Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы, 3-пунктундагы жана 55-2-пунктунун 1-пунктчасындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунун 2-пунктчасынын тогузунчу абзацындагы жана 72-пунктунун 2-пунктчасынын онунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
77-пунктунда:
- он экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде конкурсту кайрадан жарыялоодо конкурсту биринчи жарыялоодо берилген бир гана арыз берилсе, анда конкурс бир арыз ээсинин катышуусунда өткөрүлөт.";
- он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул пунктта каралган учурларды кошпогондо, конкурска бир гана арыз ээсине уруксат берилсе;";
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |