | 4. Экспорт өлкөсү | |
5. Акыркы керектөөчү, анын дареги, телефону жана ишинин жааты | ||
6. Продукциянын аталышы жана мүнөздөмөсү | 7. Продукциялардын ТЭИ ТН боюнча коду | 9. Жалпы наркы (миң) төлөө валютасы: Сом АКШ доллары |
8. Продукциянын контролдоо тизмеси боюнча коду | ||
10. Сертификатты суратуу үчүн негиз | 11. Өлчөө бирдиги | 12. Саны |
13. 6-пунктта көрсөтүлгөн продукция импорттоочу өлкөнүн муктаждыгы үчүн гана пайдаланылары жана экспорттоочу (же продукцияны өндүрүүчү) өлкөнүн экспорттук контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксатысыз реэкспорттолбой тургандыгы ырасталат. | ||
14. Ушул документ ага кол коюлган күндөн тартып алты айдын ичинде экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилүүгө тийиш. | ||
15. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Колу | |
Аты-жөнү Кызмат орду | М.О. күнү | |
".
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ